Кыргызстан базарлары электрондук коммерцияга өтөбү?

Image caption Бишкек базарларынын бири

Кыргызстанда электрондук соода аянтчасы пайда болду. Анын жардамы менен соода-сатык иштерин электрондук форматта жүргүзүп, жергиликтүү бизнесмендердин коңшу жана алыскы мамлекеттердин ишкерлери менен келишимдерди түзүп, товар алмашуусуна шарт түзүлөт.

Электрондук коммерция деген эмне?

Электрондук коммерция - бул кардар менен сатуучуну же бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн жакындатуучу аянтча. Тактап айтканда, жарандар товарларды үйүнөн чыкпай эле интернет аркылуу сатып алса болот.

Маселен, Amazon дүйнөдө интернет аркылуу соодо-сатык жүргүзүү багытындагы эң алгачкы ири америкалык компаниялардын бири. Анын капиталы быйылкы жылдын сентябрына карата 1 трлн долларды түзгөн.

Ал эми Кыргызстанда жергиликтүү интернет компаниялар эми гана негизделүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстандын электрондук бизнести өнүктүрүүдө потенциалы жогору

Электрондук коммерция бизнесмендер үчүн дагы ыңгайлуу. Себеби, алар өнөктөштөрү менен жерине барып келишим түзбөйт. Бардык маселелерди санариптик жол менен чечип алса болот.

Жаңы түзүлгөн электрондук соода аянтчасы интернет аркылуу бизнес кылган ишкерлерге көмөк көрсөтөт.

"Электрондук соода аянтчасына кирип, ага катталып, базасы менен таанышып, кандай байланыштар бар, кандай баа менен эмне сатылып жатканы тууралуу маалымат алса болот. Бир гана Кыргызстан жарандары бири-бири менен эмес, Евразия экономикалык биримдикке мүчө жана Европа мамлекеттеринин бизнес өкүлдөрү менен алака түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Баалар дагы төмөндөйт. Анткени атаандаштык ачык болот",- деди Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев.

Электрондук бизнести өнүктүрүүдө Кыргызстандын потенциалы

Кыргызстандын электрондук бизнести өнүктүрүүдө потенциалы жогору болгону менен бир нече көйгөйлүү маселелер бар.

Президентке караштуу эксперттик кеңештин координатору Дастан Догоевдин айтымында, кардардын талабын тез арада канааттандыруу үчүн атайын логистикалык борбор түзүлүүсү керек. Ошондой эле төлөм иштерин жүргүзүүгө механизмдер иштелип чыгуусу шарт. Андан тышкары жарандын өздүгүн тастыктоочу системаларды түзүү өтө маанилүү.

"Мындай ыкмалар тобокелдиктерди жокко чыгарат. Коопсуздук маселесин жөнгө салат. Ошондуктан мындай механизмдер биринчи кезекте иштелип чыгышы керек. Тиешелүү мыйзамдык базанын түзүлүшү дагы зарыл. Анан эң негизгиси жарандардын, бизнестин жөндөмүн жакшыртып, жаңы ыкмаларды колдонгонго тиешелүү шарт түзүлүшү керек".

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV
Image caption Электрондук бизнес эл аралык практикада кеңири колдонулуп, натыйжалуу жыйынтык берип келет

Ишкерлердин көз карашы

Ишкерлер бизнести өнүктүрүүдө электрондук коммерция өтө ыңгайлуу экенин айтышууда. Өлкөдө жүз токсон кызмат көрсөтүү электрондук форматка өткөн. Учурда дагы жүздөн ашык кызмат көрсөтүү электрондоштурулганы турат.

Кызматтардын электрондоштурулушу жарандар үчүн көптөгөн жеңилдиктерди алып келет. Бирок электрондук бизнести негиздөөдө көп мээнет жана каражат талап кылынат.

"Менин таанышым зеригерлик боюнча электрондук бизнес ачып жатат. Ага бир миллион долларга жакын акча кетти. Алгач ал дүйнөдөгү ири сайттарды изилдеп чыкты. Өзүнүн электрондук бизнесин ачуу үчүн 5-6 фото студияларды негиздөө зарыл экен. Эгер Кыргызстанда бизнестин кайсыл бир тармагы боюнча чоң электрондук бизнес ачылса, чакан ишкерлер комиссия төлөп, алардын сайтын колдонсо болот"- дейт Улуттук бизнес-ассоциациялар альянсынын катчылыгынын башчысы Сталбек Акматов.

Электрондук бизнес эл аралык практикада кеңири колдонулуп, натыйжалуу жыйынтык берип келет. Алыс кетпей коңшу мамлекеттерди эле ала турган болсок Орусия менен Казакстанда электрондук коммерция эбак эле ишке ашкан.

Кыргыз өкмөтү электрондук бизнести өнүктүрүүнүн мыйзамдык базасын түзүү аракетин көрүп жатат. Бул багытта даярдалган жаңы мыйзамды Экономика министрлиги атайын адистер менен талкууга алууда.