Кыргызстанда майыптар менен айылдык аялдарды басмырлаган мамиле

Кыргызстандагы майып адамдарга жана айылдык аялдарга карата стереотиптерди аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу борбор калаада жыйын өтүп, уюштуруучулар кеңири маалымат беришти.

gra1

Мындай изилдөө "Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фонду, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Финляндия ТИМнин колдоосу менен өткөрүлдү.

"Майып адамдарга жана айылда жашаган аялдарга карата калыптанып калган терс көз-караштар алардын коомго аралашуусуна тоскоолдуктарды жаратат. Психологиялык жактан оордук келтириши мүмкүн. Калктын аярлуу катмарына карата басмырлоонун тамырын кыркуу зарыл. Бул мамлекеттик масштабдагы мүнөзгө ээ болуп баратат. Мындай мамиле катардагы эле адамдарда эмес, мамлекеттик кызматкерлер арасында да жайылган",-деп айтылат изилдөөдө.

gfa2

Изилдөөдөгү жалпы көрсөткүчтөр:

2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 183,4 миңди түздү, бул калктын санынын үч пайызына барабар. Майып балдардын саны калк арасындагы балдардын жалпы санынын 2,5 пайызын (29,9 миң бала) түзөт.

Кыргызстандагы майып адамдардын арасында 28% экономикалык жактан активдүү деп эсептелет, алардын ичинен 20% иш менен камсыз болгондор.

gra5

Айылдык аялдар жөнүндө маалыматтар (изилдөөдөгү көрсөткүчтөр):

2018-жылга карата Кыргызстан калкынын 2 млн.41 миңи аял. Бул өлкө калкынын 65% түзөт.

2009-жылдагы калкты кайра каттоонун жыйынтыгы айылдык аялдардын билим деңгээли шаарга караганда төмөн экенин көрсөтөт. Шаарда жогорку жана орто кесиптик билим алгандар айылга караганда эки эсеге көп.

Айылдык аялдар шаардык аялдарга караганда 4 эсеге көбүрөөк акы төлөнбөгөн үй эмгегин аткарышат.

2016-жылы саясий, муниципиалдык кызматтарда эмгектенген аялдардын үлүшү 4,5% түзгөн. (ErA)

graf4
graf5
graf6
graf7

.