Украина-Орусия тиреши: Трамп Кремлдин кадамын “агрессия” деп атады

A Russian FSB security service officer escorts a detained Ukrainian sailor to a courthouse in Simferopol, Crimea, on November 27, 2018 Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Окуяда 24 украиналык аскер камалып, кеминде үчөө жаракат алды

АКШнын лидери Дональд Трамп G20 саммитинде президент Путин менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартышы мүмкүн.

Жакында эле Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс Трамп менен Путин Аргентинадагы "Чоң жыйырмалыктын" саммитинде кеңири сүйлөшүүлөрдү өткөрөт деп айткан.

Бирок Керч кысыгында украиналык катерлерди орусиялык кемелер аткылап, кармап алышкандан кийин, АКШнын лидери Москванын кадамын "агрессия" деп атады.

"Балким мен [президент Путин менен] жолукпайм. Мага мындай агрессия жакпайт",-деди Трамп.

Ошондой эле Дональд Трамп Washington Post гезитине берген маегинде атайын кызматтардан "толук маалымат" күтүп жатканын билдирип, Европа мамлекеттерин Украинага көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Эки лидер коопсуздук, курал-жарак көзөмөлү жана Украина менен Жакынкы Чыгыштагы абалды талкууга алмак. Бул тууралуу президент Трамптын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон билдирген.

Керч кысыгында эмне болду?

Жекшемби күнү Керч кысыгындагы украиналык катерлерди орусиялык кемелер аткылап, кармап алышкандан кийин, Украина буга жооп катары аскердик абал киргизди. Өлкөнүн Жогорку Радасы чек арага чукул 10 аймакта, 30 күнгө аскердик абал киргизүүнү колдогон.

Украинанын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, украиналык куралдуу күчтөр күчөтүлгөн режимге өтүштү.

Киев кемелери Одессадан Мариуполь шаарына Керч кырсыгы аркылуу өтүп бара жатканын жана бул тууралуу Орусияга алдын ала маалымат бергенин айтты. Москва болсо украиналык катерлер чек араны бузуп өткөнүн билдирди.

Окуяда 24 украиналык аскер камалып, кеминде үчөө жаракат алды. Крым аймагынын соту 12 украин аскерин 60 күнгө абакка кести. Шаршемби күнү калган моряктар боюнча соттун өкүмү күтүлүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Rossiya 24
Image caption Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы айрым украин жоокерлеринин кайрылуусун видеого тартып, интернетке жарыялады

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы айрым украин жоокерлеринин кайрылуусун видеого тартып, интернетке жарыялады. Аскерлердин бири Володимир Лисовий, Украинанын "чагымчыл аракети" тууралуу алдын ала билгенин айтты.

Украинанын деңиз күчтөрү болсо, моряктар кысым алдында, аргасыз ушундай кайрылуу жасаганын билдирди.

"Мен Никополдогу моряктарды жакшы билем. Алар чынчыл, профессионал аскерлер. Ишин мыкты аткарат. Видеодо айтылган сөздөрдүн баары жалган",-деди Украинанын деңиз күчтөрүнүн башчысы Игорь Вороченко.

"Аскердик абал" - эмне өзгөрөт?

Аскердик абал дароо эле мобилизация башталат дегенди билдирбейт.

Украинанын президенти аскердик абал Донбасстагы кырдаалга таасир бербейт жана украин армиясынын кандайдыр бир жүрүштөрүнө алып келбейт деп баса белгиледи.

"Украина бир гана өзүнүн аймагын коргоо жана өзүнүн жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча гана аракеттерди көрөт",-деди президент.

Анын айтымында, бул чечим Донецк жана Луганск областтарында кагылышуу болгон жерлердеги сызыктар өзгөрөт дегендикке жатпайт.

Украинанын полициясынын башчысы Андрей Князев аскердик абал жарыялангандан кийин полиция күчөтүлгөн тартипке өткөнүн билдирген.

Би-Би-Синин кабарчысы өз кезегинде Украинада аскердик абал жарыялоо март айына коюлган президенттик шайлоонун башка убакка жылышына алып келиши мүмкүн деп жатат.

Дүйнөлүк коомчулук кандай реакция кылды?

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Киев шаарында 150 чукул тургун Орусиянын элчилигине таандык унааны өрттөштү

НАТО менен Европа Биримдиги Орусиядан украиналык кемелерге Керч кысыгынан тоскоолдуксуз өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү суранды.

Ошондой эле Европа Биримдиги Орусияны "абалды курчутпоого" чакырды жана Москва Керч көпүрөсүн куруп, Украинанын көз карандысыздыгына коркунуч жаратканын белгиледи.

Кара деңиздеги курчуган кырдаал боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйын өткөрүп, бирок эч кандай резолюция кабыл алган жок. Украина менен Орусия чагымчыл аракет жасап жатат деп бири-бирин күнөөлөдү.

Жыйында Киев кемелери Одессадан Мариуполь шаарына Керч кысыгы аркылуу өтүп бара жатканын жана бул тууралуу Орусияга алдын ала маалымат бергенин айтты. Москва болсо украиналык катерлер чек араны бузуп өткөнүн билдирди.

АКШ, Британия, Франция менен Германия Керч кысыгындагы окуялардан кийин Орусиягы каршы жаңы санкциялар тууралуу сөз кылган жок.

Тема боюнча башка макалалар