"РусГидро" Кыргызстанды сотко берди

"Русгидро" Кыргызстанды сотко берди Сүрөттүн автордук укугу Vestifinance
Image caption "Русгидро" Кыргызстанды сотко берди

Россиялык "РусГидро" энергетикалык компаниясы Кыргызстанга каршы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылып, ишти кароочу сот курамы бекигенин айтууда. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты азырынча тастыктай элек.

"РусГидро" Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашуудан бир тараптуу чыгып кеткени үчүн Кыргызстанды айыптап, долбоорго салган инвестициясын соңку эки жылдан бери доолап келди.

Сөздөн аракетке

Компаниянын башчысы Николай Шульгинов "РусГидро" Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Кыргызстанды Гаага сотуна бергенин "Ведомости" басылмасына интервью берип жатып билдирген.

"РусГидро" ГЭСти курууга салган инвестициясын кайра кайтаруу үчүн сотко кайрыларын кыргыз өкмөтүнө акыркы жолу июнда эскерткен эле.

"Сүйлөшүүлөр болуп атты, бирок жыйынтыгы чыккан жок. Биз 2012-жылдагы өкмөт аралык макулдашуунун негизинде иштеп жатабыз. Алар болсо ал келишимди 2016-жылы бир тараптуу жокко чыгарышты. Эми алар кыргыз-орус биргелешкен компаниянын 50%дык бизге тийиштүү үлүшүн сатып алып, чыгымдарыбыздын эсесин чыгарып бериши керек",-деген Николай Шульгинов.

"РусГидро" Кыргызстандан баш-аягы 37 миллион долларды талап кылып, карыздын үстөк пайызына көз жумууга даяр.

Шульгинов кыргыз өкмөтү менен конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок Кыргызстандан "конкреттүү, түшүнүктүү ишараа" болбой жатканын белгилеген.

Күч ким тарапта?

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети жана Улуттук энергохолдинг Кыргызстандын россиялык компания менен талашы кайсы стадияга жеткенин Би-Би-Сиге ачыкташкан жок.

"РусГидро" кыргыз өкмөтүн сотко бергени тууралуу маалымдадыбы же жокпу, аны да тастыкташкан жок.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкматов эгер "РусГидронун" сотко бергени чын болсо, Кыргызстан тарап утулат дейт:

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкматов

"Россия тарап бизди сотко берсе, алар сөзсүз түрдө утат. Анткен келишим боюнча ким биринчи денонсация кылса, ошол жооп берет деген жери бар да. Биринчи ал келишимди биз денонсация кылдык да".

Бирок ошол эле маалда "РусГидронун" дооматы толук негиздүү эмес дейт, депутат:

"Ал жерде жасалган иштер менен кеткен сумманын айырмасы үч эселенип турат. Анын баарынын далили бар. Жанагы Тарых музейиндегидей эле чыгымдар ашыра көрсөтүлгөн. Ал боюнча ишти прокуратура органдарына өткөрүп бергенбиз. Али күнгө чейин жыйынтык чыга элек".

Жогорку Нарын каскадынын курулушун иликтеген депутаттык комиссия ишкана жасаган иштеринин баасын эселеп көтөрүп көрсөткөнүн жыйынтык кылган эле. Мындан улам кыргыз өкмөтү орусиялык компаниянын акчасы кантип сарпталганын аудитке салуу керектигин кайталап келген:

"Чыгымды төлөп берүүдөн мурун кыргыз тарап эл аралык терең аудит өткөзүү маселесин коюп жатат. Муну эки тарап тең макулдашышы керек. Андан кийин көз карандысыз компанияны жалдап алып, канча акча жумшалганын так аныктап алгандан кийин гана компенсация маселесин карай баштайбыз. Башында мындан Россия тарап баш тарткан маселе болчу",- деген эле буга чейин Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев

Багы ачылбаган кыргыз ГЭСтери

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Келишимге ылайык, Камбар-Атаны "Интер РАО" ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын "РусГидро" курушмак.

Бирок ГЭСТИ тургузуу иши создугуп кетип, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялоого мажбур болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Өкмөт былтыр Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына индиялык жана кытайлык инвесторлор кызыгып жатканын айткан.

"РусГидродон" кийин Кыргызстан былтыр жайында чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭС куруу боюнча келишим түзгөн.

Өкмөт, ал тургай, чехиялык ишкерлер Кыргызстандын "РусГидрого" болгон карызын төлөй турганын жарыялаган. Бирок "Liglass Trading CZ" орусиялык компанияга Кыргызстандын карыз 37 миллион долларын көрсөтүлгөн мөөнөткө(19-сентябрь, 2017) төгө албай калып, кыргыз өкмөтү андан да кол үзгөн.

Өкмөт былтыр Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына индиялык жана кытайлык инвесторлор кызыгып жатканын айтканы бар, бирок алар эмне болду белгисиз.

"РусГидро" Кыргызстанды сотко берди деген маалымат орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга белгиленген сапарына туш келди. 17-сентябрда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Путин келерин айтып, бирок датасы такталып жатканын айткан, бирок андан бери 1,5 ай өтсө да орус президентинин келер-келбеси тууралуу так маалымат чыга элек. (EKa)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар