Жаңы Патрулдук милиция кимдерди кызматка алат?

Жаңы түзүлө турган Патрулдук милиция кызматкерлеринин айлыктары башкалардыкына салыштырмалуу кыйла жакшы болору көрсөтүлгөн
Image caption Жаңы түзүлө турган Патрулдук милиция кызматкерлеринин айлыктары башкалардыкына салыштырмалуу кыйла жакшы болору көрсөтүлгөн

Кыргызстандын баш калаасы Бишкекте патрулдук милиция кайра түзүлө турган болду. Буга чейин уюшулуп, бирок жоюлуп кеткен Патрулдук милиция бул ирет жарандык коомдун активситтери тарабынан сунушталды. Эксперттик топ иштеп чыккан стратегияны президент Сооронбай Жээнбеков колдоого алды. Бул кызмат мурдагысынан эмнеси менен айырмаланат? Ушундай аталыштагы кызмат өткөн жылы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков тарабынан эмнеге жоюлган?

Айттыңбы кыл же демилгенин "убарасы"

19-июлда президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана бир катар жарандык активисттер менен жолуккан. Жыйындын катышуучуларын бири Тамерлан Ибраимов эл арасына "МАИ" деп таанылган кызматты реформалоо зарыл экенин жүйө келтирип, өз аргументтерин айткан эле.

"Ал жакта кадрларды тандоо прицибинен баштап жалпы эле иштөө принцибин өзгөртүү керек. Эгерде сиз чындап эле жарандык коом менен кызматташам десеңиз, бул ишти ордунан жылдырууга, жакшыртууга биз баардык күчүбүздү жумшоого даярбыз",- деген Тамерлан Ибраимов.

Президент Ибраимовдун айткандарын колдоп, аталган тармакты реформалоо, жакшыртуу маселеси көнүл сыртында калбаганын кошумчалаган. "Бул боюнча атайын топ түзсөк дейм, ал тургай ошол топту Тамерлан өзүң жетектешиңди каалайм" деп айтканы бар. Бул сунушту олтургандар жылуу кабыл алып, бирок жүзөгө ашабы же ашпайбы деген суроо ачык бойдон калган.

Көп өтпөй президент демилгечини кайра кабыл алып, атайын эксперттик топ түзүлүп, иш башталган. Алар ишти жаңы форматта баштап, адаттагыдан башка нукта тандоо өткөрүү пландарын билдирди.

"Биз жаңы адамдарды тандап алууну туура деп эсептейбиз. Азыркы милиция кызматкерлери да сынакка катыша алат. Бул алардын укугу. Бирок биз кызматкерлердин кайсы бир бөлүгүн жарандык коомдун өкүлдөрүнөн тандап алсак дейбиз. Ишибиздин экинчи этабы бул окутуп үйрөтүү. Окутуу ИИМдин академиясынын базасында өтөт. Ал жерден адам укутарына кандай мамиле кылуу керектиги жана физикалык, тактикалык, өрткө каршы даярдыктар менен катар эле жол кыймылынын эрежелери да терең үйрөтүлөт",- дейт эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов.

Кыргызтанда өзгөчө Бишкекте жол кырсыктары байма-бай катталып, жол кырсыктарыны саны боюнча алганда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен тизмесинин сап башынан түшпөй келет. Дал ушул көйгөйдү чечүү үчүн өкмөт соңку жылдары ар кандай ыкма, жаңылык, айла-амалдарды издегени менен азырынча айтаарлык чоң жыйынтык боло элек.

Жол кырсыгын азайтат, кылмыштуулукка бөгөт болот деген "Коопсуз шаар" долбоору алты жылдан бери токтоп турат.

Image caption Бишкекте жол кырсыктарынан каза тапкандарды эскерүү күнү белгиленди. 15-ноябрь 2017-жыл

Эксперттик жумушчу топ бул иш ара жолдо калбай турганын айтып, ишти эмнеден баштап, кантип аяктоого чейинки ар бир кадам такталган деп ишендирүүдө.

Жаңы түзүлө турган Патрулдук милиция кызматкерлеринин айлыктары башкалардыкына салыштырмалуу кыйла жакшы болору көрсөтүлгөн. Бирок каражат толук бөлүнүп, долбоор шыдыр иштеп кетеби деген суроого азырынча так жооп жок.

"Эң башкы маселе айлыктары менен социалдык муктаждыктарын чече турган шарт болгондо гана бул кызмат максатына жетет. Коррупция менен күрөшө алат. Ансыз эч кандай жыйынтык болбойт. Ушуларды чечип, кадр катары жакшылап даярдап туруп анан иш баштай турган болсо ушул эле структура "Коопсуз шаар" ишке киргенде далай жүкту тартып кетет. Бирок адгы кайталайм, айлыгы, шарты жакшы болушу керек", - дейт Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев.

Бирок бул кызматты жакшыртуу зарыл болгону менен азыркы тандап алган жол эң мыкты вариант эмес дегендер да арбын. Алар аталышы башка болгону менен бул сыяктуу аракеттер буга чейин эч кандай натыйжа берген эмес деген жүйөнү айтышууда.

"Бул тармакта тезинен чече турган курч маселелер бар. Ошол эле коррупция, кадр маселеси жана башка. Бул көйгөйлөрду чечүү зарыл. Бирок ал үчүн азыркы жолдун тандалышы ошол кызмат, ошол мекеменин ичинде чакчелекей саясат, уюшулбаган иш бардыгынан кабар берип атпайбы. Болбосо ушул сыяктуу бөлүп салуу же тескерисинче бөлүмдөрдү кошуп, бириктирип салуудан кандай жыйынтык чыкты? Грузияда укмуш реформа болгон дейбиз, бирок ал жердеги реформа каражат менен эле жасалган жери жок. Саясий эрк, стратегия да так болду. А бизде кандай болду? Кээ бир министрилер учурунда андай бол турган болсо орун басарларыбызды өзүбүз тандай албай калат экенбиз деген мисалдар да болбодубу", - дейт Жол коопсуздугу бей өкмөт уюмунун жетектчиси Чынара Касмамбетова.

Жол коопсуздугу демекчи, жакында эле Балыкчы шаары өз алдынча коопсуз шаар долбоорун ишке киргизмек болуп, бирок өкмөт менен бир пикирге келе албай жактан учуру.

Тема боюнча башка макалалар