Рябушкин кармалды: "Вечерний Бишкектин" чубалган чыры

Александр Рябушкин Сүрөттүн автордук укугу facebook

"Вечерний Бишкек" басма үйүнүнүн кожоюну Александр Рябушкиндин кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы ырастады. Басма үйүнүн акционерлеринин арызы боюнча болгон текшерүү жетекчилик тарабынан бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктаган. Бирок бул басма үйүндөгү чырдын чекеси гана. Рябушкин өлкөдөгү эң кирешелүү медиахолдингди рейдерлик жол менен басып алганы жөнүндө ишти Башкы прокуратура карап жатат.

Тергөө материалдарына караганда, басманын директору Мурат Божокоев менен Александр Рябушкин Эркин Мамбеталиевге (Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы) моралдык компенсация түрүндө "Вечерний Бишкектин" кассасынан бир миллион сом төлөп беришкен. А чынында ал сумма сот чечими боюнча басма үйүнөн эле эмес, аты окшош газетадан, "Жаңы Агым", МСН гезиттеринен, "Рубикон" рекламдык фирмасынан, басмаканадан өндүрүлө турган акча болгон экен. Ошону менен жетекчилер жабык акционердик коомдун акционерлерине чоң зыян келтирген болуп чыгууда.

Сүрөттүн автордук укугу vb.kg
Image caption "Вечерний Бишкек" көп жылдардан бери сот чечими менен колдон колго өтүп келаткан эң кирешелүү медиа холдинг

Бул "Вечерний Бишкектеги" чубалган чырдын чекеси гана. Медиахолдингди Рябушкин рейдерлик менен басып алганы жөнүндө анын мурдакы кожоюну Александр Кимдин арызы укук коргоо органдарында каралып жаткан учур. Башкы прокуратура анын арызын карап чыгып, кызмат абалынан пайдалануу жана алдамчылык беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Александр Кимдин убагында "Вечерний Бишкек" гезитинде иштеген публицист Нарын Айып бул медаихолдингдеги басылбаган чыр чынында рейдерлик басып алуу болгон деп билдирди Би-Би-Сиге.

Маалыматтарга караганда, Рябушкин 2000-жылы "Вечерний Бишкектеги" 50% үлүшүн сатып жиберген, бирок 2005-жылдагы революциядан кийин өзүнүн үлүшүн күчкө салып алып коюшкан деген негизде аны кайтарып берүү жөнүндө сотко кайрылат. 2006-жылы жана 2011-жылы чыккан сот чечимдери боюнча анын арызы четке кагылган. Бирок 2014-жылы кайра соттошкондо мүдөөсү орундалып, медиахолдингдеги 50% акциясы кайрадан колуна өткөн. Ал аз келгенсип, сот Рябушкиндин арызы боюнча 2000-жылдан бери албай калган кирешесин 480 миллион сом деп бычып, анын ордуна Кимдин 50% акциясын да алып берет. Толтура сот жыйындары өтүп, бирок Кимдин арыздарынан эчтеке чыккан эмес. Акыры Жогорку Сот дагы Рябушкиндин пайдасына чечип, Рябушкин медиахолдингге бүтүндөй кожоюн болуп калган.

Image caption Публицист Нарын Айып "Вечерний Бишкектеги" чыр чындыгында рейдерлик басып алуунун классикалык түрү болгон дейт.

Нарын Айып "Вечерний Бишкектин" Рябушкиндин колуна өткөрүү ошол убактагы жогорку бийликтеги адамдардын буйругу менен жасалган, ошон үчүн соттордун баары акыйкат карабай, рейдерлик басып алууну колдогон чечим чыгарып беришкен деп жатат.

"Классикалык рейдерлик басып алуу бул. Рябушкин бул жерде куурчак. Холдингден түшүп аткан кирешени алыш керек болчу. Экинчиден, медиа ресурска ээ болуп, өзүнүн саясатын жүргүзүү керек болчу",-дейт Нарын Айып.

Атамбаев бийликте турганда анын жакын чөйрөсү бул медиахолдингдеги чырды акционерлердин ички чарбалык талашы, ага бийликтин эч тиешеси жок деген жоопту берип келишти.

Тектеш темалар