Кытайдын "сыйкыр суусу" үчүн сыйрылган эшек териси

Кыргызстанда соңку беш жылда эшектин саны эки эсе кыскарып, баасы болсо дээрлик беш эсеге чейин өстү.

Ослы Сүрөттүн автордук укугу LightRocket/Getty Images

Элет жерлеринде эшекти мал катары деле көрүшчү эмес. Аны көлүк катары пайдалангандан башка баасы жок эле. Бирок соңку беш жылда анын териси баалуу болуп чыга келди.

Британиялык "Донки Чарити" кайрымдуулук уюму көбүнчө колу жука, кирешеси аз фермелер чарбасындагы көп иштерди аткарган көлүктөн айрылып калып жатканына кабатырлануусун билдирди. Ошондой эле уюмдун эсебинде, мындай темп менен кетсе, алдыдагы жылдарда экономикасы өнүгүп жаткан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө эшектер тукум курут болуп жок болуп кетиши мүмкүн.

Эшекке болгон талап Кытайда жогору болууда. Бул өлкөдө эшектин терисин атайын затты (эжиао) даярдоого колдонушат. Мурда бул кытай элдик медицинасында колдонулуп келсе, азыр болсо аны косметикада, тамак-аш татымдарында, ал тургай кондитер азыктарында пайдалана башташкан.

"Эжиао" затын чыгарган кытайлык фабрикалардын көбү Донг провинциясында. Бул жердеги эликсирдин баасы абдан кымбат, 250 граммы 3000 фунтка чейин сатылат. Барган сайын өсүп жаткан бул тармакта жылына болжолу 4 миллионго чукул эшектин териси иштетилет.

Калкынын дээрлик 70 пайызы айылда жашаган Кыргызстанда эшекти көлүк катары айыл чарба жумуштарында кеңири колдонушат.

1990-2000-жылдары Кытайдын экономикасы өсүп, эшектин терисинен жасалган дары-дармекке талап кескин күчөгөн. Мындан улам 2016-жылы Кытайда беш миллион гана эшек калган. 1990-жылдары өлкөдө 11 миллион эшек болгону айтылат.

Кытай эшектин терисин негизинен Африкадан импорттойт. Андан улам Кенияда эшектин баасы 325 пайызга өстү. Ботсванада 2011-жылдан 2016-жылга чейин эшектер 60 пайызга кыскарган.

Жергиликтүү экономикага жана тургундарга чоң зыяны тийип жатканын көрүп, тогуз өлкө эшек терисин соодалоого тыюу салган. Бирок муну менен Кытайда "эжиаого" болгон талап төмөндөгөн жок. Тескерисинче, Кытайга коңшулаш турган өлкөлөргө чейин эшекке болгон талап күчөдү. Бул өлкөгө жакын жайгашкан Кыргызстанга дагы мунун эпкини тийди.

Кыргызстан эшекти экспорттоо боюнча 2008-жылы Кытай менен расмий келишим түзгөн.
Image caption Калкынын дээрлик 70 пайызы айылда жашаган Кыргызстанда эшекти көлүк катары айыл чарба жумуштарында кеңири колдонушат.

Кыргызстан эшекти экспорттоо боюнча 2008-жылы Кытай менен расмий келишим түзгөн. Бирок биринчи партиясын бир нече жылдан кийин гана алып чыгышты. Деген менен Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2017-жылга карата эшектин саны 77 миңден 33 миңге чейин кыскарган. 2018-жылдын жети айында 18 миң эшекти өлкөдөн алып чыгып кетишкен. Кыргыз бийлиги бул мыйзамга эч кандай карама-каршы келбейт деп белгиледи. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башкы инспектору Жаныбек Мукамбетов бул экспорт өлкө экономикасына пайдалуу деп эсептейт.

"Негизги маселе антисанитарияга байланыштуу. Бирок жаныбарлардын бардык документтерин тактап, тирүү алып кетишсе, бул маселе күн тартибинен алынат",-деди Мукамбетов.

Эшектердин саны кыскарып, жок болуп кетиши мүмкүн деген жүйөө тууралуу Мукамбетов эч кандай пикирин айткан жок. Бирок эшек бизнесине аралашкан фермалардын кызматкерлери экспорт үчүн эшектердин башын көбөйтүп, фермаларда бакса болот дейт.

Элет жерлеринде эшекти мал катары деле көрүшчү эмес.

Эшек бизнеси менен иш алып баргандардын деле пикири ушундай. "Монблан Трейд" компаниясы Оштун Кара-Суу, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунан эшек сатып алууга уруксат алган негизги фермалардын бири. Бул фермага Би-би-си журналисттерин жакын жолотушкан жок. Буга чейин компаниянын жетекчиси Сун Гуо Цзянь ЖМКларга берген маегинде, бул мыйзамдуу бизнес экенин айтып, эшектерди өлкөдөн тирүү алып чыгып кетип жатышканын жүйөө тарткан.

