Лунара Мамытова: Шыктандырайын десем, шылдыңга айлантышты

Л. Мамытова: Балким, ырчы болсом, бул мен үчүн жакшы болмоктур. Аткени өзүңүздөр билесиздер чет өлкөлөрдө атайын акча менен ушундай пиарларды уюштуруп, даңазалап, акча тапкан мисалдар бар.
Image caption Л. Мамытова: Балким, ырчы болсом, бул мен үчүн жакшы болмоктур. Аткени өзүңүздөр билесиздер чет өлкөлөрдө атайын акча менен ушундай пиарларды уюштуруп, даңазалап, акча тапкан мисалдар бар.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытованын социалдык баракчасына жазган пикири талаш талкууну баштап, аягы тыйылбай турган чак. Бул талкуу "айрым министрлер жана орун басарлары чет жерде ой кырынча саякаттап жүрөт" деген мазмундагы чуулу кеп чыккан учурга туш келди.

Би-Би-Си министрдин орун басары Лунара Мамытовага кайрылып, жазган пикириңиз ушундай чуу жаратат деп күттүңүз беле деген суроо узатты

Л. Мамытова: Ар ким ар кандай калчап, башкача өңүткө эле буруп салды. Негизи менин постум, жакшылыкка, мотивацияга үндөгөн чакырык болгон. "Дүнүйө чогултпай дүйнөбүздү кеңейтели, бүгүнкү убакытты баалайлы. Каяктагы актануунуга, шылтоолорго жол бербейли, көрө албастыкты жоготолу, токтотолу", деген ойду жазгам. Эң негизги мазмуну ушул эле.

Мен бир эже менен сүйлөшүп калсам, ал эже пенсионер экен. Бирок бүгүнкү күндө да мугалим болуп иштеп жатат. Сөз арасында "мен ушинтип жыл сайын сыртка чыгам, эс алам"- деп, калды. Мен: "Эже кандайча, сиз кантип сыртка чыгып жатасыз, каражатты кантип топтоп атасыз?" - деп таң калдым. "Лунара, мен иштеймин, максат коюп алам да анан пенсиямды акырын топтой берем. Атайын туристик компания менен дагы сүйлөшүп алгам. Эгерде жанагындай текейдей арзан тур, жолдомолор, акциялар болгондо мага билдирип койгула сыртка чыгам деп макулдашкам",- деп жооп берди. Мен ушуну башкаларга да мисал кылгым келген.

Бул пост менен пенсионерлердин баары жыргап-куунап атат деген ой айтылган жок. Андай сөз да жок. Далай пенсионерлер миң сомдон араң эле ашкан пенсия алып жатканынан менин да толук кабарым бар.

Би-Би-Си: Сиз оюмду такыр эле башка өңүткө буруп кетишти деп айттыңыз. Буга кимдерди айыптап жатасыз? Журналисттердиби же социалдык тармактын колдонуучуларынбы?

Л. Мамытова: Биздин журналистиканын көйгөйүн айткым келет. Айрымдары контексттен сууруп алып "сенсация тартуулап атам" деген ой менен убара. Бөйрөктөн шыйрак чыгармай. Мунун дал ошондой кылып бирөө чыгаарды, ошону далайлары илип кетип, жарыялап, талкуулап эле жатып калды. Жыйынтыгында менин жазганымдын түп нускасын көрбөгөн киши "апей, чындап эле бул эч нерсе билбейт турбайбы" деген ойдо калат. Негизи посттун өзүн окуса такыр башка.

Би-Би-Си: Балким, ошол контекстен бөлүп албаганда постто баардыгы түшүнүктүү, жеткиликтүү жазылганбы же жазып жатып сизден да кемчилик кеткенби? Кандай ойдосуз?

Л. Мамытова: Жакшы деген кийимди, жакшы күндөрдү азыр колдоно бил. Жакшы адамга жакшы сөзүңдү азыр сүйлөй бил деген мааниде жазылган. Ошондуктан мен азыр дагы ал постту өчүргөн жокмун. Анткени кайра- кайра окудум. Өзүм түшүндүм.

Муну да окуңуз:

Би-Би-Си: Мына азыр сиз интернет колдонуучуларынын тепкисинде калдыңыз. Ушундай шартта сиз эмнени түшүндүңүз, коомдук медианын күчү канчалык экен?

Л. Мамытова: Балким, ырчы болсом, бул мен үчүн жакшы болмоктур. Аткени өзүңүздөр билесиздер чет өлкөлөрдө атайын акча менен ушундай пиарларды уюштуруп, даңазалап, акча тапкан мисалдар бар. Бул бизнес болуп калган. Мен мисалы мамлекеттик кызматкер катары, мындай бир туура айткан пикириңди деле башкача бурмалап кетишет экен дегенди албетте түшүндүм.

Менимче азыр социалдык түйүндөрдө чыккан материалдар желдей тарап, тез натыйжасын берип жаткандай сезилет. Кээде бирөө тууралуу жазылса арыдан бери колдон-буттан алып, жардам берип кетип аткан учурлар арбын. Бул жакшы жагы. Чындыгында инернеттин күчү, таасири өтө чоң.

Би-Би-Си: Сиз бул чуулу постту өзүңүзгө кайсы бир деңгээлде сабак болду деп, жыйынтык чыгардыңызбы?

Л. Мамытова: Демек, мындан ары өзүңдүн оюңду жазуунун деле кажетин көрбөй калдым. Эгер мен жөнөкөй жаран болуп, өзүмдүн оюмду жазсам, ал туура кабыл алынмак.Мени эч ким сындамак да эмес. Мамлекеттик кызматкер катары жазган ойду, ушундай бир шашылыш, тескери жакка бургандар чыкты. Балким, бул алар үчүн пайда.

Мен болгону ачык болгонго аракет кылдым, сүрөттөрүмдөн баштап жашыра турган эч нерсем жок.

***

Тема боюнча башка макалалар