Сириядагы жаңжалга аралашкан кыргызстандыктар: азгырыгы, тагдыры, коркунучу

Сирия менен Түркиянын чегиндеги Идлиб провинциясы Асаддын режимине каршы чыккан күчтөрдүн акыркы таянычы болуп калды. Жакын аралыкта аймакты экстремисттик топтордон тазалоо операциясы тууралуу айтыла баштаганда, ал жердеги согушкерлер каякка качат, кайда барып баш калкалайт деген суроо жаралууда.

Сириядагы жети жылдык үрөй учурган жарандык согуштун суук илеби бул өлкөдөн миңдеген чакырым алыста жайгашкан чөлкөмдөргө чейин сезилип турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган жүздөгөн кишилер жихаддык топтордун азгырыгы менен Жакынкы Чыгыштагы куралдуу жаңжалга аралашып, айрымдары окко учса, кээси артка - мекенине кайра качып келген. Көпчүлүгү Сирияда кандай тагдыр менен жүргөнү беймаалым.

"Эч кимге жардам бере алган жокмун, адашыптырмын"

Биз Сирия аймагына ар кандай азгырык менен барып калып, кайра мекенине качып келген кыргызстандыктар менен жолуктук. Булардын баары ар кандай мөөнөттө Сирия аймагында болуп келишкен. Кантип азгырылып баргандагы таржымалы бири-биринен көп деле айырмаланбайт: интернеттеги коомдук сайттар, айылдашын ээрчип кеткен.

"Бишкектен Стамбулга учтум. Түркияда мени тосуп алышты. Ал жерден турист катары автобуска билет алып, Түркия-Сирия чек арасындагы шаарга келдик. Чек араны кечинде кесип өттүк, кайсыл шаар экени эсимде жок. Бизди бүтө элек лагерге алып келишти. Ал даярдоо лагери экен. Советтер союзунун учурунда мектепте Аскерге чейинки дарярдык деген сабакты окугандыктан, мен даярдыктан өтпөйм дедим. Өз ыктыярым менен көтөрүлүшчүл топтор менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы шарттуу чек ара тилкесиндеги заставаларга бөлүнүп кеттик. Заставаларда күзөттө жүрдүк. Ар дайым ордубузду алмаштырып, күзөтөбүз. Түз кагылышууларга эч аралашканым жок. Биз тарапка артиллериялык аткылоо жана аба чабуулдары анда-санда болуп турган",-деп айтып берди алардын бири.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сириядагы жаңжалга аралашкан кыргызстандыктар:

Төрт баланын атасы, 41 жаштагы бул киши Сириядагы жаңжал тутанган учурда ММКлар аркылуу тынбай маалымат алып, кийин "мусулмандарга жардам берем" деген ой менен согуш жүрүп жаткан аймакка барууну чечкен. Ал тургай жолго кеткен чыгымдарын дагы өзү айлап жыйнаган экен. Сириянын Латакия аймагында төрт ай жүрүп, Кыргызстанга келери менен камакка алынып, беш жылга соттолот. Мен андан сен кимдир бирөөгө жардам бере алдыңбы деп сурадым.

"Жок. Мен ал жакта эч кимге жардам бере алган жокмун. Мен жардам берем деп барган кишилер бири-бири менен душмандашып кеткенин көрдүм. Душмандашкан топтордун арасында калдым десем болот. Ошондон кийин мен өлкөмө кетейин деп чечтим".

Айылдашынын тузагына чалынгандар

Оштун чет-жакасындагы Кашкар-Кыштак - көп улуттуу, өзбек, уйгур, кыргыздар отурукташкан айыл. Мындан үч жыл мурун декабрда Кара-Суунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында өз үйүнө жакын жерде 37 жаштагы тургунду террордук уюмдун өкүлдөрү атып кеткен. Окуя диний көз караштардын тирешинен улам чыкканы айтылган. Кийин бул окуя боюнча 16 киши кармалып, жанынан курал-жарак табылган.

Бул куралдуу топко адам өлтүрүү боюнча буюртманы "Абу-Салах" ысымдуу террордук топтун амири бергени белгилүү болуп, ага издөө жарыяланган. Ал азыр Сирия аймагында Борбор Азия өлкөлөрүнөн баргандардан түзүлгөн экстремисттик топту жетектеп жүргөнү тууралуу маалыматтар бар. Ага эл аралык издөө жарыяланган.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бул окуя боюнча 16 киши кармалып, жанынан курал-жарак табылган.

Анын теги ушул Кашкар-Кыштак айылынан. Аймакта анын азгырыгы менен кеткендер, анын торуна илингендер бир топ.

"Ушул жерлик Сиражидин деген айылга келип, Сирия тууралуу айтып баштаган. Ал мечитте иштейт эле. Мусулмандарга жардам беришибиз керек деп айткандарын уктум. Кийин Жаңы жылды белгилебеш керек деп чыкканда, айылдагылар нааразылык билдирип, аны имамдыктан алып салды. Ал ага карабай акырын кишилерди чогултуп үгүт кылып жүргөн. Анын шакирттеринин бири менден дагы "сиз Сирияга барасызбы" деп сурай баштады. Бара албайм, ата-энемди таштай албайм десем, "Аллахты ата-энеңизден жогору коесузбу" деди. Акчам деле жок эле. Бирок паспортуңу эле берсең, ал жагы биз алып барабыз дешкен",-деп айтып берди Сирияда он беш күн болуп келген айыл тургуну.

Үч айылдашы менен бирге булар Оштон Стамбулга учуп, Сирия аймагына өтүшкөн. Чек ара тилкесинен бир нече чакырым аралыкта жайгашкан лагерде он беш күн кармалышкан. Ал жерге чейин бизди тосуп алып, чек арадан өткөрүп койгон кишилер болду дейт ал.

