"Корвалолдун сааты"- чоң чатактын башы

Тышкы иштер министри отставкага кетти Сүрөттүн автордук укугу Timur Sydykbaev
Image caption Тышкы иштер министри отставкага кетти

Өкмөттүн түзүмүндөгү эки: Социалдык өнүгүү жана Тышкы иштер министрлигиндеги кризистер соңку айда коомчулук назарында болуп келди.

Өтүп бара жаткан жумада Баш прокуратуранын териштирүүсүнөн кийин министр Таалайкүл Исакунова отставкага кетип, элчи Кылычбек Султандын билдирүүлөрүнөн кийин Коопсуздук Кеңеши Тышкы иштер министрлигиндеги айрым "бузууларды" аныктап, эми Эрлан Абдылдаев да кызматын тапшырды.

Коопсуздук кеңеши элчи Кылычбек Султан өзү дагы Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганын аныктаган.

Президенттин жарлыгы менен Кореядагы кыргыз элчиси Кылычбек Султан дагы бүгүн кызматынан алынды.

Керкисинде да бар, кемтигинде да бар

"Тышкы иштер министри болуп алты жыл иштеп, ээлеген кызмат ордумдан өз эрким менен кетүү тууралуу арызымды жаздым. Президент отставкамды кабыл алды",- деп ТИМ сайты аркылуу эми мурунку министр Эрлан Абдылдаев кыска коштошкон.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Эрлан Абдылдаевди ТИМди алты жыл катары менен жетектеп келди

Президенттин тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин элчини кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөөлөрүн изилдеп, жыйынтыгын кечээ эле чыгарды эле:

"Алдын ала текшерүү ТИМдин системасында так кадрдык саясат жок экендигин, ошондон улам министрликтен "кызматтык" мүнөздөгү маалыматтар жана документтер жарыкка чыгып кетип жаткандыгын көрсөттү", -делет президенттин аппараты бейшембиде тараткан маалыматта.

Анда ТИМ жетекчилиги кадрларды тандоодо олуттуу кемчиликтер кетиргендиги, кызматкерлери тарабынан кетирилген мыйзам бузууларга жетишээрлик обьективдүү реакция жасабагандыгы да баса белгиленген.

"Саясий шоуга аралашпайм"

Ошол эле учурда Коопсуздук Кеңеши Кылычбек Султан мурда Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөндө мыйзамга туура келбеген аракеттерге барганын тактаган.

Кызматтан бошотулгандан кийин да Кылычбек Султан өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн "аккредитациялык карточкасын" өткөрүп бербегени, элчи болуп туруп "Супер", "Супер кроссворддор", "Супер сканворддор" гезиттеринин жетекчиси болгонун да сынга алынды.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул фактыларга укуктук баа бериш үчүн материалдарды Башкы прокуратурага жөнөттү.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кылычбек Султан Түштүк Кореядагы кыргыз элчиси болуп былтыр октябрда дайындалган

Бирок Кылычбек Султан өзүнө коюлган айыптардын баарын четке кагып, эми Кыргызстанга келбей тургандыгын айтып, чет өлкөлөрдөн баш паанек сурарын айтты.

"Коррупция тууралуу жарым жылдан бери айтып келген мен акырында күнөөлүү болуп атам. "ТИМ кадрлар маселесинде эле туура эмес иштеди деген" бул саясий шоу эми мага түшүнүктүү болду. Мен мындай шоуга аралаша албайм жана мындай бийликти таанудан баш тартам",- деди Кылычбек Султан.

"Орунсуз жана ойлонбой айтылган сөз"

Президенттин аппараты өз кезегинде мурдакы элчи Кылычбек Султановдун билдирүүсүн «орунсуз» жана «ойлонбой айтылган сөз» деп атап, коомчулукка мурда белгисиз жагдайларды ачыктады. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиеванын Би-Би-Сиге айткан маалыматына караганда, Кылычбек Султанов буга чейин, быйыл жай айларында элчи болуп турганына карабастан ТИМди айланып өтүп, «Супер-Инфо» газетасынын баш редактору Ш. Шатманова аркылуу, кийин өзү дагы келип Президентке жолугууну өтүнгөн. Бирок коррупция жөнүндө эч кандай маалымат берген эмес, президентке саясатчы катары жолуккусу келген:

"Кызматтан кеткенден кийин айтып жаткан коррупция жана башка маселелерин айткан эмес. Элчи катары эмес, жеке саясатчы катары жолуккусу келген. Президентке жолуга албай калгандан кийин ММК аркылуу байма-бай билдирүү жасай баштады. Кылыч мырза президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө дагы расмий түрдө эч кандай кайрылган эмес. ТИМде маселелер бар деп WhatsApp аркылуу кайрылган экен. Ал боюнча териштирүү болот деп жооп берилген".

