Орусиянын соту ингуш-чечен чек арасы боюнча келишимдин мыйзамдуулугун карады

митингдеги сүрөт Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Орусиянын Конституциялык соту Ингушетия менен Чеченстан ортосундагы административдик чек ара боюнча макулдашууну мыйзамдуу деп тапты. Анын мыйзамдуулугун кароо боюнча арызды Ингушетиянын жетекчиси Юнус-бек Евкуров жолдогон.

Мунун алдында Орусиянын курамындагы Ингушетиянын Конституциялык соту Чеченстан менен чек ара тилкесин өзгөртүү маселеси референдум аркылуу чечилиши керек деген чечим чыгарган эле. Ингушетиянын жетекчиси Юнус-Бек Евкуров республикалык Конституциялык соттун чечими өлкөнүн баш мыйзамына каршы келет деп билдирүү жасаган. Ал чечимди Орусиянын Конституциялык соту кабыл алышы керектигин, ошондо гана эки аймактын кызыкчылыгы караларын жүйө келтирген эле.

Сүрөттүн автордук укугу Elena Afonina/TASS
Image caption Ингушетияда миңдеген кишилер катышкан каршылык жүрүштөрү өттү.

Өткөн айда Ингушетия жана Чеченстандын жетекчилери Юнус-Бек Евкуров менен Рамзан Кадыров эки аймактын административдик чек арасы боюнча келишимге кол койгон. Республикалык парламент келишимди бекитип берди. Кийин көпчүлүк депутаттар добуш берүү бурмаланганын айтып чыкты. Ошондон тарта Ингушетияда миңдеген кишилер катышкан каршылык жүрүштөрү өттү.

Чек ара маселеси

26-сентябрда Ингушетия менен Чеченстандын республика жетекчилери Юнус-Бек Евкуров жана Рамзан Кадыров административдик чек ара боюнча келишимге кол койгон. 1991-жылы Чечен-Ингуш АССРи экиге бөлүнгөндөн кийин, Орусиянын курамында эки башка республика түзүлгөн эле. Бирок расмий чек арасы аныкталбай калган.

Ингушетия Орусия аймагындагы эң чакан республика. "Чек ара тактоо учурунда жерибиз Чеченстанга өтүп кетти" деп нааразы болгон тургундар добуш берүү бурмаланганын айтып жатышат. (AbA)

Тектеш темалар