Кыргызстанда экстремисттик маанайдагы 70 интернет сайт аныкталды

2018-жылдын 10 айында экстремисттик маанайдагы отуз алты веб-сайттын ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө сот тыюу салды Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption 2018-жылдын 10 айында экстремисттик маанайдагы отуз алты веб-сайттын ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө сот тыюу салды

2018-жылдын он айында Кыргызстанда экстремисттик жана террористтик маанайдагы 70 Интернет сайт аныкталды. Алардын ичинен соттун чечими менен 36 веб-сайтка тыюу салынган. Бул тууралуу Бишкекте Борбор Азия мамлекеттеринин катышуусунда өтүп жаткан "Экстремизмди алдын алуу жана медианын ролу" атуу форум учурунда маалым болду. Би-Би-Си аталган темада ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев менен маектешти.

Би-Би-Си: Мамлекеттик органдар аныктаган экстремисттик маанайдагы интернет булактар кимге таандык?

Э.Бакиев: 2014-2020-жылдарга карата диний чөйрөгө багытталган концепция иштелип чыккан. Анын пункттарынын бири, маалымдоо каражаттары менен бирге иштөө жана алардын дин боюнча билимин жогорулатуу болуп саналат. Маселен, 2014-жылга алып карасак, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ Интернетке үч миңден ашуун электрондук маалымат жүктөгөн. Кыргызстандан Сирияга кеткендердин 60-70 пайызы социалдык тармактардан азгырылган. Демек, медианын экстремизмге жана терроризмге тийгизген таасири абдан эле чоң.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption 2018-жылдын он айында экстремисттик маанайдагы токсон бир маалымат аныкталды

Би-Би-Си: Интернеттеги пропаганда иштеринде диний экстремисттик күчтөр укук коргоо органдарынан алда канча алдыга озуп кеткендей.

Э.Бакиев: Алар менен күрөшүүдө биз өтө деле артта калган жокпуз. Биздин адистерибиз колдон келишинче жаңы технологиялардын жардамы менен иш алып барганга аракет кылышат. Айта турган болсок, 2018-жылдын он айында экстремисттик маанайдагы токсон бир маалымат аныкталды. Ошондой эле жыйырма бир аккаунт, жетимиш Интернет сайт белгилүү болуп, соттун чечими менен отуз алты веб-сайтка ишмердик жүргүзүүгө тыюу салынды. Бирок антипропагандага караганда, пропаганда жүргүзүү өтө оңой. Учурда түрдүү ыкмаларды колдонуп жатабыз. "Интернет кайгуул" деген долбоорубуз бар. Анын жардамы менен экстремизмге каршы күрөш жүргүзүүдө жаштар менен иш алып баруудабыз. Алар бизге мониторинг жүргүзүүгө көмөктөшөт.

Би-Би-Си: Мына ушундай терс көрүнүштөрдүн интернет аркылуу жайылышын алдын алуунун дагы заманбап кандай ыкмаларын колдонуп жатасыздар?

Э.Бакиев: Биз YouTube, Facebook түйүндөрүнө, Google корпорациясынын өзүнө дагы кайрылдык. Бирок алардан тастыктоочу жооп келген жок. YouTube каналына жарыяланган материалга карата элүү ар башка IP даректен арыз түшсө, ал видео автоматтык түрдө алынат. Учурда ушул ыкманы колдонуп жатабыз. Ошондой эле аталышын урдоо деген ыкма дагы бар. Биз экстремисттик маанайдагы видеонун аталышын алып туруп, ал жерге өзүбүздүн видеолорду жүктөп жатабыз.

Би-Би-Си: Жогоруда өзүңүз дин жаатындагы мамлекеттик саясаттын концепциясы тууралуу айтып кеттиңиз. Анын алкагында кандай иштер аткарылып жатат?

Э.Бакиев: Бул концепция диний чөйрөдө иш алып бара турган идея. Ал боюнча бир топ долбоорлор ишке ашты. Бейөкмөт, эл аралык уюмдар менен биргеликте экстремисттик маанайдагы материалдарды туура чагылдыруу боюнча маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн бир топ тренингдер өткөрүлдү. Ошондой эле элге туура маалымат жеткирүүдө мамлекеттик, жеке телеканалдар аркылуу маалыматтар байма-бай берилип жатат.

Би-Би-Си: Интернет аркылуу экстремисттик, террористтик уюмдарга кошулуу фактылары соңку жылдары азайып жатабы же көбөйүүдөбү?

Э.Бакиев: Бүгүнкү күндө Сирияга кетип жаткандардын саны азайууда. Ага ал жактагы геосаясий абалдын өзгөрүшү жана биз тараптан жүргүзүлгөн алдын алуу иш чаралары түрткү болду. Бирок өлкө ичинде радикалдашуу көбөйүп жатат. Ар кандай жамааттар азгырган учурлар көп.

Би-Би-Си: Демек тартылгандардын көбү жаштар экен да. Себеби, Интернет айдыңында көпчүлүгү жаштар отурат да.

Э.Бакиев: Ооба, экстремисттик уюмдарга азгырылып жаткандардын көбү жаштар. Анын бирден-бир себеби, учурда орус тилдүү аалымдардын жоктугу. Шаарда жашаган жаштардын көбү оор, идеологиялык материалдарды орус тилинде жакшы кабыл алышат. Мына ошол жаштар учурда маалыматты Интернеттен издей баштады. Ал эми Интернетте ар кандай радикалдык маанайдагы материалдар толтура.

Тектеш темалар