Ажыкулов: "Бизнес омбудсмен институтун түзүү учур талабы"

Темир Ажыкулов, ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу төрагасы Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Темир Ажыкулов, ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу төрагасы

Кыргызстанда бизнес омбудсмен институту жаңы жылга чейин ишке кирет. Учурда бул багытта ондон ашык бизнес ассоциациядан турган жумуш топ иш алып барууда.

Өлкөдө бизнес омбудсмен институтун түзүү маселеси 5-6 жылдан бери айтылып келет. Бирок иш жүзүндө өкмөт белсенип олуттуу кадамдарга бара элек болчу. Жакынкы күндөрдөн тартып мындай демилгени мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков баш болуп колдоого алганы байкалды. Ал бир нече күн мурун Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушууда мамлекет бизнести колдоого даяр экенин айтып, ал үчүн атайын бизнес омбудсмен институту ишке кирерин маалымдаган эле.

"Биз бизнесмендердин укугун коргой турган аянтча түзөбүз. Институттун алдында өнөр жайды жана ишкерликти колдой турган комитет түзүлөт. Ал комитетке бизнес жана бийлик бутактарынан өкүлдөр кирет. Мен өзүм баш болуп башында турам".

Бизнес омбудсмен деген эмне?

Бизнес омбудсмен- жөнөкөй тил менен түшүндүргөндө ишкерлердин укугун коргоочу адвокат катары иш алып барат. Кыргызстан бул багытта Украинанын бизнес омбудсменин тажрыйбасын алууда. Институтту негиздөөдө мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөйт, донорлор тарабынан каржыланат. Ал эми омбудсмен көз карандысыз болуп, атайын байкоочу кеңеш тарабынан беш жылга шайланат.

"Бизнес акыйкатчыны шайлоодо ишкерлер бир добушка, өкмөт бир добушка жана донорлор бир добушка ээ. Бизнес омбудсмен мамлекеттик орган менен бизнести байланыштыруучу институтка айланат. Ал бизнести коргоодо мамлекеттик органга өз таасирин тийгизип, маселе жаралган учурда алардан жооп талап кыла алат",- дейт экономика министринин өкүлү Акылай Кожомбердиева.

ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу төрагасы Темир Ажыкулов, Кыргызстанда бизнес омбудсмен институтун түзүү учур талабы экенин айтат. Анын баамында, өлкөдө мыйзам жакшы иштебегендиктен, ишкерлердин укугу тебеленген учурлар арбын. Бирок бизнес омбудсмен институту түзүлгөндөн кийин ишкерлердин телегейи-тегиз болуп калат деп айтууга болбойт. Ошондой болсо дагы кандайдыр бир деңгээлде алардын иш алып баруусуна жеңилдетилген шарттар түзүлөт.

"Бул бара-бара укук коргоо же башка мамлекеттик органдар тарабынан мыйзам бузууларды, ишкерлерге болгон тоскоолдуктарды жөнгө салат деген ойдобуз. Учурда Украинанын бизнес омбудсменинин ишине күбө болуп жатабыз. Ал жылына канчалаган талаш-тартыш маселелерди жөнгө салып, канчалаган каражаттарды мамлекеттин бюджетине же тескерисинче ишкерлерге кайтарып берип жатат. Бизде дагы жакшы жыйынтыгын берет деген үмүт бар".

Бизнес омбудсмен дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде иш алып барып өзүнүн жемиштүү жыйынтыгын берип келет. Мындан эки жыл мурун коңшу Казакстанда дагы иштей баштаган.

Казакстанда жана Орусияда бизнес омбудмен мамлекет башчы тарабынан дайындалат. Ал эми парламенттик деп саналган Бельгия, Австрия, Израиль мамлекеттеринде бизнес омбудсмен парламент тарабынан шайланат. Ошондой эле бизнес омбудсмен институттары Дания, Норвегия, Швеция, Нидерландия жана Улуу Британия мамлекеттеринде дагы бар.

Тектеш темалар