"Менимче мындай экспорт кыргызстандыктар үчүн деле пайдалуу деп ойлойм. Экинчиден, бул жерде эшектин этин тамак-ашка колдонбойт. Ошондуктан таштандыга ыргытылат",- деген эле Сун Гуо Цзянь.

Калкынын дээрлик 70 пайызы айылда жашаган Кыргызстанда эшекти көлүк катары айыл чарба жумуштарында кеңири колдонушат.

"Кыргызстанда мындай кыска аралыкта эшектердин саны кескин азайып, эки-үч жылда эле бул жандыктын туягы калбай калышы мүмкүн. Алардын санын кайра калыбына келтирүүгө аракет жасалган күндө дагы көп жылдар кетет",-дейт "Донки Чарити" уюмунун адиси Алекс Мэйерс.

Дыйкандар эшектердин жок болуп кетишине ынанып деле калышкан. Айрым айылдарда тургундар эшектерди сейрек көрүп калышканын айтып беришти. Көп учурда айылдардан эшектерди уурдап кетишет.

Маселен, Кара-Суунун четки айылдарынын биринин тургуну Абдыбек Кудайбердиев өткөн жылы эле короосундагы эшегин уурдатып жиберген экен.

"Эшек бошонуп кеткендир деп, коңшулардан сурап баштадык. Бир коңшунун дагы эшеги жок болуп чыкты. Кийин төрт эшек жок экенин билдик. Аларды короосунан эле уурдап кетишиптир",-дейт Абдыбек.

Эшегин жоготуу айрым бүлөлөр үчүн кыйын эле. Анткени айыл чарба жумуштарынын көбүн ушул көлүк менен жасап келишкен. Ошондуктан Абдыбек жоготкон эшегин көпкө чейин издеген. Айылдаштары эшек минген бирөө унаанын жанында турганын көрүп, муну Абдыбекке кийин айткан. Уурулардын ыкмасы мындай экен: айылдаш бирөө эле эшектерди алып келип берип, андан ары "Портер" унаасына жүктөп кетишкен.

Абдыбек милицияга кайрылган. Бирок алар күлүп туруп, эшек минген иттин жоголгонуна байланыштуу арыздарды албай турганын айткан экен.

Абдыбектин бул окуясы эшегин жоготкон башка дыйкандардыкына окшош эле. Алар эшек терисинин экспортунан улам чыгымга учурап жатышат.

53 жаштагы Анарбай Кадыров Ак-Терек деген айылда жашайт.
Image caption 53 жаштагы Анарбай Кадыров Ак-Терек деген айылда жашайт.

53 жаштагы Анарбай Кадыров Ак-Терек деген айылда жашайт. Бул айылда 60 гана түтүн бар. Өткөн кышта Анарбайдын эшегин союп, терисин сыйрып кетишкен. Кийин мындай окуя он жолу кайталанды. Айыл тургундарынын бири Рысбек Кадыров милицияга кайрылууну чечкен. Баса, бул айылдагылар сууну узак жерден эшек менен ташып ичишет.

Бирок милиция бул окуя боюнча күнөөлүүлөрдү тапкан эмес. Башка эшек уурулук боюнча бир нече иштерди ачкан экен.

"2017-жылы Ош облусунун аймагында 100гө жакын эшектин уурдалышы боюнча иштин бетин ачтык. Уурдалгандардын баарын таптык. Мындай иш менен алектенип жүргөн төрт топту кармадык",-деди Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Кытай компанияларына эшек уурдап келип саткандар өз жазасын алышкан. Милициянын талабы менен кытай экспортерлору эшек сатып алуу процедураларын өзгөртүүгө мажбур болушкан. Алар эми эшекти тирүү гана сатып алышат жана ээси менен чогуу сүрөткө дагы тартып коюшат. Ошондо эшекти ким алып келип сатканын оңой эле таап алууга болот.

2018-жылы эшек уурулук боюнча Ош облусунун бардык аймактарынан үч гана арыз келип түшкөн. Айылдагылар мындай жаныбардын уурдалганы тууралуу милицияга кайрылууну уят көрүшөт.

Калкынын дээрлик 80 пайызын мусулмандар түзгөн Кыргызстанда эшектин эти арам эсептелип, аны жегенге болбойт. Ошондуктан эшек фермалары тургундар арасында тескери пикирлерди жаратып, кыжырдануулар айтыла калып жүрөт.

Эшек этине байланыштуу биринчи чоң ызы-чуу борбор калаага жакын жерлердин биринде орун алды. Анда коомдук каналдын журналисттери эшек багылган жана союлган сарайлардын бирин тартып көрсөтүшкөн. Видео материалда союлган эшектердин башы жана ичеги-карындары көрсөтүлгөн. Коомчулук "эшектин эти коомдук тамактануучу жайларда колдонулушу мүмкүн" деген шектенүү менен чуу көтөрүп жиберген.

Милициянын талабы менен кытай экспортерлору эшек сатып алуу процедураларын өзгөртүүгө мажбур болушкан. Алар эми эшекти тирүү гана сатып алышат жана ээси менен чогуу сүрөткө дагы тартып коюшат.
Image caption Милициянын талабы менен кытай экспортерлору эшек сатып алуу процедураларын өзгөртүүгө мажбур болушкан. Алар эми эшекти тирүү гана сатып алышат жана ээси менен чогуу сүрөткө дагы тартып коюшат.

Журналисттик иликтөөнүн автору Эльнура Молдокадырова ал жердеги кызматкерлердин баары качып кетип, жете келген күзөтчүлөрү репортаж тартып жүргөн топту коркутуп-үркүтүүгө өткөнүн жазган.

Бул материал эфирден чыккандан кийин Манас айылындагы ферма жабылып, иликтөө башталган. Ал азырга чейин уланууда.

Эльнура жана анын командасына эшек кармаган фермалар тууралуу маалымат берип, ондогон айылдардан телефон чалуу түшкөн. Бирок кийин журналисттик иликтөөнү токтотууга туура келген экен.

"Мага коркутуп-үркүткөн чалуулар боло баштады. Көп өтпөй редакцияга Ак үйдөн чалышыптыр. Кийин менин продюсерим редакция бул темадагы иликтөөнү токтото турганын кабарлады",-деп айтып берди Эльнура.

Манас айылынын тургундары эшек кармалган сарайдын жанына чогулуп, нааразылык билдирип чыгышкан.
Image caption Манас айылынын тургундары эшек кармалган сарайдын жанына чогулуп, нааразылык билдирип чыгышкан.

Манас айылынын тургундары эшек кармалган сарайдын жанына чогулуп, нааразылык билдирип чыгышкан. Алардын айтымында, аймакты милиция курчоого алып турган. Алар короонун ичине кирип барганда, эч нерсе калбаптыр. Ошондон бери Кыргызстанда эшек бизнесин жогорку даражадагы чиновниктер калкалайт деген имиштер айтылып калды.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын башкы инспектору Жаныбек Мукамбетов ырастагандай, аларга көптөгөн даттануулар түшкөн. Бирок инспекторлор бир дагы коомдук тамактануучу жайлардан эшек эти колдонулганын тапкан эмес.

Андан бери эшек экспортунун эрежелери катаалдашып, муну менен иш алып барган фирмалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүп жатканын Кыргызстандын укук коргоо органдары айтууда.

Экспорт менен алектенген фирмалар кытай атуулдарына катталган жана алар мыйзамдуу жол менен гана иштейт. Бирок алешемдик кеткен учурлар дагы жок эмес. Айталы, өткөн жылы Ош облусунда иш алып барган "Ийгилик" компаниясы 300 баш эшекти бажыдан өткөрө албай калган. Кайра артка кайтып келе жатканда, эшектердин баары өлүп калып, жакынкы айылдардын биринин чет жакасына ыргытып жиберишкен.

"Донки Чаритис" уюму бул сыяктуу көрүнүштөр африкалык өлкөлөрдө санитардык эпидемия коркунучун жаратканын айтат.

Ушундай эле пикирди "Красный Восток" айылынын тургундары дагы айтып беришти. Эки жыл мурун бул айылга жакын турган жерге жетимиш эшектин терисин сыйрып, ыргытып кетишкен. Тургундар ызы-чуу болуп, нааразылык билдиргенден кийин, жергиликтүү бийлик тазалоого аргасыз болгон. Бирок аны кайда алып барып көмгөндөрү белгисиз.

"Эшек фермалары көп учурда фермерлердин өзүнө эч кандай пайда алып келген эмес. Тескерисинче, айыл чарбасында колдонгон көлүктөрүнөн ажырап кыйналышкан. Ошондой эле калк саламаттыгы коркунучка кептелген учурлар болгон. Ошондуктан көп өлкөлөр эшек экспортуна тыюу салды",-деп түшүндүрдү "Донки Чарити" адиси Алекс Мэйерс.

Кыргызстанда азырынча эшекке байланыштуу маселеге олуттуу деле караган эч ким жок. Деген менен божомолдоого караганда, үч жылдын айланасында Кыргызстанда эшектер калбай калышы мүмкүн. (AbA)

.