Ч. Абыкеев: "Бриллиант жылан" кыргыз адабиятын солк эттирип койгон
- Абдыбек Казиев
- Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Ч.Абыкеев: Бриллиант жылан жөнүндө укмуш легенда бар. Бирок китептин өзү экиге бөлүнгөн эмес, бир эле китеп. Бул китеп да бар дешет. Ошол Бриллиант жылан менен китепти бириктиребиз деп жүргөндөр чындап эле бар.
Бир топ жыл мурун "Бриллиант жылан" деген китеп чыгыптыр деп, талашып окугандарга күбө болдук эле. Ал окулуп эле тим калбай, кайрадан кызуу талкуунун темасына айланганын көбү унута элек. Ал тургай, "бриллиант жыландын өзү ушул биздин тоолорго катылыптыр" деп, ого бетер дуулдаткандар да болду.
Би-Би-Си Улуттук жазуучулар союзунун мурдагы жетекчиси Чолпонбек Абыкеевге кайрылып, чыгармаңыздын сиз күткөндөн да арбын окулушунун сыры эмнеде деп ойлойсуз деген суроо узатты?
Ч.Абыкеев: Чыгыш философиясына салып, айтайын деген оюмду өтө тереңге катып койсом керек. Ошондуктан көпчүлүк окурман мунун курч окуясына, анан окуялардын бат-баттан алмашканына алаксып кетип, менин айтайын деген оюмду таппай калгандары да бар. Айрымдар "мен экинчи жолу окуганда гана түшүндүм"деп калышат. Эң башкысы, эки башка калган китеп жана "Бриллиант жыландын" өзү тууралуу.
Сүрөттүн булагы, Reuters
Гонконгдун жашоочусу "Көгүш Ай" деп аталган бул асыл ташты 48,5 миллион долларга сатып алган. Бул эң кымбат бриллианттын бири
"Бриллиант жылан" - бул байлык. Китептин бири - бийлик, бири - акыл-эс, билим. Мына ушул үчөө биригип бир кишинин колуна топтолсо, ошол киши бийликке келсе, мамлекет гүлдөп өнүгөт. Булардын бирөөсүэле кем болуп калса, оңунан чыкпай калат. Ачык мисал келтирейин, Акаевде билим бар болчу, бийликке келди, бирок, анда байлык жок эле дүнүйөнүн кулу болуп калды. Бакиевде байлык бар эле, бийликти алды, бирок, билими жогунан ал да жыдыды.
Ушул үчөөнүн биригиши өтө татаал деген ойду "Бриллиант жыланда" өтө тереңге катып койсом керек.
Би-Би-Си: "Бриллиант жыланды" башына жаздап окуп, мындан сюжети укмуш көркөм тасма жаралмак дегендер да болду окшойт...
Ч.Абыкеев: Андайлар көп болду. Бирок эми бул - чоң чыгарма. Окуялар тиягы Кытай, Пакистан, Индия, Афганистан, Европаны, биягы - Россияны камтыйт. Эгерде кино тартам десе, аябай чоң каражатты талап кылат. Бирок каражат тапсам эле тартмакмын дегендер азыр да четтен чыгат.
Сүрөттүн булагы, EPA
Өтө сейрек көк бриллиант
Би-Би-Си: Ошентип кыялдангандар менен катар эле, бул чыгарма окурмандардын утурумдук гана көңүлүн бөлдү, андан артык бийиктикке чыга алган жок деген сындар да айтылып жүрөт.
Ч.Абыкеев: Бардык нерсеге сын айтылат. Учурунда нечен ачуу сындарды Чыңгыз Айтматов да уккан. Жакшы көргөн жазуучум Габриель Гарсиа Маркес да уккан. Мен ага эч убакта терикпейм. Бир эле нерсе айтайын, "Бриллиант жыланды" жазганыма 20 жылдын жүзү болду. 90 миң нуска менен чыкты. Былтыр эле мына 6 миң нуска менен кайра бастырышып, дале окулуп жатат. Балким, "Каныбек" ушундай окулгандыр. Андан башка чыгарманын мынчалык окулганын билбейт экем. Бир убактарда айтышты эле: "Абыкеев "Бриллиант жыланы " менен 20 жылдан бери окурмандарды "барымталап" алды, башка чыгармаларга орун бербей жатат" - деп.
Ошол сыяктуу "Бриллиант жыландын" деңгээлинде окула турган чыгарма жарала элек. Бул эми чындык.
Би-Би-Си: Ошончолук окумдуу, ошончолук нускалуу болсо, эмне себептен мамлекеттик бир да сыйлыкка көрсөтүлүп же чет тилдерге которулбай келет?
Ч.Абыкеев: Орус тилине которулган. Эсептем көрсөм 20 жылдан бери опппозицияда жүрүптүрмүн. Бизде сыйлык кандай жол менен ыйгарылат? Кийинки учурда бийликке кызмат кылсаң, сыйлык берет.
Ансыз таш балекет да жок. Сыйлык десем, эчак эле "Эл жазуучусу" болмокмун. Мен үчүн 90 миң нускада китебим басылып, бүткүл кыргыз элиме "Абыкеев" деп ысымым чыгып турганы сыйлык.
"Баланча" деп атын атабай эле койгонум оң, бир жолу бир Кыргыз эл жазуучусу менен айтыштым. Ошондо көчөгө чыгып 20 кишиден сурайлы дедик, ошонун ичинен экиден бири мени тааныбай койсо, анда мен сага жеңилдим дедим. Чыгалы десем, коркуп чыкпай койду. Себеби өзүн бир да киши тааныбасын сезди өңдөнөт.
Он беш жыл бою "Аалам" гезитинде башкы редактор болдум. Редакцияга жеке мактоолор жаайт эле, гезитке бастырчу эмесмин. Буга кесиптештер күбө. Чыгармаларым кыргыз тилинде эле калып калбай, айрымдары орус тилине да которулду. Мисалы "Көр пенде" деген чыгармам жөнүндө сынчылар тарабынан жакшы пикирлер айтылды. Орус тилине которулгандардын ичинен ушул чыгармама көп мактоолорду уктум. Келечекте уйгур тилине которулуп, балким андан да тереңдээр.
Сүрөттүн булагы, facebook
Улуттук жазуучулар союзунун мурдагы жетекчиси Чолпонбек Абыкеев
Би-Би-Си: "Бриллинат жылан" кайсы жанрга туура келет? Курч сюжеттүү роман, фантастика деп талкуулап калышат.
Ч.Абыкеев: Негедир кыргыз прозасында прозалык чыгармалар өтө тар алкактан чыга албай келет. Балким буга социализмдин таасири тийгендир. Балким Ч.Айтматов ушунчалык дүйнө дүңгүрөткөн чыгармаларды жаратып, башкалар мен да ошондой жазам деп турмуштук чыгармаларга байланып калгандыр? Так жооп жок. Эмне себептен биздин кыргыз прозасында курч окуялуу чыгармалар жок деп такай ойлоном.
Коркунучтуу мазмундагы, же дагы башка. Джек Лондон, Марк Твен жазгандай курч окуялуу чыгармалар бизде жок. Фантазиясы аябай күчтүү "Манасты" жараткан элбиз. Канча эпосторубуз бар, "Эр Төштүгүбүз" жер алдына жүрөт, "Кожожашта" Кайберен сүйлөп атат дегендей. А эмне себептен биз ошону адабиятка сала алган жокпуз? - мына ушул суроо дайыма көкүрөгүмдө жүрөт. Чыгармачылык эркиндик тийип калганда, мен ушул эле кыргыздын шумдуктай ой жүгүртүүсүн кичине-кичине жуурулуштуруп, "Бриллиант жыланды" жаздым, тереңдете алган жокмун.
Чындыгында, "Эр Төштүк", "Кожожаш" сындуу эчки-теке менен сүйлөштүргөн жокмун. Анткени азыр элибиз өзгөчө реалист болуп калган. А эгер эчки-теке менен сүйлөштүрүп койсом, Абыкеев айнып калыптыр дегендер чыгаары бышык. Кайсы бир деңгээлде дүйнөлүк ужас жанрын кыргыз прозасына киргизе алдым, муну ачык эле айтам. Андан кийин меникинен ашырабыз деп ужастарды чыгарып, жазып ийишти.
