Кадыржан Батыров дүйнөдөн өттү

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун өзбек кызматы Кыргызстандагы 2010-жылдагы коогалаң боюнча өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров көз жумганын кабарлады. Басылма Кадыровдун жакындары муну ырастаганын, ал Украинанын Одесса облусунда экенин жазган.

Кыргызстанда Кадыржан Батыров 2010-жылдагы май, июнь айларындагы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуялар боюнча "улут аралык жаңжалды козуткан жана тополоң уюштурган" деп айыпталып, сыртынан соттолуп өмүр бою эркинен ажыратылган.

Кыргызстанда 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн каргашалуу окуялардын себептерин, кесепеттерин ар тараптуу иликтөө жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн Улуттук комиссиянын корутундусунда Батыровдун чагымчылык ролу жөнүндө баса көрсөтүлгөн.

"2010-жылдын 7-апрелинен кийин түзүлгөн баш-аламан абалдан пайдалануу менен К.Батыров улуттук ураанга жамынып, өзбек жамаатынын кызыкчылыгын коргоочу баатыр болуп чыга келген. Ушундай максаты менен ал республика түштүгүнүн өзбек калкы жыш жашаган бардык райондорун кыдырып, ал жактагы өкүлдөрдү өзүнүн университетинин жанына чакырып, үгүт митингин өткөрүп турган. Өзүнүн сөздөрүндө К.Батыров өзбек элин кыргыздарга каршы тукуруп, кайраштырган. Ал бул учурду өзбектер 20 жыл бою күтүшкөн деп 1990-жылды эске салган чагымчылык сөздөрдү айткан. Ага идеялаштары, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары И.Абдрасулов, Ж.Салахитдинов жана Ош шаарынын аялдар коомчулугунун президенти К.Абдуллаева активдүү жардам беришкен", - деп айтылган Улуттук комиссиянын корутундусунда.

Кадыржан Батыров тергөө жана сот иштерине катышкан эмес, анткени кандуу окуялардан кийин эле өлкөдөн качып чыгып кеткен эле. Андан кийин Батыров интернет аркылуу интервьюларды берип, бул окуяларда күнөөсү жок экенин, кыргыз сотторуна ишенбей турганын айтып келген.

"Бул окуяларды уюштургандар жана ага себеп болгондор учурда бийликте отурушат. Алар эч качан бул ишти жасадык дешпейт",-деген Батыров 2016-жылы Би-Би-Синин өзбек кызматына берген маегинде.

62 жаштагы Кадыржан Батыров 2010-жылга жейин Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборун жетектеп, аймакта Элдердин достугу университетин ачкан. Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган. Аны көпчүлүк ишкер катары билчү.

Акыркы жолу Батыров 2016-жылы 20-сентябрда Варшавада өткөн ЕККУнун жылдык жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча талкууларга пикирин билдирип, өзүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча айткан эле. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги буга нааразылыгын билдирип, атайын билдирүү менен чыкканы бар.

Тектеш темалар