Министр Таалайкүл Исакунова кызматынан кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунованы ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Исакунова жумуштан кетүү тууралуу өзү арыз берген эле.

Сүрөттүн автордук укугу Official

Соңку апталарда бул министрликтин тегерегинде чуу чыгып, коомчулукта курч талкууларды жаратты. Парламент депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мамлекет эсебинен чет өлкөгө саякаттары тууралуу айтып чыгып, кийин Башкы прокуратура иликтөө жүргүздү.

Башкы көзөмөл органы 2017-2018-жылдар аралыгында аталган министрликтин жетекчилиги 26 жолу кызматтык сапарга чыкканын аныктаган.

Айрым учурда иш сапарларында Исакунова үй-бүлө мүчөлөрүн дагы бирге алып чыккан дейт депутат Аида Касымалиева. Бирок алар дагы мамлекет эсебинен саякаттаганбы же өз эсебиненби, ал жагы белгисиз.

"Бирок үй-бүлөсү менен кошо кызматтык сапарга чыгуу, чакырылган конференцияларга катышпоо, виза үчүн кызмат абалынан пайдалануунун өзү эле - бул мамлекеттик кызматтын этикасына туура келбеген иш. Мындан тышкары ал люкс номерлерди талап кылып, ал жакка үй-бүлөсүн жайгаштырчу экен. Ал кадимки бөлмөлөрдөн алда канча кымбат. Сапарлары тууралуу өкмөт башчыга маалымат бербей, отчет жазбай, уруксаты жок иш сапарларын мен буга чейин жазганмын, документтерди далил келтиргенмин", - деди депутат.

Таалайкүл Исакунова ЖМКларга берген интервьюсунда министр өзүнө коюлуп жаткан айыптарды четке каккан:

"Парламентте Аида Касымалиева мага шек келтире турган маалыматтарды айтты. Ал резонанс жаратты десек болот. Мамлекеттин эсебинен чет өлкөгө чыккан учурлар бар экен деген. Бул мага абдан катуу тийди. Менин намысыма шек келтирди десем болот. Мага эле эмес, менин үй-бүлөмө дагы. Үй-бүлөм абдан нааразы болуп жатат. Керек болсо бул айымды сотко бергенге даярбыз",-деген Исакунова.

Таалайкүл Исакунованы министр кызматына Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы тарабынан көрсөтүлгөн.

Исакунова кезинде президенттик администрацияда, бейөкмөт уюмдарда иш алып барып, Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болуп иштеген. Кесиби боюнча экономист. 2015-жылы Жогорку Кеңешке "Кыргызстан" партиясынан депутат болуп келип, 2016-жылдын ноябрынан тарта Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматында иштеди. (AbA)

Тектеш темалар