Би-Би-Си: Өзүңүз мен баштагандан кийин андан да ашынып кетишти деп айтып калдыңыз. "Окурмандын табити, адабияттын деңгээли түштү" деген сындар көп айтылып жаткан чакта, ошого мен да "салым" кошуп калдым деп түпөйүл болбойсузбу?
Ч.Абыкеев: Төмөндөп кетти же өйдөлөп кетти деген формада эмес, окурмандардын кабыл алуусунан каралчу маселе да. Бир учурда Джек Лондон каяктагы эле бир окуяларды жаза берип, адабияттын деӊгээлин төмөндөтүп жиберди деп ойлошкон. Кийин Джек Лондон дүйнөнүн сересине чыга келди.
Эң негизги маселе бул окурманды окутууда. Бүгүнкү күндө китепокубай калды дешет, албетте, окуй турган бирдеме жазбасаңар, эмнеге окуйт? А эмнеге ошол эле учурда "Бриллиант жыланды" жанагынча көп нускада алып, окуп жатат? Кээ бирлердин китебин окубай койгондугу үчүн эле арданып, эч ким китеп окубай калды дешет. Андай эмес, биринчи окуй турган чыгарма жазгыла.
Би-Би-Си: Эми чыгарманын өзүнө кайрылалы. Сиз сюжетти кайдан алгансыз?
Ч.Абыкеев: Көп жерлерине чындыкты кошуп, роман кылып жараттым. Сарыгул деген чын эле агам болгон. Өтө шылуун, тынч жүрө албаган киши эле. "Бриллиант жыландагыдай" эле итти жакшы көрүп, биздин үйгө иттерди топтой турган. Картанын кумарына берилген дагы бир агаларыбыз бар эле. Ошол кишинин алтын жылан жөнүндө легендасын көп уккам. Айтымында, эң мыкты ойногон картежник алтын жылан утуп алат экен. А мен ошол алтын жыланды бриллиант жылан дедим.
Эмне себептен бриллиант? Себеби бриллиант бул байлыктын туу чокусу. Жылан эмне? Бул коркунуч. Байлык деген дайым эле бакыт боло бербейт, бул коркунуч дагы болот. Жылан деген сөздү укканда денең дүр этип коркосуң. Көрсөң эсиң чыгат. Байлык бул деген коркунуч, түйшүк. Байлыктын аркасында азап бар деген символ менен "Бриллиант жылан" деп атагам. Мисалы, ошол эле Мыкынын прототиби болгон.
Кажы-Сайдагы интернатты жаап, балдарды автобус менен алып келип Ош базарына түшүрүп салгандыгы да чындык. Ал чуу учурунда "Дело№", "Аалам" гезиттерине да чыккан. Ошол өткөөл мезгилдеги укмуш окуяларды мен роман кылып жаздым.
Би-Би-Си: Чыгармада мушташ өнөрү менен машыккан далай адам сая түшүп, Бриллиант жыланды издеп атышат. Ал чындап бар экен дегендер менен ал жок дегендердин талашы токтобой келет.
Ч.Абыкеев: Бриллиант жылан жөнүндө укмуш легенда бар. Бирок китептин өзү экиге бөлүнгөн эмес, бир эле китеп. Бул китеп да бар дешет. Ошол Бриллиант жылан менен китепти бириктиребиз деп жүргөндөр чындап эле бар. Бул чыгарма кыргыз адабиятын бир солк этиргенин эч ким танбас.

Роза Айтматова: Чыңгыз айласы кеткенде булакка барып ыйлаган экен
Бүгүн Кыргызстанда репрессия курмандыктары эскерилип жатат. Бир топ тарыхчылардын пикиринде, ошол жылдары калкы миллионго жетпеген Кыргызстанда эле репрессия курмандыктарынын саны 40 миңге жеткен.