Грузия: Жаңы президент кызматына киришти, оппозиция чатырын тикти

Жекшембиде Грузияда жаңы шайланган президент Саломе Зурабишвилинин инаугурациясы өттү. Ант берүү аземи өлкөнүн чыгышындагы Телави шаарында жайгашкан грузин падышасы Картли жана Кахети Ираклий II хансарайында болду.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Оппозиция Телави шаарында каршылык акцияны өткөрүү боюнча билдирүү жасаган эле. Бирок шаардын негизги жолдору бөгөлүп, нааразылык жүрүшүнө чыккандарды полиция шаардын борборуна өткөргөн жок. Ошондуктан жүрүш борбор калаага көчүп, Тбилисидеги оппозициянын колдоочуларынын акциясына кошулду.

Зурабишвили Грузиянын бешинчи президенти. Бирок түз добуш берүү менен шайланган акыркы президент болуп калды. Ант берүү аземинин расмий бөлүгү биринчи жолу борбор калаадан сырткары аймакта өттү. Зурабишвили бул жай кокустан тандалып алынбаганын айтты. Бул аркылуу бүтүндөй жарандарды биримдикке чакырууда.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Зурабишвили ишенимдүү жеңишке жетишкен. Ал оппозициялык күчтөрдүн талапкери Григол Вашадзени артка калтырды.

"Мага добуш бергендерге ыраазымын. Ошондой эле мени көз карандысыз талапкер катары колдоп, ошону менен демократиялык кадам жасаган "Грузин кыялына" (Грузиядагы башкаруучу партия) ыраазычылык",-деди Зурабишвили.

Тосмолонгон шаар

Image caption Каршылык жүрүшүнө чыккандардын негизги бөлүгү Телави шаарына кире алган жок

"Күч биримдикте" аталган оппозициялык күчтөрдүн бирикмеси шайлоо жыйынтыктарын тааныбай жатат. Алар инаугурация өтүп жаткан жерде митинг кылууга аракеттеништи. Жергиликтүү бийлик коопсуздук чараларынан улам деп, нааразылык акциясын башка жерде өткөрүүнү сунуштаган. Бирок оппозиция лидерлери муну менен макул болгон жок. Оппозициянын унаа кербени Телави шаарына таң эрте келди. Бирок шаардын негизги унаа жолдоруна тосмо коюлган эле. Бир нече убакыт полиция менен тирешүү болуп, кырдаал чыңалып турду.

Жыйынтыгында каршылык жүрүшүнө чыккандардын негизги бөлүгү Телави шаарына кире алган жок. Ант берүү аземи өтүп жаткан Кахети Ираклий II хансарайына жакын жерде аз сандагы жергиликтүү тургундар нааразылык митингине чогулду.

Бул жакка оппозициялык күчтөрдүн талапкери Григол Вашадзе келип, сөз сүйлөдү.

Кечинде нааразылык жүрүшү бобор калаага көчтү. Парламент имаратынын жанына оппозиция чатырларды тикти.

Оппозиция лидерлери айрым тарапташтары түндү ушул жерде өткөрө турганын айтып, кийинки кадамдары эртең белгилүү болот деди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жаңы президент

Зурабишвили Грузия тархындагы президент болгон биринчи аял. Ал 2013-жылдан бери президенттик кызматты аркалап келген Георгий Маргвелашвилинин ордуна шайланды.

Инаугурациядан кийин жаңы конституция күчүнө кирди. Жаңы баш мыйзамда өлкөнүн толугу менен парламенттик башкарууга өткөнү көрсөтүлгөн. Президент мамлекет башчысы жана башкы командачы катары калып, анын ыйгарым укуктары чектелген.

Эми 2024-жылы өтө турган шайлоодо президентти 300 кишиден турган шайлоочулар коллегиясы шайлайт.

Шайлоодон кийин Зурабишвили Би-Би-Сиге берген магеинде:

"Орусия өзүн азыркыдай алып жүрүп жатканда, оккупация сызыгында адамдар уурдалып, бул сызык биздин аймакка тереңдеп кирип, Тбилисиге жакындап жатканда ... Орусия Украинага кылган мамилесин эске алганда, мунун баарын көрүп туруп биз азыр эле кызматташтыкка өтөбүз деп ойлобойм",-деген Зурабишвили. (AbA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар