Кыргызстандын бардык учактарга “Ачык асманы”

AIRBUS Сүрөттүн автордук укугу AIRBUS

Жогорку Кеңеш Аба Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган "Ачык асман" долбоорун колдоп кабыл алды. Жаңы долбоор бардык учактарга Кыргызстардын асманында эркин каттоого жол ачат.

Жогорку Кеңеш алты айдан бери каралып жаткан "Ачык асман" долбоорун жактырып кабыл алды. Жаңы долбоору боюнча баардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоого жол ачылат. Транзиттик жана түз каттамдар аркылуу жүргүнчүлөр жана жүктөр ташылат.

"Ачык асман" долбоорунан боло турган эң биринчи өзгөрүү - билет баалары арзандайт жана учуулар коопсуз болот деп жатышат.

"Дүйнөдөгү чоң-чоң компаниялар бизге келет жана кире алат. Азыр сыртка биздин өзүбүздүн эле компаниялар учуп жатпайбы. Алар болсо келе элек. Чоң компаниялар өз репутациясын аябай карайт, эскилиги жеткен учактарды колдонбойт. Ошентип жүргүнчүлөрдүн учуусу коопсуз болот",- деп билдирген мыйзам долбоордун автору депутат Абдувахап Нурбаев Би-Би-Сиге.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар