Тойдо токмок жеген аялдын окуясы коомдун көйгөйүн козгоду

Үй-бүлөдө физикалык эле эмес, психологиялык жактан дагы зомбулукка кабылган аялдардын саны арбын Сүрөттүн автордук укугу ARYSH
Image caption Үй-бүлөдө физикалык эле эмес, психологиялык жактан дагы зомбулукка кабылган аялдардын саны арбын

Тойдон аялын жамбашка тепкен киши боюнча ички иштер органдары иликтөө иштерин баштады. Окуя өткөн апта соңунда Кыргызстандагы тойканалардын биринде катталган. Бирок ал кайсыл аймакта болгону жана зомбулук аялга ким тарабынан көрсөтүлгөнү азырынча айтыла элек.

Аталган видео коомчулуктун кызуу талкуусуна кабылды. Анда ортого чыгып бийге түшкөн аялды, көпчүлүктүн алдында күйөөсү жамбашка тээп, сүйрөп кеткени тартылып калган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Аймактык тескөө бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Исмаилбековдун айтымында, учурда окуя кайсыл аймакта катталганын аныктоо, жарандын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

"Эгер сөгүп-сагып, бирок кол көтөрбөгөн болсо, анда Административдик жазык кодексинин 364-беренесинин негизинде айыпка тартылмак. Ал эми видеодо аялына кол көтөрүп жатат. Бул жагдай Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине туура келип калат. Аялдын канчалык жарат алганы дагы эске алынат. Видеодо тээп туруп сүйрөп кеткени тартылган. Мүмкүн нары алып барып ур-токмокко алдыбы, ким билет".

"Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" уюму быйыл эле Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жети жүздөн ашык кишинин катышуусунда сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкандардын 96,3 пайызы үй-бүлөлөрдө зордук-зомбулук бар экенин айткан. Ал эми Кыргызстанда ар бир тогузунчу киши үй-бүлөдөгү зордук зомбулукту кадимкидей көрүнүш катары кабыл ала турганы аныкталган.

"Үй-бүлө зомбулугуна кабылгандардын көбү аялдар. Бизге кайрылгандардын саны абдан көп. Маселен, жакында эле бир келинди чет мамлекетке жибердик. Аны жолдошу бычактаганга чейин барып, катуу зомбулук көрсөткөн. Айласы кетип, бир жарым айдай биздин борбордо жашады. Кийин күйөөсү бул жакка чейин келип, зөөкүрдүк көрсөтө баштады. Аны чет өлкөгө жибергенге аргасыз болдук",- деди "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова.

Коомдун басымдуу катмары аялга күйөөлөрү тарабынан жасалган зомбулук эркек кишинин алсыздыгынан жана деңгээлинин төмөндүгүнөн кабар бере турганын айтат. Ошол эле учурда мындай жосунсуз кадамдарды тарбия иретинде кабылдагандар дагы жок эмес.

"Пайгамбарыбыз аялыңды катуу уруп сөккөндөн карман. Себеби, алар кабыргадан жаралган. Кабырганы катуу ийсеңер сынып калышы мүмкүн. Такыр эле укпай жатса жакшы сөз айтып, түшүндүр деп айткан. Аялдар назик, эркектерге салыштырмалуу күчсүз болот. Аларга жаман сөз айтып, зулумдук кылууга шариятта тыюу салынган",- деди Муфтияттын үгүт- насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Султанали Гапуров.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын саны канча?

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption Былтыр Бишкек шаардык ИИББга үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 359 аялдан арыз келип түшкөн

Үй-бүлөдө физикалык эле эмес, психологиялык жактан дагы зомбулукка кабылган аялдардын саны арбын. Кайсыл гана түрү болбосун мындай кадамдарга барган кишилер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Кыргызстанда аялдар күйөөлөрүнүн колунан ур-токмокко кабылганын ачыктай беришпейт. Анын кесепетинен көпчүлүк учурда жабылуу аяк, жабылуу бойдон калат.

Шаардык ИИББнын маалыматына ылайык, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 359 аялдан арыз келип түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын тогуз айында эле зомбулукка байланыштуу арыздарын саны 1047ге жеткен. Мындай көрсөткүч аялдар өз укугун өзү коргогонго үйрөнө баштаганынан кабар берет дейт укук коргоочулар.

Белгилей кетчү жагдай, күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдын тосмо арызы зөөкүрдүк кылган кишини жоопкерчиликтен куткарат дегенге жатпайт. Эгер милиция тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук фактысы каттала турган болсо, арыз түшөбү же түшпөйбү сөзсүз укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлөт.

Тектеш темалар