Жээнбековдун бир жылы: Ой жетип, бирок кол жете элек иштер

Жээнбеков былтыр 15-октябрда президент болуп шайланган Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда президент болуп шайланган

Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланганына туура бир жылга таяп, айрым саясий күчтөр анын бул убакытта аткарган иштери боюнча отчетун күтүп жатышат.

Кумтөр, Дача-Суу, Бакиевдердин улутташтырылган мүлкү, коррупцияга каршы күрөш, сот реформасы боюнча эмне иштер жасалганы тууралуу суроолор көтөрүлүүдө.

Жээнбековго Пашинян үлгүбү?

Шаршембиде бир катар саясий күчтөрдун башын бириктирген бирикме -Туруктуу элдик кеңештин жетекчилиги жыйынга чогулуп, күзүндө элдик курултай өткөрүү чечимин кабыл алышып, ага президент Сооронбай Жээнбековду чакырышты:

"Бардык саясий күчтөрдүн башын бириктирип, ошол жерде бир диалог кылып, отчетун уксакпы деген ой болуп атат. Жакында эле Арменияда шайланган Пашинян үч ай өтөөрү менен эле аянтка элди чогултуп, өзү кылган иши боюнча отчет бербедиби.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Президент Сооронбай Жээнбековдун расмий кызматына киришүү салтанаты. 24-ноябрь, 2017

Ал эми биздин президентке бир жыл болуп калды, андыктан эл менен болом десе, элге чыгып отчетун берип, пландарын айтсын. Эл да анын ишине баа бериши керек", - деди Туруктуу элдик кеңештин мүчөсү Айбек Мырза уулу Би-Би-Сиге.

Айтымында Жээнбековдун башкаруусуна бир жылга баратса дагы Кумтөр, Дача-Суу, Бакиевдердин улутташтырылган мүлкү, коррупцияга каршы күрөш, сот реформасы, саясий куугунтук менен камалгандар маселеси өңдүү бир катар суроолордун башы ачылбай келет.

Жээнбековдун жетишкендиктери

ТЭК президенттин бир жылкы ишмердигинин ийгиликтүү жактары катары: Бишкек Жылуулук борбору менен Тарых музейин жаңылоодогу кетирилген коррупциялык иштердин ашкереленишин белгилейт:

"Буга чейинки тарыхта мурунку-кийинки премьер-министрлердин камакка алынып, сурак бериши болгон эмес да. Чоң, кол тийбес делген лөк адамдарды камоо - бул президенттин жакшы иш баштаганы. Жарандык коом менен жолугуп, мурункуга караганда ачыктык, эл үнүн угуу аракети болуп атат", -дейт Айбек Мырза уулу.

Жээнбеков президент катары коңшу өлкөлөр менен мамилени жандантканы да анын жетишкендиктеринин бири аталууда.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кыргызстан жана Казакстан президенттери

Шайлоо шарданы менен былтыр президенттик шайлоо алдында бузулган кыргыз-казак мамилеси, андан улам ЕАЭБ ичиндеги салкындоо маселесин чечүү жүгү Жээнбековго Атамбаевден саясий мурас калганы белгилүү.

Бирок Кыргызстанда бийлик алмашканы эки коңшу өлкө аралык мамиле кайра жылып, ал тургай III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна президент Нурсултан Назарбаев, жоон топ башка президенттер катарын толуктагандардан болду.

"Президент күчтүү, аппараты чабал"

Ошентсе да айрым талдоочулар Жээнбеков бир жыл аралыгында тышкы саясатка чындап көңүл бура электигин айтып, ушул убакка чейин башка өлкөлөр менен бир да көрүнүктүү келишим түзүлө электигин жүйөө кылып жатышат.

Соңку бир жыл ичинде өлкөдө президент эле эмес, премьер-министр да алмашты, бирок өлкөдө олуттуу иш жасала элек, дейт саясат талдоочу Нурсултан Акылбек:

"Жээнбековдун президенттикке кириши чоң үмүттөр менен башталды. Өзгөчө анын Коопсуздук Кеңешиндеги күч түзүмдөрүнө айтылган катуу сын-пикиринен кийин, жарандык коом менен жолугушуусунда дагы демократиялык баалуулуктарды колдоорун айткан эле.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Жээнбеков кекчил эмес, ар бир сөзүн маңызы менен сүйлөгөн президент"

Сооронбай Жээнбеков өзүн кекчил эмес, ар бир сөзүн маңызы менен сүйлөгөн президент катары көрсөтө алды. Журналисттерге карата да басмырлоо токтоду. Бирок убакыт тез өтүп жатат. Мына бир жыл болду, көзгө көрүнөрлүк олуттуу иш жасала элек. Кадр саясатындагы дагы президенттин кесипкөй кадрларын көрө элекпиз. Жээнбековдун командасы бар же жок экендиги белгисиз болуп жатат",-деди серепчи.

Тилекке каршы президенттин аппараты тарабынан сот реформасы, күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча иш-чаралар жасала элек. Президенттин аппаратында бул жаатта кесипкөй кеңешчилер, эксперттер жоктугу билинип турат.

"Олуттуу бурулуштар алдыда"

Өлкө башчысы бир жылдык ишмердиги боюнча качан маалымат жыйынын өткөрөрү, деги өткөрөбү да белгисиз. Негизи Жээнбеков башынан эле ММКга көп жакын эместиги маалым. Өкмөт башчы кезинде деле журналисттерге көп маек бербеген аткаминер катары эсте.

Бирок буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков 27-июнда парламент трибунасынан коомчулукка жана депутаттарга кайрылуу жасаган эле.

Өлкө башчысы анда бир катар тармактарда чечкиндүү реформа жүрүп жатканын белгилеп, негизги өзгөрүүлөр кийинки жылдан тарта сезиле баштаарын айткан:

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Президенттин быйыл 27-июнда парламентте коомчулукка жана депутаттарга кайрылуу жасап жаткан учуру

"Биз үчүн 2019-жыл өзгөчө жыл болот. Коомдун жана мамлекеттин турмушундагы жаӊы этап башталат. Сот реформасы — коомду позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келет. Бул жаӊы өзгөрүүлөр дегенибиз — соттук-укуктук чөйрөнү тескей турган жаӊы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кирет. Өлкөбүз ошол жаӊы нормалар менен жашоону баштайт. Баарыбыз ушул олуттуу бурулушка даяр бололу",-деген эле президент.

Президент баштаган дагы бир жакшы саамалык бул - административдик-аймактык реформаны баштоо ниети болууда. Жээнбековдун бул дымагын да Кыргызстанда эчак эле бышып жетилген иш катары колдоого алып жатышат.

Аймактык-административдик реформанын алкагында областтарды жоюп, райондорду ирилештирүү жөнүндө сөз болуп келген. Эми анын кандай варианты экономикалык жана саясий жагынан туура болорун атайы жумушчу топ карап чечиши керек.

Ошентип, былтыр 15-октябрда шайлоодо жеңип чыккан КСДП талапкери Сооронбай Жээнбековдун алты жылдык кызматынын бир жылынын сапары карыды.

Жээнбековдун азырынча ою эле жетип, бирок кол жете элек иштер аягына чыгат деген ишеним кредити эл арасында, жарандык коом ичи, саясий чөйрөдө деле чоң.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар