Картөшкө менен чеснок, ороодон башка амал жок

Aйыл чарба министри Нурбек Мурашев: Мен кыдырып көрүп атам, жердин баарында эле картошка 5 сом болуп калган жок. Кээ бир жерде ордунан эле 12 сомдон саткандар бар
Image caption Aйыл чарба министри Нурбек Мурашев: Мен кыдырып көрүп жатам, жердин баарында эле картөшкө 5 сом болуп калган жок. Кээ бир жерде ордунан эле 12 сомдон саткандар бар

Учурда картөшкөнүн баасы жылдагыга салыштырмалуу кыйла арзан болуп, сарптаган каражатын дагы актабай жатканын айткандар көп. Министрлик кийинчерээк баа көтөрүлөт деп соороткону менен дыйкандар күнүмдүк зарылдыктан улам, "заарыкандын пулу күйсүн болуп" сатууга аргасыз экенин даттанууда.

Базардагы соодагерлердин айтымында, аргасы түгөнгөн дыйкандар ортомчусуз сатсак пайдалуурак болобу деп, мүшөктөп жүктөп келип, кээси талаадан эле сатып жатышат дейт.

Image caption Картөшкөнүн негизги аларманы - Өзбекстан

Картөшкөнүн баасы кыйла арзан экени туралуу талкуу күчөгөндөн кийин президент өзү дагы бул маселеге көңүл буруп, айыл чарба министрин кабыл алып, картөшкөнүн баасы тууралуу маалыматын укту.

Aйыл чарба министри Нурбек Мурашев "дыйкандар картөшкөсүн жер төлөдө сактап, ыңгайлуу учурду күткөндөн башка арга жок" экенин жүйөө келтирди. Бирок колдон келишинче коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Image caption Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкө боюнча 1 жарым млн тонна картөшкө жыйналды.

"Картөшкөнү кайра иштетип, башка бир продукция өндүрүп чыккан менен кайра эле аны сатууга рынок жок. Мен кыдырып көрүп жатам, жердин баарында эле картөшкө 5 сом болуп калган жок. Кээ бир жерде ордунан эле 12 сомдон саткандар бар. Ошондуктан сактап, кармап тургула деп кеңеш берип атабыз. Ага кадимки эле чакан жер төлөө жарайт. Ал эми миң тонналап картөшкө менен иштегендер атайын сактоочу жайларды курам десе, анда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан, Айыл банктан насыя алып бергенге кудуретибиз жетет. Акыркы эки жылда Өзбекстанга сатып келгенбиз. Бирок быйыл ал жакта да картошка биздин сом менен алганда 12 сомдун айланасында сатылып, сатуудан пайда жок болуп атат. Бирок ошого карабай биз жолдорун издеп, аракет кылып жатабыз", - дейт айыл чарба министри Нурбек Мурашев.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Базар баасы: 4 килограмм картошкага татылган 1 литр солярка

Базарга барып өзүбүз күбө болгондой, эң жакшы тандамал деген картөшкөнүн килограммы 12-15 сомдон сатылып жаткан экен. Бир топ соодагерлерден сураганыбызда баары бир ооздон былтыр бул учурда жакшы картөшкөнү кеминде 25 сомдон же 30 сомдон сатканын айтышты. Ошол эле сатуучулар учурда картөшкө эле эмес, сарымсактын да баасы абдан арзан болуп жатканын кеп кылышты. Элет жергесинде айрымдар бөөдө чиригенче деп, сарымсакты тааныш-билиштерине бекер эле карматып жатканын айтышууда. Министр да бул жагдайдан толук кабардар болгону менен бул иштин да айла амалы жоктой.

Image caption Cарымсак

"Былтыр баасы жакшы болуп сарымсак 150 сомдон сатылган. Азыр 50-60 сом болуп жаткан экен. Негизи жок дегенде 70 сомдон сатылганда чыгымын актамак. Дыйкандар сарымсакты биз айткандан алда канча көп айдап, жер-суунун баары эле чеснок болуп кетиптир", - дейт министр Нурбек Мурашев.

Image caption "Ортомчулар чыгымдын баарын дыйкандын эмгегинен кемитүүгө аргасыз. Анысы аз келгенсип солярканын бир литри 46-47 сомго чыкты. Анан дыйкан байкушта кайдагы пайда?", -дейт белгилүү фермер Манас Саматов.

Жаздан бери сарптаган эмгеги, убактысы менен убарасы акталбаганы дыйкандардын оор жагдайга кептеди.

"Алармандын суроо-талабына карап баа коюлат да. Ошону эске алып алып саткандар чыгымдарынын баарын эсептеп, азыркы бааны коюп жатат. Демек, картөшкө, сарымсак сыяктуу түшүмдү ташып келүү үчүн темир жол, сапаттуу транспорт сыяктуу маселелер чечилбей турат. Айласы жок майды аябай көп талап кылган эски машинелер менен ташып жөн эле чыгым кетип жатат. Ортомчулар чыгымдын баарын дыйкандын эмгегинен кемитүүгө аргасыз. Анысы аз келгенсип солярканын бир литри 46-47 сомго чыкты. Анан дыйкан байкушта кайдагы пайда?", -дейт белгилүү фермер Манас Саматов.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Дыйкандарды санаага салган солярка

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкө боюнча 1 жарым млн тонна картөшкө жыйналды. Анын 900 миң тоннага жакыны ички муктаждыкка жумшалат. Калганы сыртка сатылмак. Эң негизги аларман Өзбекстан болгону менен ал жакта да суроо талап жакшы болбой турат.

Тема боюнча башка макалалар