"Кумтөр" боюнча макулдашууну аткаруу мөөнөтү узартылды

"Кумтөр" соңку он жылдагы саясатташкан өлкөдөгү экономикалык эң чоң долбоордун бири
Image caption "Кумтөр" соңку он жылдагы саясатташкан өлкөдөгү экономикалык эң чоң долбоордун бири

Өкмөттүн "Кумтөр" боюнча макулдашууну аткаруу мөөнөтү кайрадан узартылды. Бул тууралуу "Центерра" ишканасынын 2018-жылдын үчүнчү кварталы боюнча тараткан маалыматында көрсөтүлгөн. Ал эми өкмөт, маселе боюнча азырынча эч кандай комментарий бере албай турганын билдирди.

Өкмөт менен "Центерра" компаниясынын ортосундагы экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтү бир нече жолу узартылды. Бул ирет "Центерра" ишканасы өзүнүн отчётунда мөөнөт 2019-жылдын 31-январына чейин жылдырылганын жазып чыкты.

"Буга чейин кыргыз өкмөтү менен "Центерранын" ортосундагы макулдашууну аткаруу мөөнөтү 2018-жылдын 2-ноябрына жылдырылган. Бирок кыргыз өкмөтү менен "Центерра" ишканасынын акыркы жолу өз ара сүйлөшүүсүнөн кийин келишимдин шарттарын аткаруу мөөнөтү узартылды" ,- деди "Кумтөр Голд" ишканасынын басма сөз катчысы Марина Гаврилова.

Экологиялык олуттуу зыян алып келгени үчүн 2013-жылы өкмөт канадалык "Центерра" ишканасын сотко берип, миллиондогон доллар кенемте талап кылган.

Бирок 2017-жылдагы стратегиялык макулдашуу менен Кыргызстан доосунан кайра баш тарткан. Анын ордуна "Центерра " онкологиялык кызматты жакшыртууга 10 миллион, жаратылышты коргоого 50 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон.

Былтыр сентябрда өкмөт "Онкологиялык кызматка колдоо көрсөтүү" коомдук фондун түзүп, инвестор убада кылган 10 миллион доллардын 7 миллионун Кыргызстанга бир ай ичинде которгон.

Бирок ошол учурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун "Кумтөр" боюнча түзгөн макулдашуусунда көп кемчиликтер бар экенин айтып, Жогорку Кеңештин депутаттары сындап чыккан.

Image caption Өкмөттүн "Кумтөр" боюнча макулдашууну аткаруу мөөнөтү кайрадан узартылды

Макулдашуу эмне себептен создуктурулуп жатат?

"Келишим ишке кирбей, аны аткаруу мөөнөтүнүн улам артка жылып жатканынын бирден-бир себеби, өкмөт Кыргызстандын пайдасы үчүн жаңы шарттарды талап кылып жатканында. Алар өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон келишим түзүү аракетин көрүүдө",- деди "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Тоо-кен тармагы боюнча адис Дүйшөнбек Камчыбеков, өкмөт маселени создуктурбай мүмкүн болушунча эртелеп чечүү керек деген ойдо. Анткени кайсыл бир ишканадан жакшы сунуш келип түшө турган болсо, "Центерра" компаниясынын үлүшүн сатып жиберүү мүмкүнчүлүгү жогору.

Белгилей кетсек, буга чейин Лондондо катталган "Чаарат Голд Холдинг" компаниясы канадалык "Центерра Голд" ишканасына анын "Кумтөрдөгү" үлүшүн сатып алууну сунуштагандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

"Кыргызстан "Центеррага" экологиялык доо коюп талап кылган кенемте сөзсүз төлөнүп берилиши керек. Учурда "Центерра" кыргыз өкмөтүнө сунуштап жаткан каражат, доодо талап кылынган каражаттан аз болуп жатат. Ошондуктан булар орток пикирге келе албай жатышат. Бул маселеде өкмөт дагы өзүнө жоопкерчилик алгандан коркуп турат. Анткени эртең эле өкмөткө биз "Центеррадан" мынча миллиард сом кенемте алмакпыз, ал эми силер сүйлөшүү жолу аркылуу мынча миллион гана сом өндүрө алдыңар деп коомдо нааразы пикирлер жаралышы мүмкүн".

"Кумтөр" соңку он жылдагы саясатташкан өлкөдөгү экономикалык эң чоң долбоорлордун бири. Өкмөт алмашкан сайын келишимди кайра карап чыгуу маселеси жаралып, бирок олуттуу деле жыйынтык чыкпай келет.

Азыркы өкмөт Мухаммедкалый Абылгазиев июнда өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча отчёт берип жатып, "Кумтөр" кени боюнча жаңы келишим каралып жатканын билдирген. Бирок анын өкмөттүн башына келгенине жарым жылдан ашып калса дагы, аталган маселе боюнча премьер-министр катары өз позициясын билдире элек.

Тектеш темалар