Жашыл экономика: "Балык көлгө, чаян чөлгө..."

Дүйнөдө жаратылышка зыян келтирүү боюнча Кыргызстан 136-орунда турат
Image caption Дүйнөдө жаратылышка зыян келтирүү боюнча Кыргызстан 136-орунда турат

Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө түздөн-түз тиешеси бар ишкерлер менен тыгыз иш жүргүзүлбөй жатканын жашыл экономика жумалыгынын алкагында өтүп жаткан форумда бизнес өкүлдөрү айтып чыгышты. Бул багытта ийгиликке жетүү үчүн бирдиктүү саясат жүргүзүү керек делгени менен иш-чарага өкмөт өзүнчө, Жогорку Кеңеш өзүнчө жана ишкерлер өзүнчө программа менен келишкен.

Оор индустриясы жок, жаңыдан гана бутуна туруп келе жаткан Кыргызстандын таза экологиясын сактап калуу үчүн жашыл экономика принциптерин киргизүү учурдун талабы болуп тургандай. Ал эми өкмөттүн өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган программалары дал ушул жашыл экономиканын принциптерине шайкеш келиши керек. Бирок бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча өкмөттүн жүргүзүп жаткан саясаты чабал деп баалоодо.

"Маселен, Улуттук стратегия-2040 жазылып жатканда жашыл экономиканы эске алабыз деп бир-эки пункт менен киргизишкен. Бирок анда жазылган нерселер иш жүзүнө аша элек, ашпайт дагы. Себеби, ал үчүн абдан чоң программалар кабыл алынып, жол картасы чийилип, ошого жараша мыйзамдар өзгөрүшү керек. Учурда биз Бишкектин так борборундагы көмүр жаккан жылуулук электр борборун оңдоого канча миллиондогон каражат бөлүп жатабыз? Бул жашыл экономикага алып барбай да. Эгер мамлекет жашыл экономикага маани берип, аны өнүктүрөбүз десе гидроэнергетикага көбүрөөк көңүл буруп, элди электр энергиясын көбүрөөк колдонууга үндөмөк. Албетте, ЖЭБ канчалаган мекеме-ишканаларды, элди жылуулук менен камсыздап жатат. Бирок жылуулук менен камсыздоонун башка альтернативдүү жагын өнүктүрүүгө аракет көрсө болот да. Ошондуктан өкмөттүн жашыл экономиканы өнүктүрүүгө багытталган иштерине жакшы баа берүү өтө оор. Бизде кожо көрсүн мамиле менен бир жылда бир чогулуп, отчет берип коебуз. Бирок олуттуу бир жыйынтык жок",- деди "ЖИА" бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темир Ажыкулов.

Image caption Кыргызстанда күн энергиясын алуучу панелдерди жасай турган жалгыз завод бар

Өкмөттүн программасы

Жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча өткөн жылы уюштурулган форумда резолюция кабыл алынган. Анда программа иштеп чыгып, бирдиктүү саясат менен иш алып баруу тапшырмасы берилген. Өкмөт 2018-жылдын жаз айларынан тартып жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча атайын программа иштеп чыгууга киришкен. Бул иш-чаралардын бардыгы 2040-стратегиясынын алкагында жүргүзүлүп жатат,- дейт Экономика министрлигинин Стратегиялык пландоо жана аймактарды өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айбек Кадыров.

"Документте айыл чарба багыты, энергетика сектору, эко-туризм приоритеттүү тармак катары каралган. Программа жакынкы күндөрү коомдук талкууга чыгарылып, жылдын соңуна чейин кабыл алынат. Документ өлкөдө жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзөт".

Кыргызстандын артыкчылыктары эмнеде?

Эксперттер тобунун атынан Азамат Темиркулов жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча өзүнүн программасын сунуштап жатат. Анын айтымында, Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдү туурабай, багытын туура тандашы керек.

"Кыргызстандын калкынын алтымыш пайызы айыл- чарба багыты менен оокат кылат. Андыктан жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн айыл-чарбага көбүрөөк көңүл буруу зарыл. Кыргызстандын жашыл экономикасында айыл чарба багыты приоритет болуп калуусу керек".

Жашыл экономика тармагында Жогорку Кеңештин депутаттары дагы мыйзам долбоорун даярдап жатышат. Эксперттер бул тармакта чаржайыт иш жүргүзбөй, бирдиктүү бир көз карашты камтыган стратегиялык документти даярдап чыгуу керек дешет.

Кыргызстанда жашыл экономиканы өнүктүрүүгө бардык шарттар бар. Ал үчүн алгач мыйзамдык базаны чыңдап, энерго жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды жайылуу багытында коомго жана бизнеске стимул берүү керек.

Тектеш темалар