Дүйнө өзгөрүүгө учураган доордо президент болгон Жорж Буш

АКШнын 41-президенти Жорж Буш (улуусу) Хьюстондо 94 жашында дүйнө салды.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Албетте, Конфуцийдин "улуу өзгөрүүлөр доорунда жашагандан кудай сактасын" деп айтканы саясатчыларга тиешелүү эмес.

Тагдырдын жазмышы менен Жорж Буштун бийликте турган жылдары: коммунизмдин кыйрашы, Берлин дубалынын бузулушу жана СССРдин таркашы орун алган мезгилге туш келди.

Американын 41-президенти Хьюстондо көп жыл жашады. Ошон үчүн дагы аны "техастык" деп атап коюшчу. Бирок Жорж Буш Жаңы Англияда төрөлүп, өскөн.


Жорж Буштун карьерасы

1942-жылы 12-июнда Массачусетс штатынын Милтон шаарында туулган.

1966-жылы Техас аймагынан Өкүлдөр палатасына шайланат;

1971-жылы ошол кездеги президент Ричард Никсон аны БУУдагы АКШнын туруктуу өкүлү кылып дайындайт;

1974-жылы президент Жеральд Форд Амерканын Кытай боюнча байланыш бюросуна Бушту жетекчи кылып дайындайт;

1976-жылы ушул эле президенттин учурунда Буш Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) жетекчилигине келет;

1981-1989-жылдары АКШнын вице-президенти;

1989-1993-жылдары Жорж Буш АКШнын 41-президенти.


Ак үйдүн көптөгөн кожоюндары - Эйзенхауэр, Никсон, Рейган, Билл Клинтон карпайым үй бүлөдөн чыгышкан. Буш болсо ак сөөктөр тукумунан. Анын атасы банкир жана сенатор болгон. Жорж Буштун кичүүсү - анын уулу дагы өзүнөн сегиз жылдан кийин президент болуп шайланган эле. Дагы бир уулу Жеб Буш Флориданын губернатору.

Перл-Харбордон кийин 17 жаштагы Жорж өз ыктыяры менен жайкы мектепке барып, согуштук аракеттерге катышат. "Эвенжер" аскер учагын башкарган. Мына ушул эле жерде дагы бир болочоктогу президент кызмат кылган - Жон Кеннеди.

1944-жылдын 2-сентябрында Титидзима аралына чабуул жасалган учурда Буштун учагы атып түшүрүлгөн. Ал парашют менен секирип кетип аман калат. Буш суу астында сүзгөн кеме таап алганга чейин, төрт саат сууда болгон. Экипаждын калган эки мүчөсү мерт болот.

Болочок президенттин согуштан кийинки жылдары "америкалык кыялды" гана элестетет. Йель университетиндеги бейсбол командасынын капитаны, Хьюстондогу Мунай компаниясынын негиздөөчүсү, 40 жашында миллионер, бактылуу үй бүлөнүн кожоюну. Фронттон кайтып келгенден кийин көп өтпөй эле өспүрүм кездеги сүйүүсү Барбара Пирске баш кошуп, аны менен 72 жыл бирге жашап, алты балалуу болду.

Сүрөттүн автордук укугу George Bush Presidential Library
Image caption Фронттон кайтып келгенден бир жумадан кийин, Буш өспүрүм кездеги сүйүүсү Барбара Пирске баш кошуп, аны менен 72 жыл бирге жашап, алты балалуу болду.
Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Ата-бала Буштар
Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жорж Буш жубайынын тажыясында. Аны мурунку президенттер жана алардын жубайлары курчап турат

Барбара Буш 2018-жылдын апрелинде 92 жашында көз жумду. Ал күйөөсүнүн жана баласынын инаугурациясына катышкан тарыхтагы жалгыз аял.

Горбачев менен Буш

Жорж Буш менен Орусиянын мамилеси 1982-жылы Леонид Брежневдин тажыясына барган учурдан башталат.

1989-жылдын январында Буш президенттик кызматка киришкен.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Горбачев менен Буштун учурунда Москва менен Вашингтондун мамилеси бир топ жакшырган

"Тоталитардык доордун күнү бүтүп баратат. Эски идеялар дарактан күүлгөн жалбырактай болуп, шамалга айдалып кетүүдө. Дүйнө эркиндик менен жаңыланып, диктаторлордун күнү бүтүп баратат",-деген Буш инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө.

Көптөгөн изилдөөчүлөр 1989-жылдын 2-3-декабрында Мальтада өткөн саммиттин тарыхый ролун белгилеп жүрөт. Маалыматтарга караганда, Варшава келишиминин келечеги жана НАТО маселеси жыйында талкууланган эмес. Бирок советтик лидер Чыгыш Европадагы окуяларга аскердик күч менен кийлигишпей турганын убада кылат. Ал учурда Польшада, ГДР, Венгрия жана Болгарияда режим алмашкан эле.

1991-жылы 19-августта америкалык президент СССРдеги окуяларга кабатырлануусун билдирип, расмий кайрылуу жолдогон. "Антиконституциялык күчтөрдү колдонууну" сынга алып, "президент Ельциндин мыйзамдуу бийлик бутактарын калыбына келтирүү чакырыгын" колдогон.

Ал Москвага телефон чалып, Горбачев менен байланыштырууну өтүнгөн. Ага "президенттин милдетин аткаруучу" Геннадий Янаев менен сүйлөшүүнү сунушташканда, Буш сүйлөшүүдөн баш тарткан.

Сценарий боюнча эмес

1991-жылдын күз айында Вашингтон администрациясы Балтика өлкөлөрүнөн сырткары, СССР Горбачевдун башкаруусу алдында бүтүн аймагын бирдиктүү өлкө катары сактап калса дегенди ачык эле түшүндүргүсү келген.

Кутумга чейин эле 1991-жылы 1-августта Буш Киевге келип, Жогорку Радада сүйлөгөн сөзүндө "украиндерди жанкечти улутчулдуктан" сак болууга чакырган.

Окуялар башкача нукта кетти.

Кийин Горбачев эскергендей, Борис Ельцин, Леонид Кравчук жана Станислав Шушкевич Беловеж келишимине кол койгондон кийин, алар эң биринчи эле Бушка чалып, андан кийин анан Горбачевко байланышкан экен. Ошондо Горбачев буга катуу нааразы болгон.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 90 жашында баары эле парашют менен секире бербейт

Тарыхчылардын баамында, СССР тарагандан кийин Буш менен анын мамкатчысы Джеймс Бейкер мурдакыдай эле дүйнөлүк саясат Москва менен Вашингтондун мамилесине карап чечилип жаткан нукта иш алып барышкан.

Алар бара-бара Орусияны стратегиялык союздаш болот деп карашкан жана Чыгыш Европадагы мамлекеттерге, картадан оңой табылбаган мурдакы советтик республикаларга караганда, жаратылыш ресурстарына бай, өзөктүк куралы бар, БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон өлкө менен карым-катыш куруу АКШнын улуттук кызыкчылыгы үчүн көбүрөөк маанилүү деп билишкен.

Акыркы баатыр

Мурунку министрлер Петр Авен менен Альфред Кох "Гайдардын ыңкылабы" деген китебинде Жорж Буштун Ак үйдөн кетишин "катастрофа" деп мүнөздөшкөн экен. Алардын пикиринде, Буш дипломаттык жана чалгынчылык мол тажрыйбасына таянып, глобалдуу ой жүгүртө билген.

Сүрөттүн автордук укугу US Government

1940-жылдары Буш АКШнын куралдуу күчтөрүндөгү эң жаш учкуч болгон. 90-жылдары Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери болгон дүйнөдөгү жалгыз лидер эле.

Өзүнүн 90 жашын Жорж Буш майыптык арабада олтурса дагы, парашюттан секирип белгилеген. (AbA)

Тектеш темалар