"Лагерде бизди айылдашыбыз тосуп алды. Ошол жерде туруп калдык. Бизге диний сабактарды өтүп жатышты. Барганыбыздан он беш күн өткөн, уктап жаткан элек, алыстан бомба чабуулу болду. Өтө коркуп кеттим, үйгө кетем деп чыктым. Мага өзбекстандык бирөө автоматын кезеп: "Кетпейсиң! Кетсең динден чыккан болосуң. Мен сени атып салам!" деп, автоматын октоду. Ортодон бирөө арачалап калды: "Атпа! Атсаң Сирияга барса атып салышат экен деген кеп тарап, мусулмандар келбей коет, жол тосулуп калат" деди. Ошол күнү таң атпай үчөөбүз качып чыктык. Түркияга өтүп, апама телефон чалып акча сурадым".

Ошол окуядан кийин анын апасы оорукчан болуп калган экен. Уулу Кыргызстанга келгенден кийин, апасы окуяны толук айтып бер, укук коргоо органдарына баралы деген. Бирок коркуп, мындан баш тартат. Бир жыл өтпөй милиция аны кармап кеткен. Азыр шарттуу кесилип, жазасын өтөп жатат.

Сириядагы жаңжал тутанып, азгырыктар жүрүп турган учурда бул айылдан 60тай киши согуш жүрүп жаткан аймакка чыгып кеткен. Айрымдар үй-бүлөсү менен кеткендиктен сегизи жаш балдар 13 аял. Сегиз киши кайтып келип, сот жообуна тартылган. Сирияда 600дүн тегерегиндеги кыргызстандыктар бар дейт коопсуздук кызматы. Ал жакта жүрүп каза тапкандар жүздөй киши.

"Бүгүнкү күндө Сирияга кеткендердин эмес, кайра кайтып келгендердин маселеси актуалдуу болуп калды. Кайсыл бир мамлекетке барып, ал жерде жалданып согуш аракеттерине катышып келгендер, сөзсүз Кыргызстан мыйзамдары боюнча жазага тартылышат. Албетте, Кыргызстандан кеткен жарандар эсепке алынган. Алардын кайтып келүүсү жана өлкөгө диверсиялык иш-аракеттерди аткаруу үчүн келген эл аралык террордук топтордун мүчөлөрүнө каршы толук кандуу иштер жүргүзүлүүдө",-деди УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулмайманов.

Идеологиялык күрөш бардык жерде жүрүүдө

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
“ИМ” тобунун мурунку мүчөлөрү Европаны көздөй качууда

Кыргызстанга коңшулаш өлкөлөрдө чет жакта жүрүп, радикалдуу топтордун катарында согушкандарды катаал жазалар күтөт. Айталы, Казакстан террордук кылмышка баргандарды жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзамдык өзгөртүүлөрдү сунуштаганы бар. Диний экстремизм жана терроризм менен соттолгондорду Кыргызстанда өзгөчө абакта кармай башташты.

"Экстремизм жана терроризм менен соттолгондор Кыргызстандын жарандары. Алар мынтип соттолуп, жаза аткаруу мекемелерине келгени менен маселе чечилип калбайт. Анткени алар жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, кайра эле коомго кайтып барышат. Ошон үчүн аларды тарбиялоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Соттолгондордун баары болбосо дагы көпчүлүгү туура эмес жолго түшүп кеткенин түшүнүп, жолунан кайра кайткан фактылар дагы көп",-дейт Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Улукбек Артыков.

Идеологиялык күрөш бардык жерде жүрүүдө, жаза аткаруу мекемелеринен тартып, коомдук сайттар, айыл апага чейин.

Мечиттерде болсо, ар бир намазда туура жолго үндөгөн чакырыктар айтылат.

"Көпчүлүк жаштар мечитке кирбестен, сырттан эле интернетке кызыгып, анан ошол жол менен барып адашкандарын биз жума намазына чогулган жерде дайыма айтып жатабыз. Терроризм тууралуу, адам өлтүрүү арам иш экенин, исламда чоң күнөө экенин айтабыз. Исламдын ата-бабаларыбыз карманып келген туура бутагын тутунушубуз керек. Жаштарга түшүндүрүү керек: мекенди сүйүү бул ыймандан",-деди Кашкар-Кыштактагы мечиттин имамы Халилилло Кодиров.

"Сирияга кеткендердин басымдуу бөлүгү 18-30 жашка чейинки жаштар. Бул катмар кандайдыр бир үгүткө бат алданат. Биринчи кезекте, алардын диний сабаттуулугун текшерип көрүп эле, үгүттөп башташат. Бул коомдук сайттар аркылуу дагы жүрүп келген. Эң биринчи маселе, бул диний сабаттуулук. Социалдык көйгөлөр дагы бар. Кээси акча табуунун көздөп барышат. Бирок эч ким акча таап байып кетпегенден кийин, азыр Сирияга чыгып кеткендер дээрлик токтоду",-дейт УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулмайманов.

Шарттуу кесилип, эркиндикте жүргөндөрүн көз жаздымда калтырбай, Ош облусунун аймагында "Коопсуз-Ордо" долбоору иштеп жатат.

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн орун басары Матазим Абдылдаевдин айтымында, долбоордун алкагында коомчулуктун өзү радикалдуу көз караштар менен күрөшкө тартылды.

Учурдун көйгөйү - Сирияга кеткендер маселеси эмес, радикалдуу диний көз караштарга каршы ички күрөш болуп жаткандай.

Тектеш темалар