Коомдо балага болгон үрөй учурган мамиле

2018-жылдын тогуз айында 122 ата-эне укуктарынан ажыратылган Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2018-жылдын тогуз айында 122 ата-эне укуктарынан ажыратылган

Кичине кызын жанына ээрчитип алып, көчөдө мас болуп сулап жаткан аялдын видеосу коомдун кызуу талкуусуна кабылды. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан аялдын өздүгү такталып, милиция анын жашаган үйүнө чейин барып кабар алган.

Бишкектин тургундарынын бири тартып алган видеодо тестиер кыз энесин колдон тартып, үйгө кетели деп жатканы көргөндөрдүн зээнин кейитти.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Видеодогу мас аялдын үйү

"Бардык материалдар топтолуп, Чүйоблустук ИИББнын жашы жетелектер менен иш алып баруу инспекциясына өткөрүлүп берилди",- деди Бишкек шаардык ИИББнын басма сөз кызматынын жетекчиси Мира Абдылдаева.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Бишкек мэриясынын Балдарга жардам берүү борбору 2017-жылы ар кандай себептерден улам кайрылган 265 балага жардам көрсөткөн

Бактылуу балалык толук кандуу үй-бүлөдө, эне-атанын мээримине бөлөнүп өтүшү керек. Бирок айрым учурда толук эмес, жетип-жетпеген үй-бүлөдө чоңоюп, жакындарынын жана башка жактардын зомбулугуна кабылып, эң өкүнүчтүүсүата-энелеринин терс мамилесинен жабыркаган балдар дагы жок эмес.

Бишкек мэриясынын Балдарга жардам берүү борборунун жетекчиси Динара Давлетбаеванын айтымында, алардын борбору 2017-жылы ар кандай себептерден улам кайрылган 265 балага жардам көрсөтсө, 2018-жылдын тогуз айында 236 балага көмөктөшкөн.

"Зордук зомбулукка кабылган же тынч жашоодо өспөгөн балдардын көбүнүн өзүнө болгон ишеними төмөн болот. Жеке жашоосунда бактысыз болуп калган учурлар арбын. Иш берүүчүгө өзүнүн жөндөмүн толук көрсөтө албагандыктан, жумуш табууда дагы абдан кыйналышат. Көптөр баланы уруп-согуп койсо эч нерсе болбойт, чоңойгондо унутуп калат деп ойлойт. Бирок андай эмес, мындай мамиле баланын чоңойгондо ийгиликтүү болуусуна тоскоолдук жаратат"- деди Динара Даулетбаева.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Бактылуу балалык толук кандуу үй-бүлөдө, эне-атанын мээримине бөлөнүп өтүшү керек

Кыргыз коомунда балдар биздин келечегибиз деген түшүнүк кеңири тараган. Бирок ЮНИСЕФтин балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Луучо Сарандреанын айтымында, балдарды келечек катары гана бөлүп кароо туура эмес.

Алар биздин учур чагыбыз дагы болушу керек. Балдар үчүн максаттарын, кыялдарын, идеяларын кичине чагынан ата-энелер менен бирге талкуулап, ишке ашыруу өтө маанилүү.

"Балдар менен кантип туура иш алып баруу керек? Мына ушул багытта тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштеп жатабыз. Балдар жана ата-энелер үчүн атайын окуу программаларын киргизүүнү көздөп турабыз. Ал жакта балдарга күч колдонбой туура тарбиялоо, балдардын дүйнө таанымын кичинесинен кеңейтип, жашоого даяр кылып чоңойтуу маселелери камтылган. Жакында эле интернетте тараган видеодогу окуя өтө терс көрүнүш. Мен муну балага болгон кайдыгер мамиле катары сыпаттаар элем. Коомдо мындай көрүнүштөрдү азайтууга аракет жасашыбыз керек".

Адистердин баамында, балдардын алдында ата-энелердин жоопкерчилигинин төмөндөп кетиши, деги эле үй-бүлө баалуулугунун жоголуп жатышы Советтер союзу тарагандан баштап күч алган. Ошол жылдары кыйынчылыктардан улам ар ким өзарбайын өзү согуп, идеологиялык баалуулуктар арткы планга жылыпкалган.

Ошондой болсо дагы балдардын укугун коргоо боюнча мурдагы постсоветтик мамлекеттердин арасынан Кыргызстан биринчилерден болуп Балдар кодексин кабыл алынган. Андан тышкары балдар зомбулугуна каршы, балдарга адилет мамиле кылууну камсыздоо сыяктуу бир канча программалар иштеп келет.

Бирок бул программалар канчалык деңгээлде жемиштүү жыйынтык берип жатат, деген суроо ачык бойдон калууда. Анткени ата-энелик милдетин аткарбагандыгы, укуктарынан кыянаттык менен пайдалангандыгы, арак ичип, баңгизат колдонуп балдарынын өмүрүнө зыян келтиргендиги жана башка ушул себептерден улам жылына жүздөгөн ата-энеукуктарынан ажыратылат.

Маселен, 2017-жылдын тогуз айында алардын саны 101 кишини түзсө, 2018-жылдын тогуз айында 122 ата-эне укуктарынан ажыратылган.

Тектеш темалар