Кылычбек Султанов Түштүк Кореяда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдакы орун басары Каденова менен болгон инцидентти айтууга тыюу салган адамды дагы кызматтан кетирүү жөнүндө президентке социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасаганы белгилүү. Ошондон кийин кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, Кылыч мырзага президенттик аппараттан эч ким телефон чалбаганы аныкталган.

"Кылыч мырзага Каденованын кыял-жоругун айтууга тыюу салуунун кажети жок эле. Анткени социалдык тармак аркылуу Каденованын окуясы толугу менен тарап кеткен. Президент дагы толук маалымат алып, чечим кабыл алынган. Ошондуктан бул жүйөөсү дагы орунсуз",-деди басма сөз катчы.

Тышкы иштер министрлиги дагы өз кезегинде Султановдун журум-турумунда одоно иштер болгонун билдиргенден кийин Президенттин тапшырмасы боюнча эки тараптын конфликтин Коопсуздук кеңеши карап чыгып, натыйжада иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан, Кылычбек Султанов элчи кызматынан бошотулуп отурат.

"Баш паанек сурап жатканы дагы биз үчүн күтүлбөгөн жагымсыз окуя. Баш паанек берүүнүн дагы критерийлери болсо керек. Кылычбек Султанов кайра ыраазы болуш керек эле. Анткени ал көтөргөн маселелер - Каденованын жоругунан тартып, айтылган маселе-арыздары канааттандырылып, президенттин деңгээлинде реакция жасалып, иликтөө болуп, баары орду-ордуна коюлуп жатат. Ал өзүнүн ээлеген кызмат орду канчалык жоопкерчиликтүү экенин аңдабай, өзүн гана эмес бүтүндөй кыргыз коомчулугун уят кылууда",-деди Толгонай Стамалиева.

Кадрдык кризис

Ошентип Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Зуура Каденованын Сеул-Алматы каттамындагы учактагы чуусунан улам чыккан ыйкы-тыйкы талаш бакандай эки министрдин отставкасы менен аяктады.

Эки министр, министрдин эки орун басары, бир элчи бир айга жетпеген убакта кызматтан алынып, бул Кыргызстандагы кадрдык кризис маселесин күн тартибине чыгарды.

Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай өкмөттө орун алып жаткан учурдагы кризистин негизги эки себебин атады:

"Бизде азыр өкмөттүк сектордо 31 министрлик бар. Макамы боюнча 16 министрлик, калгандары агенттиктер, кызматтар жана башкалар. Алардын чын-чынына келгенде министрликтерден айырмасы деле жок. Бул эбегейсиз чоң штат. Коррупциялык маселелерден да ошондон чыгып жатат. Экинчиси, ошол кадрларды тандоо механизминдеги маселе".

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Саясат талдоочу Сейтек Качкынбай

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруу формасы парламенттик болгондуктан өкмөттү Жогорку Кеңеш депутаттары курашат.

Парламенттик фракциялар өкмөт куроого келгенде кесипкөй, билими эмес, көбүнесе өз адамдарын сүрөй турганын буга чейинки тажрыйба көрсөтүп келди.

Баш мыйзам боюнча президент өкмөттөгү УКМК башчысын жана Коргоо министрин тикелей өзү беките алат.

Кадрлардын улуттук резерви

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-июнда Жогорку Кеңеште депутаттарга жана элге кайрылып жатып, учурда кесипкөй, тажрыйбалуу адистердин таңкыстыгы байкалып жатканын айткан. Бул себептүү ал Кыргызстанда улуттук кадрлардын резерви түзүүнү демилгелеген.

"Кадр тандоонун эң таасирдүү рычагы — мына ушул залда отургандардын колунда. Демек, мамлекеттик органдарга таза, кесипкөй кадрлардын келиши да силерден көз каранды", - деген болчу президент.

Жээнбеков анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга квалификациялуу адистерди тартуу керектигин да белгилеген. Андан сырткары, мамлекет жетекчиси кызматка алууда тааныш-билиштер аркылуу ишке орноштурууну жоюу керектигине да токтолгон.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар