Кыргыз саякатчынын кызыктары: ресторандан тамактанган маймылдар...

Т. Сарлыкбек уулу: Бул туура эмес. Менин оюмча, муну менен өзүңдүн мекендешиңди атып жатасың, бул жерде адам же жаныбардын айырмасы жок. Баарыбыз мына ошол Ала-Тоонун жашоочуларыбыз, мекендешпиз. Ошон үчүн аңчылык бизнеси токтотулуш керек Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Т. Сарлыкбек уулу: Аңчылык туура эмес. Менин оюмча, муну менен өзүңдүн мекендешиңди атып жатасың, бул жерде адам же жаныбардын айырмасы жок. Баарыбыз мына ошол Ала-Тоонун жашоочуларыбыз, мекендешпиз. Ошон үчүн аңчылык бизнеси токтотулуш керек

Акыркы күндөрү саякат темасы Кыргызстанда абдан тамашалуу, ошол эле учурда талкуу жараткан темага айланды. Чу дегенде эле дипломатиялык паспорттордун кандай колдонулганы деген маселе чыкса, экинчиси социалдык өнүктүрүү министринин орун басарынын саякаттагыла деген чакырыгынан улам такыр бир башкача баа берилип, кызыл чеке талкууга айланды.

Саякат дегенибиз, Би-Би-Си элүүдөн ашык мамлекетти кыдырып, дүйнөдөгү эң ири делген жүздөн ашык шаарга саякаттап келген кызыктуу каарман менен аңгемелешти. Так айтканда, жеке ишкер, ошол эле учурда Кыргызстандын коомдук-маданий турмушуна жандуу аралашып келе жаткан Темирлан Сарлыкбек уулу.

Маданий турмуш демекчи, ал Түркиянын Стамбул шаарында өз каражатын жумшап, Манастын айкелин орнотуп койгонун эл жакшы билет.

Сүрөттүн автордук укугу Temirlan Sarlykbek uulu
Image caption Т. Сарлыкбек уулу: Тарыхыбыз бай. Маданий бир өзгөчөлүктөрүбүз бар : Эч бир өлкөдө кездешпеген "Манасыбыз", айтыш өнөрү бизде бар

Би-Би-Си: Саякат сиздин ишиңизге байланыштуубу, кандайдыр бир пландардан уламбы, же ушундай жашоо образын тандап алгансызбы?

Т. Сарлыкбек уулу: Албетте, өзүм ишкерлик менен алек болгон үчүн алгач саякаттар ишкерликке байланыштуу болуп келди. Бирок ошону менен бирге башка, дагы жаңы нерселерди үйрөнгөнгө, башка элдердин маданиятын көрүп шыктануу пайда болгонуна байланыштуу, эс алуу, кызыгуу жараткан нерселерди көрүү үчүн акыркы убакта көбүрөөк саякаттап калдым.

Би-Би-Си: Саякат учурундагы өзгөчө таасирлер, адаттан тышкаркы көрүнүштөр, же тескерисинче , сизди иренжиткен кандай кызыктуу окуялар болду?

Т. Сарлыкбек уулу: Ресторанда олтурсак эле жетекчилеринин бири чыгып "Телефон, алтын, күмүш шакектеринер болсо катып койгула, азыр кафеге маймылдар келет" - деп калды. Көп өтпөй кадимкидей эле жетимиштей маймыл чуру-чуу түшүп ресторанга кирип келбедиби. Каалаганын ичип-жеп, тойлоп чыгып кетишти. Эгер аларга начар мамиле кылсаң, алар кадимки адамга окшоп, эл менен мушташып кетет экен. Мына ушундай кызыктуу учур болгон. Алар ачка болсо, кадимкидей жолдон өтүп бара жаткан машинелердин алдын тооруп алышат экен. Жүргүнчүлөрү да көнүп калыптыр, машинеден чыгып банан же башка тамак ыргытып, жолду ачтырышат экен. Ушуга окшогон көп нерселерди айтса болот. Мени көбүрөөк кызыктырган нерсе - ар бир өлкөнүн тарыхын, маданиятын башка өлкөлөргө бренд кылып, таанытып, саякатчыларды өзүнө тартуу ыкмасынын өнүккөндүгү.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Т. Сарлыкбек уулу: Ресторанда олтурсак эле жетекчилеринин бири чыгып "Телефон, алтын, күмүш шакектеринер болсо катып койгула, азыр кафеге маймылдар келет" - деп калды. Көп өтпөй кадимкидей эле жетимиштей маймыл чуру-чуу түшүп ресторанга кирип келсе болобу

Би-Би-Си: Эми ушул маселени Кыргызстандын мисалында алып карасак, биздин өлкө саякатчылар үчүн эмнеси менен кызык деп ойлойсуз?

Т. Сарлыкбек уулу: Саякатчыларга өзүбүздү жеткиликтүү тааныта албай жатабыз. Же болбосо, эч бир тармакта брендге айлана албай жатабыз. Мисал үчүн айтайын, Түштүк Африкага бардык. Бул бир караганда аябай коркунучтуу өлкө: биринчиден, калкынын жарымы СПИД менен ооруйт. Экинчиден, дүйнөдө эң көп кылмыштуулук болгон өлкө, үчүнчүдөн климаты дагы саякачылар үчүн ыңгайсыз. Ошол эле убакта дүйнөдө эң көп саякатчыларды кабыл алган өлкө, өздөрүнүн казынасынын сегиз пайыздан ашыгын туризмден келген каражаттар менен толтурат. Калкынын 3,5-4 % туризмге тиешелүү ишканада иштейт. Эмне үчүн ал жерге элдин баары барат десек, эң жөнөкөй, алар өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүн брендге айландырышкан.

Сүрөттүн автордук укугу Temirlan Sarlykbek uulu
Image caption Т. Сарлыкбек уулу: Бул талаадагы жапайы жаныбарларын: крокодил, пил, буфала, арстанды корукка алыщкан. А аларды көрүш туристтер үчүн, албетте, өзгөчө бир экзотика. Жөнөкөй бир зоопаркта эмес, табийгый шартта көрүүнү брендке айландырган өлкө

Би-Би-Си: Бул кайсы мүмкүнчүлүктөр?

Т. Сарлыкбек уулу: Бул талаадагы жапайы жаныбарларын: крокодил, пил, буфала, арстанды корукка алышкан. А аларды көрүш туристтер үчүн, албетте, өзгөчө бир экзотика. Жөнөкөй бир зоопаркта эмес, табийгый шартта көрүүнү брендге айландырган өлкө. Кыргызстанда мисалы ага окшогон көп иштерди, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү брендге айландырууга мүмкүн. Бирок, тилекке каршы, ишке ашыра албай келебиз.

Би-Би-Си: А бизде ошону эле тескерисинче пайдаланып жатпайбы. Мисалы аркар, кулжаны аттырып дегендей...

Сүрөттүн автордук укугу Темирлан Cарлыкбек уулу тарткан сүрөт
Image caption Т. Сарлыкбек уулу: Тапкан каражатымдын 50% дан көбүрөөгү саякатка кетет. Бирок, албетте, саякатты кымбат нерсе деп деле элестетпеш керек

Т. Сарлыкбек уулу: Албетте, бул туура эмес. Менин оюмча, муну менен өзүңдүн мекендешиңди атып жатасың, бул жерде адам же жаныбардын айырмасы жок. Баарыбыз мына ошол Ала-Тоонун жашоочуларыбыз, мекендешпиз. Ошондо биз биринчиден, өз мекендештерибизди атып жатабыз, экинчиден, табийгаттын бир бүтүндүгүн бузуп жатабыз. Үчүнчүдөн, саны азайып кеткен жаныбарларды жоготуудабыз. Ошон үчүн аңчылык бизнеси токтотулуш керек.

Би-Би-Си: "Салбуурун" федерациясынын президенти Алмазбек Акундун айтканы бар: Германиядан коноктор келген экен. Мынакей тоолорубуз абдан көркөм, кооз деп кыдыртып жүрдүк дейт. Сүрөткө тартып, кызыгуу менен карап жүрүшүп, аягында "ушунча кооз табиятыңар бар экен, бирок ушунча жапайы, анан жылаңач экен" деген экен. Дегени, сүрөткө тартканга элик, эчки-теке же башка кандайдыр бир жаныбар илээшпептир. Италияда туристтик фирманы жетектеген Калыбек Акилов Кыргызстан туризм багытында өзүнүн он пайызга жетпеген гана потенциалын колдонуп жатат, муну күчөтүш керек деп айтты эле. Сиз кайсы ыкманы сунуш кыласыз?

Сүрөттүн автордук укугу Temirlan Sarlykbek uulu
Image caption Т. Сарлыкбек уулу: Тапкан каражатымдын 50% дан көбүрөөгү саякатка кетет

Т. Сарлыкбек уулу:Тарыхыбыз бай. Маданий бир өзгөчөлүктөрүбүз бар : Эч бир өлкөдө кездешпеген "Манасыбыз", айтыш өнөрү бизде бар. А бирок иштин чатагы, биз ушунун баарын башка өлкөлөргө тааныта албай жатканыбыз да. Эң жөнөкөй, Брюсселде заара ушатып жаткан 51 сантиметр өлчөмүндөгү айкел бар. Мен да бир жолу күндүз барып көрдүм. Ошол айкелди көрүш үчүн элдин кезеги бир километрге жакын. Бизде да жаңылыктардан көргөзүштү, мурдагы ажобуздун жубайы барып, ошого кыргыз кийимин кийгизип келди. Караңыз, бир метрге жетпеген жөнөкөй айкел, бирок ушунчалык белгилүү. Күнүнө аны көрүш үчүн миңдеген адам келет. Ал айкелдин мааниси эмне? Так, бир тарыхы жок. Кайсы бир согушта бомба түшүп ошол бомба жарыла электе, кичинекей бала үстүнө заара ушатып койгон экен, бомба жарылбай калыптыр деген бир версиясы бар. Мына ушуга окшогон бир нече версиялары кездешет. Ошол убакта биздин дүйнөдө теңдеши жок "Манас-Ордого" барып канча киши зыярат кылат? Же болбосо, борбор шаардагы Манас айкелине канча киши зыярат кылат? Салыштыра келсек, жалпы Кыргызстанды ошол кичинекей айкелге зыярат кылганчалык эл зыярат кылбайт. Демек, бул жерде алардын өзгөчөлүгү, ийгилиги кичинекей бир окуяны дүйнөгө таанытып, брендге айланта алгандыгында. А бизде керек болсо, дүйнөгө таанымал Чынгыз Айтматовдун музейи жок, "Манас" эпосунун музейи жок.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Солдо Темирлан Сарлыкбек уулу

Эмне үчүн Ч. Айтматовдун музейи жок деп жатам? Себеби, биз Айтматовдун үйүн музей кылып койдук. А анын жазуучулугун, философиясын тааныткан музей жок да. Үйүн музей кылып койдук. Ал да ыңгайсыз жерде жайгашкан. Ошол эле убакта "Манас" эпосунун музейи жок.Таластагы музей биринчиден дүйнөлүк шарттарга туура келбейт, экинчиден "Манас " эпосуна тиешелүү 3- 4 гана китеп бар. Бирок "Манас" эпосун аны менен түшүндүрө албайбыз. Ойлоп көрүңүз, Манаска байланыштуу бир чоң сүрөт тартылган: бир манасчы "Манас" айтып жатат, артында баатырлардын карааны. Бир сүрөт менен биз "Манас" эпосун түшүндүрө албайбыз. Ошон үчүн Таластагы музей эсептелбейт.

Би-Би-Си: Демек, мунун үстүндө абдан иштеш керек? Сөзсүз иштеш керек. Виза, учак маселеси абдан талкууланып жүрөт. Сиз кандай ойлойсуз, ачык асман саясаты болсо Кыргызстанга туристтердин агымы көбөйөбү?

Т. Сарлыкбек уулу: Ачык асман саясаты туристердин Кыргызстанга келишине ыңгайлуу шарт гана жаратат. А бирок алардын келишине бир максатты жаратпагандан кийин, туристтер үчүн самолетко бекер билет алып берсең дагы эмне үчүн келем, Кыргызстанга келип эмнени көрөм дейт. Көрө турган бир нерсе болуш керек да. Ошон үчүн биз саякатчыларга кызыктуу бир жагдайды жарата алсак, максатка айландыра алсак, анда, албетте, келет. Ачык асман саясаты ошолордун келип-кетүүсүнө ыңгайлуу шарт жаратуунун бир бөлүгү десек болот.

Сүрөттүн автордук укугу Temirlan Sarlykbek uulu
Image caption Темирлан Сарлыкбек уулу Тибеттин руханий лидери Далай Ламага "Манас" китебин белек кылган

Би-Би-Си: Айтылуу саякатчылар далай жер кезип жүрүп баяндарды, китептерди, эскермелерди жазып, саякат тууралуу бир маалымат калтырып келе жатышат. Сиз да мына ошол фото сүрөт, видеодон сырткары кандайдыр бир мемуар жазып, саякатты дагы да даңазалагыңыз келеби?

Т. Сарлыкбек уулу: Андай ниетим жок. Себеби дегенде, мурдагы учур башка болчу, а азыр деген интернет бар. Каалаган киши кайсы өлкөдө кызыктуу эмне бар экенин көрө алат. Ошон үчүн андай деле оюм жок.

Би-Би-Си: Саякат кайсы бир деңгээлде чыгымды талап кылат эмеспи. Азыр мисалы кимдир бирөө менде каражат болсо мен деле саякаттамакмын деп айтышы мүмкүн. Сиздин каражатыңыз, финансылык чыгымдарыңыз кайдан кетет? Канча каражат коротосуз?

Т. Сарлыкбек уулу: Тапкан каражатымдын 50% дан көбүрөөгү саякатка кетет. Бирок, албетте, саякатты кымбат нерсе деп деле элестетпеш керек. Эң жөнөкөй. Кыргызстанда жүргөнгө караганда арзан дагы чыгарса болот. Мисал үчүн, Кыргызстанда кийим-кече Түркияга салыштырмалуу үч эсе кымбат. Түркияга барып саякаттап,үй-бүлөң менен чогуу кийинип келсең, бул Кыргызстанда бир жолу кийим-кече алганга караганда арзан түшөт. Ошол эле Малайзияда тамак-аш бул жакка салыштырмалуу эки эсе арзан. Ооба, мен билет сатып алып жатам, албетте, бирок ал жерде бир ай жашап келсең, Кыргызстандагы бир ай жашаган менен окшош эле чыгым кетет.

Би-Би-Си: Сыр болбосо, кийинки саякат кайсыл жакка?

Т. Сарлыкбек уулу: Буюрса, Париж, Амстердам, Берлин жана Вена шаарларына барууну пландап жатабыз.

Сүрөттүн автордук укугу Temirlan Sarlykbek uulu
Image caption Т. Сарлыкбек уулу: Малайзияда тамак-аш бул жакка салыштырмалуу эки эсе арзан. Ооба, мен билет сатып алып жатам, албетте, бирок ал жерде бир ай жашап келсең, Кыргызстандагы бир ай жашаган менен окшош эле чыгым кетет

Би-Би-Си: Буга чейин социалдык өнүктүрүү министринин орун басарынын пенсионерлердин саякаты боюнча айтканы кызуу талкуу болду. Сиз ошону кандай түшүндүңүз?

Т. Сарлыкбек уулу: Эми логикалык жактан карасаң, бир өөн нерсе жок. Себеби биз үчүн жакынкы Казакстанга барып келүү 2000 сом турат. Пенсия 3000 сом болсо, эмне үчүн Казакстанга барып келбейсиң? Казакстанда деле көрө турган көп нерсе бар. А бирок чындап карап көрсөк, аябай элдин кыжырына тие турган нерсе. Анткени биздин айлык жетишсиз. 5000 сом алган бир пенсионер өзүңүн курсагын тойгуза албаса, кантип ал чет мамлекетке барып келет?

Би-Би-Си: Активдүү саякатты кайсыл жылы баштадыңыз? Ошого чейинки жана азыркы кезди кантип сүрөттөп берет элеңиз?

Т. Сарлыкбек уулу: Мага саякат аябай пайдалуу болду. Жаңы идеялар, жалпы эле дүйнө тааным, маданиятка болгон кызыгуу да ошол жерден келет. Аябай пайдалуу. Саякатымды акыркы 15 жылда баштадым. Ошондон бери улантып келе жатам.

Тема боюнча башка макалалар