"КСДП тирешкен тараптардын менчиги эмес, ал электоратка да тийиштүү"

Кыргызстан Социал-демократтар партиясы өлкөдөгү ири партиялардан Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кыргызстан Социал-демократтар партиясы өлкөдөгү ири партиялардан

Бишкекте "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы уюштурган маалымат жыйыны жакалашуу менен аяктады. Кыймылдын төрагасы Сагынбек Абдрахманов экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу керектигин айтып, бирок жыйынга келген КСДПнын айрым өкүлдөрү Абдрахмановдун өзүн айыптап чыгышты.

Ортодо кайым айтышуу жакалашууга жетип, жаатташкан тараптарды ажыратууга туура келип, күзөтчүлөр айрымдарын жыйын болгон жайдан сүрүп чыгарышты.

Серепчилер бийликтеги партия ичиндеги кризис жеткен чегине жетти дешип, анын саясий келечегинен күмөн санашууда.

"Айрымдардын акыркы агониясы"

"Атамбаевсиз КСДП" кыймылы өлкөнүн бардык аймактарында аталышы айтып турган ураанды кабыл алып, жакынкы күндөрү республикалык деңгээлдеги партиянын кезексиз жыйыны алдында турганын билдирди.

"Бишкек шаарынын эки районунда жыйындар өтүп, эми эки район калды. Жакында "Атамбаевсыз КСДП" кыймылынын Бишкектеги жыйынын өткөрөбүз. Ошол өтпөсүн деп, атайы тоскоолдук кылып жатышат. Айрымдардын бул акыркы агониясы да. Жер тепкилесе да өткөрөбүз",- деди Би-Би-Сиге Сагынбек Абдрахманов.

"Атамбаевсиз КСДП" кыймылы быйыл жазында президент Сооронбай Жээнбеков менен мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин тиреши курчуган маалда пайда болуп, июлдан тарта аймактарда өз алдынча конференциялар өткөрүп келди.

Саясий уюмдун расмий катчылыгы Сагынбек Абдрахманов партиядан мүчөлүктөн эчак чыгарылгандыгын жана ал уюштуруп жаткан жыйындар легитимдүү эмес экенин кайталап келет.

"КСДП: тазалануунун учурдагы этабы оор болууда"

Ал тургай Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев сентябрда аталган партиянын 25 жылдыгына карата кайрылуу жолдоп, анда саясий уюм ичиндеги кризиске токтолгон.

"Тарых КСДПнын алдына далай ирет эң кыйын тандоолорду койгон. Биз дайыма туура чечимдерди таап келгенбиз. Ага карабай, тазалануунун жана жаңылануунун учурдагы этабы өзгөчө оор болуп жатат. Анткени бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр кайра партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманатты кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат"- деп айтылат кайрылууда.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Атамбаев КСДП лидери болуп быйыл 31-мартта шайланган

Атамбаевдин кайрылуусу КСДПнын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу күчөп, анын команда мүчөлөрүнө карата чабуул күчөп турган учурда орун алды.

Экс-президент кызматтан кеткенден көп узабай, анын убагында жетекчилик чоң кызматта жүргөн КСДПнын бир топ мүчөсү кызматынан алынып, коррупция боюнча кылмышка шектелип, камакка алынды.

Алардын арасында мурдакы премьер-министр Сапар Исаков, Бишкек шаарынын мурдакы мэрлери Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, мурдакы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев бар.

Жакын санаалаштарынын акыркысы Икрамжан Илмиянов октябрда Россияда кармалып, учурда тергөө абагында жатат. Кечээ жакында Азербайжанда Бажы кызматынын мурунку жетекчиси Адамкул Жунусов кармалып, учурда аны өлкө алып келүү чаралары көрүлүүдө.

Атамбаевдин тушунда бийликтин бийик сересинде жүргөн Аскарбек Шадиевге да коррупция боюнча айып коюлуп, өзу качып кеткендиктен соту сыртынан жүрүүдө.

"Партиялык система өнүгө албай жатат"

Саясат талдоочу Нурсултан Акылбек бүгүн пресс-конференцияда болгон окуя партиялык же саясий күрөш эмес, саясий маданияттын төмөнкү деңгээлде экенин далили дейт:

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption КСДП учурда бийликтин да, оппозициянын да партиясы болуп калды

"КСДП ичинде болуп жаткан окуялар өлкөдө партиялык системаны өнүктүрүү колубуздан келбей жатканына кабар берет. Албетте, бул жерде мурдагы жана азыркы бийликтин күнөөсү чоң. Бүгүнкү чыр чыгарган эки тарап мамлекет же партиялык система үчүн күрөшүп жатышат деген ойдон алысмын. Азыр бир эле бул партиянын келечеги эмес, бүт партиялардын саясий келечеги коркунучта турат".

Кыргызстан социал-демократтар партиясы эчак эле экиге бөлүнгөн деген серепчи, бирок тирешкен тараптар партия ага добуш берген электоратка да тийиштүү экенин эске албай жатат деген ойдо:

"Партия тигил же бул тараптын жеке менчиги эмес, ал партияны колдогон электоратка да тиешелүү. КСДП кийинки шайлоого эки-үч партия болуп бөлүнүп барат деген ойдомун. Эгер мындай жапайы көрүнуштөр уланса, Кыргызстан партиялык система менен өнүгө албай калышы мүмкүн. Биздин шайлоочулар терең ойлонушу керек. Партияны жеке кызыкчылык үчүн бөлгөн, өз позициясын ачык айткандан корккон, кайсыл бийлик келсе, ошол бийликтин тарабын алган принциби жок саясатчылар мамлекетке керекпи?"

Ошентип КСДП учурда бийликтин да, оппозициянын да партиясына айланып, келерки президенттик шайлоого кайсы саясатчынын жетегинде барат, дегеле ал шайлоого чейин эле саясий уюм катары ыдырап кетпейби суроосу турат.

Тектеш темалар