А. Турдукулов: Атамбаев жөн жерден эле орус тилинде маек курган жок

А. Турдукулов: Атамбаев интервьюну эмнеге орус тилинде берди деп аябай талкуулап жатышат. Менимче, бул жөн жерден эмес Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption А. Турдукулов: Атамбаев интервьюну эмнеге орус тилинде берди деп аябай талкуулап жатышат. Менимче, бул жөн жерден эмес

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин соңку маегинде айткандары дагы деле талкуунун чордонунда. Анда негизинен Текебаев, президенттик шайлоо, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов жана Икрам Илмияновдун камалышы сыяктуу маселелерге токтолду.

Айрымдар Атамбаев мындан ары азыркы бийликке ачык оппозиция, келишкис душман болоору белгилүү болду десе, дагы бирлери ал керт башынын коопсуздугу менен байлыгына кооптонуп жатат деп жоромол кылууда. Экс-президенттин "Апрель" телеканалындагы маегинде өзүнүн элине эне тилинде эмес, орусча гана сүйлөгөнү өзүнчө суроо жаратты.

Би-Би-Си жарандык активист Адил Турдукуловго кайрылып, Атамбаевдин маегиндеги урунтуу делген айрым жагдайларды талдады

А. Турдукулов: Атамбаев интервьюну эмнеге орус тилинде берди деп аябай талкуулап жатышат. Менимче, бул жөн жерден эмес. Атамбаев эч кыйынчылыгы жок эле кыргыз тилинде берип коё алмак. Бирок кайсы бир маселеде Кыргызстан буга чейин "эксперименттин полигону" болуп келгенин билебиз. Дал ошол жагдайды эске алып, Алмазбек Атамбаев сырткы күчтөргө "Кыргызстандын ички саясатына мен толук таасир этем, муну эске түйгүлө" дегендей ойду кыйытты деп түшүнөм. Мен мурун Алмазбек Атамбаев менен чогуу иштеп, аны жакшы билгендиктен, ал киши ушул маегинде бийликке келе элек чагын, Акаевдин, Бакиевдин тушундагы сынын көрсөттү. Бул сыны эмнени билдирет? Анын айткандарынан, кыймыл аракетинен ал саясий күрөшкө толук даяр экенин түшүндүм.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption А. Турдукулов: Мен мурун Алмазбек Атамбаев менен чогуу иштеп, аны жакшы билгендиктен, ал киши ушул маегинде бийликке келе элек чагын, Акаевдин, Бакиевдин тушундагы сынын көрсөттү. Бул сыны эмнени билдирет? Анын айткандарынан, кыймыл аракетинен ал саясий күрөшкө толук даяр экенин түшүндүм

Би-Би-Си: Экс-президенттин мындай маек менен чыгышын айла кеткендеги аракет катары баалагандар менен катар эле, бул жөн эле кадам эмес деп сыпаттап жатышат.

А. Турдукулов: Атамбаев бир жылга чукул тыныгуу кармап, андан соң ушундай кадамга барып жатканынын өзү эле анын дасыккан саясатчы экенинин бир далили. Мен дагы бир нерсеге көңүл бурдум. Атамбаев өзүнө көз каранды журналисттерге эмес, керек болсо өзү чырдашып, соттошуп келген журналисттерге маек бергенде такыр башкача болмок. Башкача дегеним, ал журналисттер деле ушунун айланасындагы суроолорду бермек. Себеби, ал эң орчундуу суроолордун баарына эле кайрылды. Бирок мен айтып жаткан журналисттеге маек куруп бергенде эл арасында бул маекке ынангандар, купулу толгондор арбын болмок.

Би-Би-Си: Маектин жүрүшүндө камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин да маселеси козголду. Сиз муну эмне деп түшүндүңүз?

А. Турдукулов: Текебаев темасына кайрылаары турган иш деп ойлойм. Бирок, айрымдар болжоп жаткандай, Текебаев абактан бошонуп чыкканда деле азыркы же экс-президентти жандабай, өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча саясий атмосфера түзүп коё турган негизги фигура. Ошондуктан тигиге же буга кошулат дегендерге анчейин ынанбайм

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар