Тергөө судьясы деген эмне?

2017-жылдын тогуз айында 340 тергөөчү тартиптик жаза алган Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2017-жылдын тогуз айында 340 тергөөчү тартиптик жаза алган

Кылмыш-процессуалдык кодексинин жаңы редакциясына ылайык жаңы жылдан тарта сот системасында тергөө судьясы деген институт ишин баштайт.

Ал кылмышка шектүүнүн же айыпталуучунун бөгөт чарасын аныктап, тергөөнүн чечимдерин көзөмөлдөйт. Коомчулуктун тергөө кызматына ичи чыкпай турган чакта, аталган институт тергөөчүлөрдүн ишин жакшыртып, алардын мыйзам чегинде иш алып баруусун канчалык деңгээлде камсыздай алат?

Жаңы жалдан тарта ар бир тергөөчүнүн жана прокурордун чечимдери тергөө судьясы тарабынан көзөмөлдөнө баштайт. Тергөөчүлөр жана прокурорлор сотко чейинки өндүрүш иштеринде тергөө судьясы менен тыгыз иш алып барат. Тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде иш алып барууга милдеттүү.

"Тергөө судьясынын чыгарган токтому беш күндүн ичинде даттанууга жатат. Алардын укуктары жана милдеттери өтө чоң. Бул биз үчүн жаңы институт. Мурда Кыргызстанда мындай институт болгон эмес. Ал эми тергөө судьясы чыгарган токтомдун беш гана түрү даттанууга жатат. Биринчи, бөгөт коюу чарасын камакка алуу, экинчи, анын мөөнөтүн узартуу, үчүнчү, тинтүү, төртүнчү мүлктү камакка алуу, бешинчи, тергөөчүнүн аракети боюнча арыз түшкөндө токтом даттанууга жатат",- деди Жогорку соттун мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Расия Эралиева.

Тергөө судьялары коңшу мамлекеттерде ийгиликтүү иштейт

Кыргыз коомунун тергөө кызматына болгон ишеними өтө төмөн. Көпчүлүк учурда тергөөчүлөр тарабынан мыйзам сакталбай, жарандардын укуктары тебеленгени тууралуу нааразы пикирлер айтылып келет.

Ички иштер министрлиги дагы мындай кемчиликтерди мойнуна алат. Алардын маалыматына ылайык, ИИМ кызматкерлеринин ичинен арыздардын көпчүлүгү тергөөчүлөрдүн дарегине түшөт.

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башкармалыгынын башчысы Бегалы Пирматовдун айтымында, тергөө судьясы институтунун ишке кириши мындай терс көрүнүштөрдү жоюуга мүмкүнчүлүк түзөт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 2018-жылдын тогуз айында 4 тергөөчү ИИМден кеткен

"Бул ыкма эл аралык практикада колдонулат. Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдөн Украинада, Казакстанда, Грузияда жана Прибалтикада мындай институттар ийгиликтүү иштеп жатат. Маселен, Казакстанда тиешелүү мыйзам 2014-жылы кабыл алынып, 2015-жылы күчүнө кирген. Тергөө судьясынын болуусу көп коррупциялык элементтерди жок кылат", -деди ал.

Учурда жарандар тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп арыз менен кайрылган кезде, ал түшүнүк кат алуу менен гана чектелет.

Тергөөчүлөр кызматтан алынып же кылмыш жоопкерчилигине тартылган фактылар жокко эсе. Жаңы жалдан тарта ишке кирчү жазык процессуалдык кодекске ылайык, жарандар тарабынан тергөөчүлөрдүн дарегине келип түшкөн арыздар, тергөө жолу аркылуу толук текшерилет.

"Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, келип түшкөн арызды алгачкы текшерүү убагында карама-каршылыктар пайда болуп, беттештирүү керек болуп калса бул ишти тергөөчү толук жүргүзө албайт. Анткени мыйзам жол бербейт. Ал үчүн иш козгоо керек. Көпчүлүк учурда иш козгогонго негиз жетпей калат. Ал эми жаңы процессуалдык кодекс боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине арыздар катталгандан тарта, толугу менен тергөө аракеттерин жүргүзүү жолу менен текшерилет жана чечим кабыл алынат. Башкача айтканда, сурак, беттештирүү же тинтүү сыяктуу тергөө аракеттеринин баары жүргүзүлгөндөн кийин кылмыштын курамы жок болсо, анда өндүрүш кыскартылат", -деди Бегалы Пирматов.

Тартиптик жаза алган тергөөчүлөр

Ички иштер министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2017-жылдын тогуз айында 340 тергөөчү тартиптик жаза алган. Алардын ичинен 25 киши ээлеген кызматынан кеткен. 41 кызматкерге ээлеген кызматына ылайыктуу эмес деген эскертүү берилген. 75 кызматкер катуу сөгүш алса, 120 тергөөчү сөгүш, 79 тергөөчү эскертүү алган.

Ал эми 2018-жылдын тогуз айында дагы 300дөн ашык тергөөчү тартиптик жаза алган. Алардын ичинен 4 кызматкер ИИМден кеткен. 13 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. 21 тергөөчүгө ээлеген кызматына ылайыктуу эмес деген эскертүү берилген. 72 тергөөчүгө катуу сөгүш жарыяланган. 142 кызматкерге сөгүш жарыяланып, 72 кызматкерге эскертүү берилген.

Тектеш темалар