"Эл аралык шылуундун" камалышы: Текебаевдин ишин кайра кароого жаңы жагдай

"Ата Мекен" партиясы Текебаевдин соттолушун саясий буюртма катары айыптап, көп жолу каршылык акциясын өткөрдү.
Image caption "Ата Мекен" партиясы Текебаевдин соттолушун саясий буюртма катары айыптап, көп жолу каршылык акциясын өткөрдү.

"Ата Мекен" партиясы Ɵмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо жөнүндө президент С. Жээнбеков менен башкы прокурор Ɵ. Жамшитовко кайрылуу жолдоду. Анда Текебаевди айыптап көрсөтмө берген жалгыз күбө Л.Маевскийдин Россияда камалышы жаӊы ачылган жагдайларга негиз болот деп айтылат.

"Ата Мекен" партиясы кайрылууда абакта жазасын өтөп жаткан партия лидери Ɵмүрбек Текебаевдин арызы жана көрсөтмөсү башка жагдайлар менен чогуу сот тарабынан кайрадан каралып бааланышы керектигин билдирди. Ошондой эле өлкөнү Атамбаев башкарган жылдары журналисттер, укук коргоочулар жана оппозициядагы саясатчылар куугунтукка алынганын баса белгилеп, Атамбаевдин жана анын айланасындагылардын кылмыштуу иштерин ачык айтып чыккан Өмүрбек Текебаевдин соттолушун "одоно, абийирсиздик менен жасалмаланган кылмыш иши" деп атады.

Текебаев менен Чотоновдун актыгына ишенип, убагында экс-президент Роза Отунбаева баштаган Убактылуу Өкмөттүн дээрлик бардык мүчөлөрү, Өкмөттүн мурдакы башчылары, Жогорку Кенештин азыркы жана мурунку депутаттары, экс-вице-спикерлер, интеллигенция өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү, маданий ишмерлер сотто көрсөтмө беришкен. Бирок сот алардын көрсөтмөлөрүн четке кагып, бир гана Маевскийдин көрсөтмөсүнө таянып, бүтүм чыгарган.

Image caption Текебаевдин ишин караган сот бир гана орусиялык ишкер Маевскийдин көрсөтмөсүнө таянып, өкүм чыгарган.

"Сот бир гана "эл аралык деңгээлдеги шылуундун" далил-фактысыз, одоно жана чылгый жалаасын далил катары кабыл алган",-дейт "Ата Мекен".

Орусиялык ишкер, Мамдуманын мурдакы депутаты Леонид Маевский "ооз басырык" кылганы үчүн ири суммада акча талап кылган деп айыпталып, камакка алынганы өткөн жуманын аягында белгилүү болгон. Эгер анын күнөөсү далилденсе, сот аны 15 жылга түрмөгө кесип жибериши мүмкүн.

"Маевскийдин Москва шаарында айыпталышы жана камакка алынышы анын жалган «көрсөтмөлөрдөн» акча табуунун ыкмасын адатка айлантып алганынын дагы бир далили болуп эсептелет. Демек, Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун иши боюнча айыптоо өкүмү үчүн анын көрсөтмөлөрү негиз болуп бере албайт. Маевскийдин камакка алынышы - кыргыз сотторуна чыккан оор өкүм, алардын сот катары жөндөмсүздүгү, өз алдынча боло албастыгы, бийликтин калыс жана адилет бутагы боло албай калгандыгынын көз көрүнөө далили. Кыргыз соттору УКМК жана прокуратура менен бирдикте мамлекеттүүлүгүбүздүн ыдырашына жол ачып, коомчулукту бири-бирине карама-каршы коюп, чыр-чатактын өзөгүн түптөп, саясий оппоненттерди жок кылуунун куралы болуп алышты",-деп айтылат кайрылууда.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Текебаевдин сот процессинде аны жактап экс-президент Роза Отунбаева баш болгон көп саясатчылар көрсөтмө беришкен.

"Ата Мекен" ошондой эле УКМКнын мурдакы башчысы Абдил Сегизбаев, мурдакы башкы прокурор Индира Жолдубаева, башка прокурорлор жана соттор Атамбаевдин көрсөтмөсү менен иштеп, Маевский менен ич ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, Атамбаевдин жакын адамдары Москвадан Маевскийге жолуккан деп дагы белгилейт.

"Леонид Маевский менен Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдары Москва шаарында жолукканы, кийин ушундай эле жолугушуу Бишкек шаарында УКМКнын жана мурунку президенттин аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда өткөнү соттор тарабынан атайылап эске алынган жок. Ал кызмат акысына нечелеген миллион доллар өлчөмүндөгү акча каражаты Маевскийге эки транш менен төлөнгөнү ар кайсы булактардан айтылып жатты".

Текебаевдин жактоочулары соттук отурумдардын бардыгы процесстик, эмгек жана моралдык-этикалык мыйзам бузуулар менен коштолду деп көп жолу арыз-даттануулар менен чыгышты. Бирок Атамбаевдин убагында бийлик органдарынан аларды эч ким укпады.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Ɵмүрбек Текебаев жана партиялашы Дүйшөнкул Чотонов "Альфа-Телеком" компаниясынын акциясын убада кылып, бир миллион АКШ доллары өлчөмүндө пара алган деп айыпталып, өткөн жылы августта сегиз жылга түрмөгө кесилген.

Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу аракеттери башталган, бирок Башкы прокуратура камактагы саясатчынын арызын канааттандырган эмес.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өзүнүн "Апрель" телеканалына берген маегинде Текебаевдин ишинде баары мыйзамдуу, далилденген деп белгилеп, бирок анын соттолуп кеткенине өкүнүч билдирген.

20-ноябрда президент Жээнбеков менен жолугушууга барган мурдакы өкмөт башчылары, парламент жетекчилери саясий туткундар маселесин көтөрүп, Текебаев баштаган камактагы саясатчыларды актап же мунапыс берип боштондукка чыгарууга чакырышты.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар