BBC News Кыргыз кызматы телевизиондук жаңылыктар программасын кеңейтүүдө

Би-Би-Си

Би-Би-Си Кыргыз кызматы өзүнүн телевизиондук жаңылыктар программасын 15 мүнөткө кеңейтүүдө. Эл аралык жаңылыктарга технология, маданият, ден-соолук темасындагы жана региондогу кабарлар, ошондой эле жаштарга арналган берүүлөр кошулат.

Кеңейтилген ТВ жаңылыктары Кыргызстанда жергиликтүү убакыт боюнча саат 22.00дө Коомдук теле-радио корпорациясынын Биринчи каналы жана КТРКнын веб-сайты аркылуу да көрсөтүлөт. 15 мүнөттүк жаңылыктар түрмөгү www.bbc.com/kyrgyz сайтына жана Кыргыз кызматынын YouTube channel каналында да чыгарылат.

Image caption Би-Би-Си Кыргыз кызматынын редактору Гүлнара Касмамбетова.

"Кыргыз тилиндеги эл аралык жаңылыктар түрмөгүбүздү аптасына 3 миллион адам көрөт. Биз жаңылыктар түрмөгүн кеңейтип жаткандыктан, КТРКнын аудиториясы жана башка санарип каналдардын колдонуучулары кызыктуу темалар менен толукталган Би-Би-Си берүүлөрүн кубанып кабыл алат деген үмүттөбүз,"- дейт Би-Би-Си Кыргыз кызматынын редактору Гүлнара Касмамбетова.

Биздин көп жылдан берки партнёрубуз КТРК ай сайын даярдалган "Би-Би-Си Сапар" программасын үзбөй чыгарып келатат.

"Биз абдан терең кубанычтабыз. Себеби дегенде, бул Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын жамааты менен биргелешип көптөн бери көргөн күжүрмөн аракеттердин натыйжасы",-деди КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков. - Беш мүнөт аз көрүнгөнү менен бул эбегейсиз чоң жеңиш. Ошол беш мүнөт жаңылыктарды даярдаш үчүн көп каражат, көп убакыт, көп адамдык жана техникалык, каржылык ресурс кетет. Ошону эске алганда, бул чоң жетишкендик. Бул КТРК менен Би-Би-Синин кызматташтыгынын дагы үзүрлүү жетишкендиги десем болот".

Би-Би-Синин Радио программалары дагы КТРК аркылуу FM жыштыктарында жана орто толкундарында бүт өлкөгө таркатылат.

Кыргызстандагы телекөрүүчүлөр ошондой эле орус тилиндеги BBC News жаңылыктар программасын "Aла-Too 24" каналында дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин көрө алышат.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы BBC News Дүйнөлүк Кызматынын бир бөлүгү болуп саналат.

Image caption Казакстандык популярдуу ырчы Димаш Кудайбергенов Би-Би-Си Кыргыз кызматына барып маек курду

BBC Дүйнөлүк кызматы бүт дүйнөгө англис тилинде жана башка 41 тилде радио, телекөрсөтүү жана санариптик жаңылыктар контентин чыгарат. BBC Дүйнөлүк кызматынын бир бөлүгү болгон BBC Learning English глобалдык аудиторияга англис тил сабактарын берет. Кошумча маалыматтар bbc.com/worldservice сайтында бар. Би-Би-Синин эл аралык жаңылыктар кызматы, анын ичинде BBC World Service, BBC World News телеканалы жана bbc.com/news сайтынын ар аптадагы глобалдык аудиториясы 347 миллион адамды түзөт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар