Ренат Самудинов: КСДПда болчу кызыктын баары али алдыда

Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 24-ноябрда президенттик кызматты Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 24-ноябрда президенттик кызматты Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген

Буга чейин эл көп тааныбаган орусиялык саясий технолог Алексей Василивецкий Кыргызстандан чыгып кетти. Кетери менен видео кайрылууну интернетке жүктөп, 2010-жылдан тарта КСДП партиясында иштеп жүргөнүн, соңку президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында иштегенин жарыялады. Василивецкий буга дейре "Азаттыктын" кабарчысына Жээнбековдун штабында иштеген эмесмин деп билдирген эле.

Жээнбековдун штабы соңку президенттик шайлоодо сарптаган каражаттын эсеп-кысабы деп адвокат Н. Токтакунов жарыялаган документтерде Алексей Василивецкийдин ысымы да дал бир нече жолу көрсөтүлгөн.

Сүрөттүн автордук укугу facebook/Renat Samudinov
Image caption Орусиялык саясий технолог Алексей Василивецкий Акүйдүн чатырында

Президенттик аппарат ал тизмени азырынча "фейк" деп гана чектелди. Ал эми шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязов тизмени "чындыкка жакын" десе, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева тизмедеги суммадан башкасы реалдуу деп жатат. Бул окуялар экс-президент менен азыркы президенттин алакасы аябай эле сууп, КСДП партиясы олку-солку болуп турган учурга туш келди.

Би-Би-Си КСДПнын ичиндеги кризис, анда иштеген чет элдик саясий технологдордун ролу жөнүндө бир учурда аталган партияга мүчө болуп, партиянын жаштар канатынын жетекчиси болуп келген Ренат Самудинов менен маектешти. Самудинов соңку президенттик шайлоонун алдындагы ыйкы-тыйкыдан улам партия катарынан чыгарылып, чет жакка качкан. Учурда АКШдан саясий качкын статусун алганын айтып келет.

Би-Би-Си: Аты аталып жаткан орусиялык саясий технологду сиз таанычу белеңиз?

Р. Самудинов: Ооба, таанычумун. Алексей Василивецкий 2010-жылдан кийин ал жактан тобу менен келген политехнологдордун катарында болгон. Кийин алар кетип, Василивецкий болсо Кыргызстанда калып калды. Ал башында үстүртөн аралашып келсе, бара-бара партия иштерине аябай эле тереңдеп аралаша баштаган. Жергиликтүү, салтуу көз караш баалуулуктарды эске албаган ар кандай сунуш, аракеттеринен улам мен аларды колдогон жокмун. Негизи эле алардын келишин сын көз караш менен карагам.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Р. Самудинов: Партия абдан олку-солку абалда турат. Партияда эки чон топ бар. Атамбаев тарап жана бийлик тарап. Убакыт өткөн сайын Атамбаев тарабындагылардын саны кемип бара жатат, дагы кемийт

Би-Би-Си: Сиз Алексей Василивецкий менен пикириңиз келишпей, кайым айтышкан учурлар болгонун видео тасмаңызда да айтыпсыз. Ал кандайча болгон?

Р. Самудинов: 2013-2014-жылдар болсо керек. Партия ичиндеги коррупционерлерден арылуу чакырыгы менен чыккан учурубуз болчу. Аңгыча эле мени Фарид Ниязов Ак үйдүн жетинчи кабатына чакырды. Барсам Василивецкий да ошол жакта экен. Экөө биригип алып, биздин аркетти сындап, талдап кирди. Жыйынтыгында чет өлкөнүн жараны, кайдагы бир бирөө бизге эмнеге акыл айтат деп ачык каршы чыктым. Биринчи чатак ошол болду. Учурунда Фарид Ниязов баш болуп, ага болушкандар арбын болду.

Би-Би-Си: Фарид Ниязов буга чейин сиздин бул сыяктуу дооматтарды четке кагып, тескерисинче сабырдуу, салабаттуу мамиледе болдук деген мазмунда айтпады беле?

Р. Самудинов: Ал киши мен эле эмес, керек болсо Текебаевдики да жалган экенин айтып келгенин жакшы билебиз да.

Муну да көрүңүз:

Би-Би-Си: Эгер партия ичинде сиз сыпаттагандай адилетсиз окуялар болсо, эмнеге ошол учурда үн каткан жоксуз?

Р. Самудинов: Көп учурда жалгыз эле мен эмес, башкалар дагы партиянын ичиндеги маселелерди жобо, эрежелерге ылайык чечүүгө аракет кылып келдик. Андай-мындай деп ачык эле сыртка кыйкырып чыгуунун зарылдыгын көргөн эмеспиз. Кийин ачыкка чыктык.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Солдон оңго: юритст Канатбек Азиз, КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов, депутат Жанар Акаев

Би-Би-Си: Алексей Василивецкийге кайрылсак, сиз алар партиянын болгон ишине аралашып баштаган деп жатпайсызбы. Бирок чет жактан бул сыяктуу адистерди чакырып, акы төлөп кызматташуу нормалдуу эле көрүнүш катары бааланып келе жатат го?

Р. Самудинов: Аныңыз туура. Бирок ал киши өз ишин эле кылбастан керек болсо, ар кимди ар кандай чогулутуп, өзү жыйындарга жетекчилик кылып, билгенин жасап жатты. Ал эле эмес, кайсы жакка кандай маалыматты чыгырып, жарыялаш керек, эмне деш керек баарын ошол тескеп калды. Анысына да макул дейли, караманча эле кыргыз тарыхына чейин кийлигишип, аны бурмалап роликтерди да тарта баштаганына ким тынч карап тура алмак эле?

Би-Би-Си: Сиз КСДП партиясынын мурдагы мүчөсү катары азыркы абалына кандай баа берет элеңиз?

Р. Самудинов: Партия абдан олку-солку абалда турат. Партияда эки чон топ бар. Атамбаев тарап жана бийлик тарап. Убакыт өткөн сайын Атамбаев тарабындагылардын саны кемип бара жатат, дагы кемийт. Атамбаевсыз КСДП демилгеси ишке ашат. Ошентип, алар өз алдынча альтернативдүү саясий кеңеш, альтернативдүү лидер шайлашат. Мына ошондо ит жыгылыш болуп, соттошуп эле жатып калышы мүмкүн. КСДПны азыр бирдиктүү бир күч деп айтууга болбойт.

Сүрөттүн автордук укугу Ренат Самудиновдун фейсбук баракчасынан алын
Image caption Сүрөт Ренат Самудиновдун фейсбук баракчасынан алынды

Би-Би-Си: Сиз четте туруп, мындай пикирди эмнеге, кандай аргументке таянып айтып жатасыз?

Р. Самудинов: Мен четте болгонум менен эски партиялаштар, партиянын орто звеносундагылар менен тынымсыз байланышып, партиянын ички ишинен такай кабар алып турам. Эсиңиздерде болсо, бул партия эртеби-кечпи, так ушул кейипти киерин эбак айткам.

Тема боюнча башка макалалар