Ээн баш айдоочуларга курсанттар көз салат

Бишкекте автомектептердин курсанттары шаардыктарга жолдон коопсуз өтүүгө жардам көрсөткөнгө чыгышты
Image caption Бишкекте автомектептердин курсанттары шаардыктарга жолдон коопсуз өтүүгө жардам көрсөткөнгө чыгышты

"Жасаганың эл үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн" дегендей, Бишкекте автомектептердин курсанттары шаардыктарга жолдон коопсуз өтүүгө жардам көрсөткөнгө чыгышты. Алар жол коопсуздугун сактоодо жөө адамдарга эле жардамдашпастан, ошол эле кезде айдоочулардын да тартибине көз салышууда.

Бишкекте жол чырак коюлбаган өтмөктөрдөн же кесилиштерден жөө адамдарды кырсык көп тооруйт. Ээнбаш айдоочулар жөө адамдарга жол бербей, аларды койдуруп кеткен учурлар бар. Айдоочулар телефонго же башка нерселерге алаксып бара жаткан болот. Эми бул өксүктү жоюуга айдоочуларды даярдаган мектептердин курсанттары жардамга келишти.

Image caption Бишкек автомектебинин курсанты Кайыркүл Тазабекова

"Жол эрежесин бузгандар көп эле экен. Бул практиканын пайдасы бизге абдан маанилүү. Автомектептин бүтүрүүчүлөрүнө, окуучуларына ушундай тажрыйбалар көп өтүлүп турса жакшы болмок. Себеби бул жакта туруп өздөрү көрөт эле. Азыр биз жөө жүрөбүз да, ал эми унаага отургандан кийин мурунку өзүбүздүн жөө жүргөнүбүздү элестетип токтоого түрткү берет экен да"-дейт Бишкек автомектебинин курсанты Кайыркүл Тазабекова.

Жол эрежесинде жөө адамдардын милдеттери да кашкайта жазылган. Бирок чынында аны көп адамдар жакшы билбейт.

Жөө адамдар атайын тилке коюлган жерден дагы жол талашып автоунааларга чуркап чыгышы абдан кооптуу болууда. Себеби, 40 км/саат менен келе жаткан автоунаанын тормоздук жолу 14 метрди түзөт.

Image caption Айдоочулар союзунун Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакунов

"Балдар бар, ар кандай адамдар бар жүгүрүп чыгат, токтоп калат ошолордун баарын жеткиликтүү кылып түшүндүрүп бере турган болсок, жол эрежеси сакталып жөө жүргүнчүлөрдүн кырсыка учурашы кескин азаят деп ойлойбуз. Биздин эң негизги максатыбыз ушул"- деди айдоочулар союзунун Бишкек автомектебинин директору Дүйшөналы Токтакунов.

Кыргызстан жол кырсыктарынын көрсөткүчү эң жогору өлкөлөрдүн бири. Эң көп кырсыктар Бишкекте жана Чүй облусунда болот. ИИМдин маалыматы боюнча, жылына жол кырсыктарынан миңден ашык адамдын өмүрү кыйылат.

Соңку беш жылда эле балдар катышкан жети миңден ашык жол кырсыктары катталган.

Автокырсыктар негизинен жол коопсуздугунун эрежелерин бузуп, чоң ылдамдык менен айдоо, унааны туура эмес башкаруудан болуп жатканы айтылууда.

Бишкекте жол кырсыктарын иликтегендер, айдоочулардын 48 пайызы жол эрежесин билбей турганын, 70 пайыз айдоочулар жол инспекторуна пара берип кутулуп кетерин айтышат.

Тектеш темалар