Акыйкатчы Кытайдын тарбия лагерлериндеги кыргыздардан кабар алат

Кытайда тарбия лагерлерине камакка алынган кыргыздардын саны элүү миңдей деп жатышат.
Image caption Кытайда тарбия лагерлерине камакка алынган кыргыздардын саны элүү миңдей деп жатышат.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Кытайдын Шинжан-Уйгур районундагы "тарбия лагерлеринде" камалып кеткен кыргыздардын балдары жана жакындары менен жолугуп, аларга дипломатиялык каналдар менен жардам берүү аракетин баштады.

Акыйкатчы ага түшкөн арыздардын негизинде Кытай бийлигине кайрылып, тарбия лагерлеринде кармалып турган кыргыздар жөнүндө маалыматтардын чын-бышыгын аныктоо аракетин көрмөкчү. Ɵткөн жумада Бишкекте Кытайдагы кыргыздарды колдоо комитети жыйын өткөрүп, анда кыргыз жарандыгы бар кызыл-суулук кыргыздар жакындарынын тарбия лагерлерине жазыксыз камалып, дайын-дареги чыкпай атканын айтып арызданып, кыргыз коомчулугунан жардам сурашты.

Ал жыйынга акыйкатчы Токон Мамытов да катышкан. Акыйкатчы өз кезегинде тарбия лагерлерине жазыксыз камалган кыргыздар жөнүндө маалыматты тактап чыгыш керектигин баса белгилеп, өзү киришип, Кытайдан жооп алып берүүгө аракет кыларын билдирип, керек болсо Кытайдын Шинжан районуна барып келүүнүн аракетин көрө турганын айтты. Ошол эле убакта такталбаган маалыматтарды жайылтып, эки мамлекеттин ортосуна от жагып албоого да чакырды.

Шинжандагы тарбия лагерлерине камалып кеткен кыргыздардын балдары, жакындары кыргыз бийлигинен, кыргыз коомчулугунан жардам сурашууда. Алар көбүнчө кыргыз жарандыгы алгандар. Ал эми кытай жарандыгындагы кыргыздар тарбия лагерлери жөнүндө ооз ачкандан коркуп жатышат.

"Маданий геноцид"

Мурда Кытайдын жараны, кийин кыргыз жарандыгын алган Алмамбет Осмон уулу Кытайдын тарбия лагерлеринде болуп жаткан иштерди "маданий геноцид" деп атады.

"2017-жылдын ортосунан баштап, туугандарыбыз менен байланыш үзүлдү. Мурда Вичат деген бар эле, азыр Кармалган кыргыздар элүү миң деп атышат, бирок балким мындан аз, балким мындан көп, бул такталбаган маалымат. Бирок, Кытайдын ички булактарынан сыртка чыккан маалымат боюнча илгерки Какшаал, азыр Ак-Чий ооданы деп аталган 40 миңден ашуун кыргыз жашаган бир райондон эле кармалгандар 22 миң",-деди Алмамбет Осмон уулу.

Image caption Алмамбет Осмон уулу Кытайдын тарбия лагерлеринде болуп жаткан иштерди "маданий геноцид" деп атады.

Анын айтымында, кармап-камоолордун себеби динге эле байланыштуу эмес. Анткени Шинжандагы кыргыздардын ичинде мечитке баргандары беш пайыздан ашпайт, намаз окугандары чанда эле:

"Маданий геноцид келип атат. Мындайча айтканда ассимиляцияны тез арада кылам, жашасан кытай болуп жашайсын, болбосо тез арада жогол деген нерсе бул. Биз көрбөдүк, бирок угуп атабыз, сексен-токсон жашка чейинки аталар бар лагерлерде. Ичинен тирүү чыккандар аз эле. Казак туугандар кичине аракет кылып, Европа, Американын маалымат каражаттарынын күчү менен ондогон казак туугандарды жакында Казакстанга алып чыгып алышты".

Image caption Кытайдагы "тарбия лагери" аталган жашыруун жайлардын бири, Шинжаңдын түштүгүндөгү Хортан шаарындагы лагердин спутниктен тартылган сүрөтү

Кытайдын жообу: "ыктыярдуу тарбия мектептери"

Кытайдын бийлигине өлкөнүн батыш провинциясы Шинжаңда эч кандай сот жана тергөөсү жок эле миңдеген мусулмандарды камакка алган деген сын-дооматтар БУУнун уюмдарынын деңгээлинде да айтылган. КЭР өкмөтү мындай айыптоолорду четке кагып, бул кишилер терроризм жана экстремизмге каршы туруу үчүн өз ыктыяры менен "кайра тарбиялоо мектептеринен" өтүп жатканын билдирди.

Кытайдын тарбия лагерлери жөнүндө Би-Би-Си буга чейин чоң журналисттик иликтөөлөрдү жарыялаган. Анда миңдеген бейжазык мусулмандар сотсуз, териштүүлөр жүргүзүлө электе эле камакка алынганын далилдеген көп сандаган маалыматтар бар.

Кытайдын Шинжан аймагында мусулман азчылыктарын диний негизде куугунтуктоо жаздан бери өзгөчө күч алып, уйгур, казак, кыргыз улутундагыларга ар кандай чектөөлөр коюлуп жатканын"Модерн Дипломаси" журналы жазып чыккан эле. Ошол журналдагы макаланын автору АКШдагы диний экстремизм боюнча изилдөөчү Уран Ботобеков Би-Би-Сиге Кытай бийлиги кысымды күчөтүп жатканын себептери Сириядагы, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө болуп жаткан процесстерге байланыштуу экенин белгилеген эле.

Image caption Кыргыз жараны кытайлык кыргызга турмушка чыкканын, күйөөсү Кытайга кеткен бойдон дареги чыкпай атканын айтууда.

"Биз АКШда исламга байланышкан, террорго байланышкан процесстерди анализдегенде, Кытай тараптын өзүнүн дагы көз карашын карап турабыз. Алар репрессиялык чараларды эң биринчи кезекте коопсуздукту сактоо зарылдыгы менен түшүндүрүшөт. Кытай анын үстүнө жабык өлкө болгондуктан, адам укугун басмырлоону сындагандарга биздин ички ишибизиге кийлигишпегиле дегендей терс жооп берет. Ушул жагынан алганда Кытайдын жообу эл аралык коомчулукту ынандыра алгандай болбой жатат",-дейт Уран Ботобеков.

Тема боюнча башка макалалар