Кыргызстан: эркек саламаттыгы кооптуу абалда
- Айбек Абдылдаев
- Би-Би-Си Кыргыз кызматы
Кыргызстандын расмийлери акыркы он жылда калктын орточо жашоо узактыгы 3 жылга узарып, 71 жашты түзүп калганын айтууда. Буга албетте, экономикалык жана социалдык абалдын жакшырганы таасирин тийгизди дейт.
Бирок адистер эркектердин саламаттыгына байланышкан маселе өлкөдөгү эң курч көйгөйгө айланып, эркектер арасында жашоо узактыгы кыскарып баратканына көңүл бурууда.
"Эркектер ар дайым стрессте жүрүп жатат. Стресс жыл өткөн сайын чогула берет. Ошондуктан бири-бирине кол салуу, кылмыштын көп болгону да ушундан. Аялдарга, балдарга болгон эркектин мамилеси бузулду. Ошон үчүн эркек саламаттыгына көңүл бурушубуз керек. Тукумсуздук дагы көбөйүп кетти. Бул боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз",-дейт медицина илимдеринин доктору, профессор Акылбек Усупбаев.
Дарыгердин айтымында, Кыргызстанда 16 жашка чейинки эркек балдар 34 пайызды түзсө, 16-62 жашка чейинкилери 49 пайыз. Ал эми 63 жаштан өйдө жашагандары 7 эле пайызга чамалайт. Өлкөдө эркектердин жашоо узактыгы аялдарга салыштырганда, дээрлик он жылга кыска.
"Мисалы, жумушсуздук, норкомания, суициддер, транспорт кырсыктары, ошол эле ВИЧ! Кандай проблема болсо дагы эркектер биринчи орунда турат",-дейт профессор Акылбек Усупбаев.
Эркектерди сергек жашоого үндөп, ден соолугуна кам көрүүгө чакырып жүргөндөрдүн бири 78 жаштагы белгилүү коомдук ишмер Кемелбек Ашыралиевдин кыш чилдеде шыргалаң сууга түшөрүн көптөр жакшы билет.
"Канчалык денеңди ысыкка көндүрүп алсаң, ошончолук көп ооруйсуң. Мен илгертен эле суук аба, муздак суу менен досмун. Ошондуктан 40 жылдан бери грипп эмне экенин билбейм",-деди Кемелбек Ашыралиев.
Бирок кыргыз коомунда мынтип, ден соолугуна маани берип, сергек жашоо образын күткөн эркектер сейрек. Биз мындай кишилерди Бишкектин борбордук стадионунда кезиктирдик. Стадионго таң атпай келип, дене көнүгүүлөрүн жасап, чуркап жүргөн кишилердин көбү - карыялар.
"Он эки жылдан бери чуркайм. Баштаганда 105 кг элем, азыр 70 кг болуп калдым. Ден соолук үчүн келесиң да. Чуркайм дайыма. Кечээ ооруканада болдум, кайним инсульт болуп жатат. Бейтаптар каридорго чейин жатып калышыптыр. Кудай сактасын, өзүм дагы грыжа болуп, үч ай баспай калып, ошондон кийин билем да, ден соолукка кандай мамиле кылыш керек экенин",-деди спорт менен машыгып жүргөн карыялардын бири Жумабек Сандыбаев.
Тукумсуздук
Кыргызстанда эркектер арасында тукумсуздук илдети көбөйүп кеткен. Он беш жыл мурда мындай дарт менен эркектердин 20 пайызы гана кайрылса, азыр бул көрсөткүч абдан жогору дейт Усупбаев.
"Кыргызстанда эркектердин простатит оорусу тездик менен өсүп жатат. Тукумсуздук дартына чалдыккан эркектер көп кайрылууда. Анализдеп келгенде, 30-40% спермограммалардын сапаты төмөн экени байкалды".
Бел кубатынын төмөндөп, тукумсуздукка алып келген факторлор : алкоголдук ичимдиктер, тамеки тартуу, антидепрессант, гормон сыяктуу дары-дармектерди көп колдонуу, жыныстык жол менен жуга турчу инфекциялар, WiFi зонасында көп отуруу, эртеден кечке такай жылбай отуруп иштөө дейт дарыгер.
Дүйнөлүк көйгөй
Эркек уругу улам начарлап баратат
Жакында эле бир катар окумуштуулар дүйнөдө эркек уругунун сапаты улам начарлап баратканын айтып чыккан. АКШ, Европа, Австралия жана Жаңы Зеландияда эркектердин уругун текшерүү үчүн алып, натыйжада уруктун кыймылы 40 жылдын ичинде 50 пайызга төмөндөп кеткени байкалган.
Батышта тукумсуздук жылына эки пайызга жогорулап жатат деп белгилеген изилдөөчүлөр. АКШнын репродуктивдүү медицина борбору адамдын жашоо образынан улам кризис пайда болду дейт. Европада тукумсуздукка кабылып, дарыланган эркектер жыл сайын көбөйүүдө.
Аз кыймыл жана кошумча салмак эркектин спермасынын сапатын начарлатат. Ошондой эле уруктун начарлашына тамеки тартуу, стресс жана булганыч аба таасир этет.Дүйнөдө эркек уругунун сапаты улам начарлап баратат. Дарыгерлердин айтымында, бул адамзат үчүн коркунучтуу жаңылык. АКШ, Европа, Австралия жана Жаңы Зеландияда эркектердин уругун текшерүү үчүн алып, натыйжада уруктун кыймылы 40 жылдын ичинде 50 пайызга төмөндөп кеткени байкалган.
Илимпоздордун айтымында, Батышта тукумсуздук жылына эки пайызга жогорулоодо. АКШнын репродуктивдүү медицина борбору адамдын жашоо образынан улам кризис пайда болду дейт. Европада тукумсуздукка кабылып, дарыланган эркектер жыл сайын көбөйүүдө.
Аз кыймыл жана кошумча салмак эркектин спермасынын сапатын начарлатат. Ошондой эле уруктун начарлашына тамеки тартуу, стресс жана булганыч аба таасир этет. (AbA)