Башкы прокуратура өкмөттү сотко берди

Акыркы учурларда Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөр көп курулууда Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Акыркы учурларда Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөр көп курулууда

Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн тегерегиндеги жер тилкелерин мыйзамдаштырууну токтотуп койгондугу үчүн өкмөттү сотко берди. Бул маалыматты Жогорку Cоттун басма сөз кызматы тастыктады. Буга чейин Бишкек шаарынын тургундары өкмөттүн бул токтомуна каршы акцияга чыгышкан эле.

Акыркы учурларда Бишкек шаарында көп кабаттуу үйлөр көп курулууда. Бул бир четинен шаардын капталга эмес, бийиктике өсүшүнө өбөлгө түзүүдө. Бирок ошол эле мезгилде балдар аянтчалары, спорт аянтчалар, машина токтоочу жайлар жана жашыл бакча болуучу жерлер дагы мыйзамсыз курулуштарга айланып кетип жаткандыгын айтышууда. Тургундар көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жер тилкелерин мыйзамдаштырып кызыл китеп берүүнү талап кылып келет. "Биздин укук" коомдук фондунун директору Калича Умуралиева.

"Мыйзам боюнча совет мезгилинде курулган үйлөрдүн жанындагы жерлер менчике чыгарылат. Себеби үй дагы менчике чыгарылган. Ошол жер тилкелерге көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар мамкаттоодон кызыл китеп алыш керек. Ал мыйзам боюнча жалпыга тийиштүү менчик үлүш жер. Кээ бир жер тилкелерине тийиштүү документтер жок. Эгер жарандар Бишкек архитектурага кайрылганда алар жерди ченеп чек араларын көрсөтүп проектисин жасап беришет. Проект өкмөттүн 50-токтому менен чыгарылган жана ошону менен жасап жатышат. Бирок азыр 181-токтом менен өкмөт 50-токтомдун жүрүшүн токтотуп койду. Муну менен проект жана кызыл китепти ала албайбыз. Ал эми кызыл китеп жок болсо соттор силердин жер эмес деп айтышууда. Себеби мыйзам боюнча ар бир мүлк жер болобу, үй болобу мамлекеттик каттодон өтүш керек. Ошол себептен көп үйлөрдүн мамлекеттик каттоосу кызыл китеби жок болуп жатат".

Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Тургундар көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жер тилкелерин мыйзамдаштырып кызыл китеп берүүнү талап кылып келет

Кызыл китеп алуу үчүн жарандар тийиштүү органдарга кайрылган учурда, өкмөт 181-токтом менен жер тилкелерге документ берүүнү токтотуп койгондугун айтышууда. Тургундар болсо жер тилкелери ар кандай курулуштар үчүн колдонулуп кетиши мүмкүн деп чочулап жатышат.

Башкы прокуратура жер тилкелерин мыйзамдаштырууну токтотуп койгондугу үчүн өкмөттү район аралык сотко берди. Бул маалыматты Жогорку Соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаева тастыктады.

"Башкы прокуратура өкмөттү район аралык сотко берди. Башкы маселе үйлөрдүн алдындагы жер тилкелери боюнча. Иш 3-октябрь күнү райондор аралык сотуна келип түштү. Иш болсо 5-ноябрга 10.00 гө каралды. Отурум ачык болот. Үчүнчү тарап катары "Биздин укук" коомдук фонду катышууда".

Ал ошондой эле, иш соттук өндүрүшкө алынганын жана соттун чечими массалык маалымат каражаттарына таркатылаарын кошумчалады.

"Биздин укук" коомдук фондунун директору Калича Умуралиева Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болгонго чейин анын өзү дагы жер тилкесин талашып соттошконун айтты. Суракматовдун курулуш компаниясы төрт үйдүн ортосундагы балдар аянтчасына көп кабаттуу үй салам деп чыкканда сот токтотуп калган экен. (KJ)

Тектеш темалар