Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды

УКМК: Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption УКМК: Транспорт министринин орун басары пара менен кармалды

УКМК Транспорт министринин орун басары 50 миң АКШ доллары эсебинде пара алып жаткан жеринен кармады. Атайын кызмат шектүүнүн аты-жөнүн толук ачыктабай, чиновник министрлик жарыяланан тендерде маселени оңунан чечип берем деп чет элдик компаниядан акча талап кылып, кылтакка түшкөнүн билдирди.

УКМК кылмышка шектүү чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн буга чейин туугандары аркылуу 120 миң доллар пара алганын билдирди.

Сактыгынан эмес, суктугунанбы?

Тендерде компаниянын кызыкчылыгын коргоо чиновник тарабынан 520 миң АКШ долларына бааланган.

Атайын кызмат пара талап кылган чиновниктин да, акча менен өз кызыкчылыгын сүрөгүсү келген компаниянын да толук аты-жөнүн тактай элек.

Шектүү Борбор Азиядагы аймактык экономикалык кызматташтык (ЦАРЭС) алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт аркылуу өтүүчү транпспорттук коридордун Кыргызстанга тийиштүү участогун куруу боюнча тендердик комиссиясынын төрагасы экенин жана анын ысымы "Ж.А." инициалдары менен башталары белгилүү болду.

Кармалган адам Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев болушу мүмкүндүгүн айрым ММКлар жазып чыгышты. Ал бул кызматка 2017-жылдын февраль айында дайындалып, жол тармагына жооптуу болуп келген.

Транспорт министри Жамшитбек Калилов тендерде уткан чет элдик компания италиялык экенин айтты, аталган министрликтин басма сөз кызматы тендерге катышкан компаниялар боюнча толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Кыргызстан- коррупция эң жогору өлкөлөрдүн тобунда

Дүйнөлүк экономикалык форум октябрда жарыялаган коррупция боюнча жылдык глобалдык отчетко ылайык Кыргызстан коррупция деңгээли эң жогору өлкөлөрдүн тизмесине кирди.

Уюмдун изилдөөсү боюнча 30 баллдан төмөн алган өлкөлөр коррупция эң жогору өлкөлөр болуп саналат. Кыргызстан 29 балл менен Украина, Россия, Тажикстан менен бир топко кирди.

Кыргызстанда эки жолу орун алган ыңкылаптардын башкы себептердин бири - бийликтеги коррупция экени айтылып келет.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жээнбеков: Эл ырыскысын уурдагандарга мамлекеттин укуругу узун 27-июнь, Жогорку Кеңеш

Улам жаңы келген бийлик коррупцияга каршы күрөш жарыялап, бул экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун дагы башкы урааны болуп келет.

Талдоочулар мурунку президенттин тушунда коррупцияга каршы күрөш айрым учурларда тандалма мүнөзгө ээ болуп келгенин айтышса, Жээнбековдун коррупцияга каршы жүргүзгөн саясаты анын эң негизги жетишкендиги катары баалап келишти.

"Коррупция менен күрөшүү боюнча чоң-чоң иштер жасалып келе жатып эле бир-эки айдан бери дымып калды. Бирок козголгон иштерди коомдо саясий күрөш деп баа берип жаткандар дагы бар. Жээнбеков катуу кирише турган болсо, дестабилизация болуп кетиши ыктымал. Анткени мурдагы мамлекет башчынын тарапташтарынын потенциалы дагы жогору.

Ошондуктан акырындык менен күрөшүп жатат. Бирок эл президенттен абдан чоң жаңыланууларды үмүттөнгөн. Учурда коомчулуктун үмүтү акырындык менен өчүп бара жатат. Эгер президент динамика менен тобокелдик стратегияларга барбаса, жазында абал курчуп кетиши мүмкүн",- деген эле эксперт Марс Сариев буга чейин Би-Би-Сиге берген маегинде.

Корруциялык зыянды өндүрүү машакаты

Быйыл Кыргызстанда бир катар чулгандуу коррупциялык кылмыш иштери аныкталып, Бишкек ЖЭБ, Улуттук тарых музейин курууда кетирилген калпыстыктар боюнча териштирүүлөр жүрүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg
Image caption Бишкек ЖЭБдеги авария коррупция боюнча быйылкы эң чуулгандуу камоолордун себеби болду

Баш прокуратуранын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Рамазан Ибраимовдун Би-Би-Сиге билдиришинче 2018-жылдын тогуз айында коррупция айыбы менен өлкөдө жалпы 754 кылмыш иши козголгон.

"Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 5 миң 605 мыйзам бузуулар аныкталып, 2 миң 620 прокурордук актылар келтирилди. Аларды кароонун натыйжасында тартиптик жоопкерчиликке 1 миң 557 кызмат адам, администрациялык жоопкерчиликке 647 кызмат адам тартылды. Бул отчеттук мезгилде жалпы 754 кылмыш иши козголду",- дешти Баш прокуратурадан.

Коррупция айынан мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү суммасы быйыл 83 миллион 723 миң сомду түзүп, анын ичинен акчалайы 37 миллион сом болду. (EKa)

Тектеш темалар