Жер трансформациясы: Атамбаев 200 миң кишинин батасынан кантип кур калды?

Б. Айталиев: Мындайча айтканда, СССРден мурас калган проблемалар дагы бар Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Б. Айталиев: Мындайча айтканда, СССРден мурас калган проблемалар дагы бар

Ушул күндөрү ар бир региондо жердин трансформация маселеси боюнча комиссиялар иштеп жатат. Комиссиялардын ишинин жыйынтыгы боюнча Ɵкмөт категориясы өзгөртүлө турган жер аянттары жөнүндө чечим чыгарат. Бул кеминде 200 миң адамдын жашоосундагы курчуган социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө укуктук жол ачат.

"Трансформация кыймылынын" жетекчиси Бекназар Айталиев Би-Би-Сидеги маегинде жер трансформациясындагы түйүндүү маселелерге токтолду.

Б. Айталиев: Райондук деңгээлде өз-өзүнчө комиссиялар курамы түзүлүп, ага жергиликтүү бийликтен, тиешелүү органдардан бирден өкүлдөрү кирген. Ошол комиссия жерин трансформация кылам деп жүргөн, мыйзамга ылайык келген жерлер боюнча жарандардын документтерин кабыл алат.

Документтер кылдат текшерилип, жерлерди трансформациялоого жол ачылат. А мыйзамга туура келбеген же документтеринде мүчүлүштүгү барлардын арыздарынан комиссия баш тартат.

Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Б. Айталиев: Чын-чынына келгенде, бул мыйзамга 200 миң адамдын тагдыры байланып турат

Би-Би-Си: Жер аянттарын трансформациялоодон канча адамдын социалдык көйгөйлөрү чечилет?

Б. Айталиев: Бул абдан маанилүү жана кеңири суроо. Кыргыз мамлекети болобу же башка мамлекетпи, жарандар үчүн турак-жай маселеси негизги жана биринчи орунда экени талашсыз. Ушул мыйзамдын ишке ашышы менен жүз миңдеген адамдын турмушунда эле эмес, керек болсо тагдырында жакшы саамалык болот десем туура го. Эң жөнөкөй эле бала бакча, мектеп, оорукананы да экинчи планга десек, айы-күнү жетип турган аялдарды каттоң жок деп төрөтканалар кабыл албай жаткан мисалдар ондоп саналат. Башка камкордукту кой, эптеп көз жарып алайын десе да түрткүнчүк болгон адамда эмне дарман, кандай арга калат? Жер же турак-жайынын документи тийсе мунун экономикалык жигер берчү күчү аябай зор болот.

Аларда жеке менчикке болгон укуктук сезим пайда болуп, далайлардын жашоосунда адам катары бурулуш башталат. Моралдык бекем пайдубал түзүлөт. Ушунусу менен экономикалык жактан дагы өсүшкө алып келет. Албетте, арасынан бирин-экин киши маани бербей коюшу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Б. Айталиев: 2014-жылы трансформациялана турган жер болсо, ал жерлерде "түшпөй калган киреше" деп бюджетке кирбей калган чыгымдар эсептелмек

Би-Би-Си: Жалпысынан 13 миң гектарга жакын жер трансформацияланат деп айтылып жатты эле. Эми иш жүзүндө бул аянт тогуз миң гектар болуп өзгөрдү. Буга эмне себеп?

Б. Айталиев: Иш башталганда буга чейин үч жолу мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Биз өзүбүз экичисине толук катыша албай калдык, үчүнчүсүндө комиссияны толук уюштурган да, катышып чогуу жүргөн да өзүбүз болдук. Изилдеп чыкканбыз, жалпы республика боюнча реестр түзгөнбүз. Жалпы алганда 13 460 гектарга жакын жер катталган. Ошол жерлерден бул мыйзам жобосуна туура келбей калды деген негизде беш миң гектардайы кирбей калды. Алардын кирбей калышына өкмөттүн өзүнчө бир критерийлери себеп болду. Алар да жүйөлүү критерийлер десек болот. Мисалы, соттук талаш-тартышы бар жерлер, экологиялык, санэпидемкөзөмөлдүн кандайдыр бир терс корутундулары бар тилкелер кирген жок. Ошондой эле эң башкысы, 2009-жылдын 31-июлунда мораторий жарыяланганга чейин чечими чыккан жерлер гана камтылды. Ошол күнгө чейин курулуп калгандар жана ошол күнгө чейин жок дегенде айылдык кеңештин же райкеңештин чечими колунда бар, трансформация болсун деген биринчи баскычтагы чечими барлар ушул мыйзамдын негизинде трансформацияга кирет.

Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Б. Айталиев: Азыр жер ээлери муну менен эле чектелбей, керек болсо жанагы ФАПтарды, бала бакчаны кура турган жерлерге өздөрүнүн жерлерин бергенге макул болуп күтүп отурушат

Би-Би-Си: 2009-жылга чейин деп чектелди, а башталышы кайсы жылдарга барып такалды?

Б. Айталиев: Мекемелер аралык комиссия менен караганда анын ичинде 1983-жылкы СССР учурундагы үйлөр дагы кирип кетти. Мындайча айтканда, СССРден мурас калган проблемалар дагы бар.

Би-Би-Си: Ошол 9000 гектар аянт жерде болжолдуу канча түтүн бар экен?

Б. Айталиев: Жок эле дегенде 30 миңге жакын үй бүлө турат.

Би-Би-Си: Маселен, үч гектар жерди алсак, ошонун документи 2009-жылга чейин бир даярдалып, ошол жер трансформацияга берилген дейли. Кийин ошонун 20 эле сотуйунда үйлөр салынып, калганы бош жаткан жерлер бар да. Эми ошол үч гектар жер толук трансформацияланабы?

Б. Айталиев: Бош жаткан жагындагы жердин 2009-жылга чейин айылдык же райондук кеңеш даярдаган чечими болсо, булар трансформацияга кирет. Бош жатыптыр деп калып калбайт. Негизгиси, 2009-жылдын 31-июлундагы мораторийге чейин айылдык кеңештен кайсы бир деңгээлде чечими чыккан болсо, бүгүнкү мыйзамга кирүүгө түздөн-түз укугу бар.

Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Ушул күндөрү ар бир региондо жердин трансформация маселеси боюнча комиссиялар иштеп жатат

Би-Би-Си: Бул трансформация мыйзамы кабыл алынган күндө да ишке ашпайт дегендер болду. Мисалы, бешинчи чакырылыштын депутаты Эсенгул Исаков ар бир айыл өкмөтү ар бир гектарына 1 млн сомго жакын акча төлөшү керек, бирок андай акча айыл өкмөтүндө жок, өздөрү дотацияда отурат деп айтып келген эле. Бул жагы кандай болду?

Бишкекте эмне өзгөрүү болот? Муну да көрүңүз:

Б. Айталиев: Бул дагы жүйөөлүү суроо. Трансформациялоо мыйзамы кайра-кайра өзгөртүүгө тушуга берип, 2014-жылы трансформациялана турган жер болсо, ал жерлерде "түшпөй калган киреше" деп бюджетке кирбей калган чыгымдар эсептелмек. Аны айыл чарба жоготуулары деп коёт. Ошол нерселердин ордун толтуруу жер ээсинин моюнуна жүктөлгөн. Трансформацияга кире турган болсо, ошол мыйзамдын негизинде ар бир алган киши ошону чогултуп, төлөшү керек болгон. А бул мыйзамдын макулдашылган варианты иштелип жатканда жер ээлери өздөрү ошону мойнуна алышты. Бирок бул жерде башкача болду. Алар ошол жерге зарыл, керек деген коммуникациялар, ички инфраструктураны жөнгө салууга милдеттендирилди. Азыр жер ээлери муну менен эле чектелбей, керек болсо жанагы ФАПтарды, бала бакчаны кура турган жерлерге өздөрүнүн жерлерин бергенге макул болуп күтүп отурушат.

Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Б. Айталиев: Экс-президент Алмаз Атамбаевдин вето коюп, мыйзамды артка кайтарып жибергенинин төрт себеби бар болчу

Би-Би-Си: Эми кайрадан бул жолу трансформацияга кирбей калган жерлердин маселесине кайрылсак. Алар мындан ары кандай болот?

Б. Айталиев: Дароо кененирээк токтоло кетейин, Жогорку Кеңеште мыйзам үчүнчү окуудан өтүп жатканда депутаттар дагы, өкмөт мүчөлөрү дагы бир пикирге келди. "Туура. Бул маселе менен биз баягы союз учурунан калган маселени, "эски мурасты" чечет экенбиз" дешти. Муну менен жер боюнча маселеси барлардын 70 пайызынын көйгөйү чечилип жатат, калган 30 пайызын кандай кылабыз? Беш миң гектарды ушул бойдон калтырып өзүнчө бөлүп койбой, муну өзүнчө бир этап менен кароо жөнүндө чечим болгон. 2009-жылдан 2015-жылга чейин салынып калган үйлөр бар экен. Сугат, кайрак жер же шаар ичиндеги жер болобу, ушулардын баарын өзүнчө бир этап менен карап берели дешкен. Үйлөрүн салып жашап алганы бар, жерлери турак жайлардын арасында анклав болуп калып калгандар бар. Буларды биз эми артка сүрө албайбыз, булардын да укугу бар, булар да биздин жарандар. Ошого байланыштуу мыйзамдын экинчи этабын чыгарып ошол менен чечип берели дешкен. Кудай буйруса, ошол экинчи этапта чечилет го деп турам.

Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Учурунда бул мыйзам кызуу талкуу жараткан

Би-Би-Си: Учурунда бул мыйзам боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев "бул жерде коррупциялык айла-амалдарга жол бере турган бир топ жылчыктар калып калган үчүн артка кайтарылды деди эле. Муну чечмелей келгенде айрым бир депутаттардын жерлери бар экен деген сөз болгон. Андан сырткары эң негизги талаш бул Бишкекти чет жакасындагы жерлер боюнча болуп жатпайбы?

Б. Айталиев: Экс-президент Алмаз Атамбаевдин вето коюп артка кайтарып жибергендеги төрт себебинин бирөө ушул болчу. Мунун ичинде коррупциялык элементтер калып калды, коррупциялык системалар иштеп кетиши мүмкүн деп келген. А чындыгында мамлекеттин эң башында турган адам мындай сөздү айтышы аябай эле осолдук. Көрүп турабы, тиешелүү органдарга көрсөтмө берип туруп, "тетиги жерде шек жатат, карагын да кама" деш керек эле да. Тилекке каршы ал кишинин, балким аппаратындагылардынбы же кеңешчилеринин кесепетинен ошондой чечим чыгып калган. Элдин ырысы бар экен, ал ветону да айланып өттүк. Ошол эле учурда ошол ветого эмне себепти айтмак деп өздөрүнө суроо койсок болот. Биздин баамыбызда Алмаз Шаршеновичти тегеректеп жүргөндөрдүн айрымдары чоң-чоң курулуш компаниялары менен иштегендигине байланыштуу атайын ишти кечеңдеткен сыяктанат. Себеби, бул трансформация маселеси чечилип кете турган болсо, баягы куруп койгон турак-жайлардын баасы кыйла түшүп кетет деген бут тосуулар болгон сыяктуу.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жаңы конуштарда чечилбеген көйгөй арбын

Би-Би-Си: Экс-президент баарын мыйзам чегинде чечип, бул маселеде карапайым эл тарапта болом дегендей сөздү бир нече жолу айтып келген эмеспи?

Б. Айталиев: Эми учурдан пайдаланып айта кетпесек болбойт. 2005-жылы болобу, 2010-жылы болобу, эки революцияда тең элдин ишенген саясий лидерлеринин бири, революцияны жетектеп жүргөн, эл аркасынан ээрчип жүргөн, баягы көрүнүктүү ишмерлердин бири Алмазбек Атамбаев болгон. Бул факт. Бирок, тилекке каршы, Атамбаев 2005-жылы да, 2010-жылы деле элге кыйраткан эчтеке жакшылык кылып бере алган жок. Трансформациясы бүтпөй аткан жерлерде эл менен жолуккан сайын "силердин маселеңерди чечем, бүтүрөм" деп жүрдү. А бирок иш жүзүндө алдына келгенде мыйзамды кайра артка тепкендей эле мамиле кылып койду. Мындай аракети менен далай адамдарды, көптөгөн карапайым калкты, электоратын жоготуп алды десем болот. Бул саясатчы катары анын ишиндеги чоң ката болду. Анын ордунда башка ишбилги, жигердүү президент болсо, чыны менен коррупция болчу жерин тосмолоп, органдарга тапшырма берип бөлдүрүп салып, карапайым калкка тиешелүүсүн бүтүрүп коюшу керек эле. Ошондой эл деп айтып жүргөн сөздөрүнө шайкеш иш кылган болмок. Зарыккан жанагынча киши ага батасын берип, алкап олтурбайт беле? Эл арасында "журт атасы" дегендей эле сыйга татымак. Тилекке каршы, андай болгон жок.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Б. Айталиев: Чын-чынына келгенде, бул мыйзамга 200 миң адамдын тагдыры байланып турат. Бирок иш учурунда алардын отуз пайыздайы гана ишенип, тиленип олтурду.

Би-Би-Си: Сиз абдан көп адам менен иштеп жатасыз. Буга чейин ушул документтерин бүтүрө албай келген элдин маанайы кандай?

Б. Айталиев: Чын-чынына келгенде, бул мыйзамга 200 миң адамдын тагдыры байланып турат. Бирок иш учурунда алардын отуз пайыздайы гана ишенип, тиленип олтурду. Бул башкалары кайдыгер же аларга баары бир дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче, алар учурунда какпаган эшиги калбай, буту үзүлгөнчө чуркап эч кандай майнап чыкпаган соң, үмүттөрүн биротоло үзүп, ындыны өчүп калыптыр. Алды отуз жылдан бери шайлоо сайын жалдырап, тиленип, алданып келген. Шайлоо же кайсы бир жыйын сайын "силердин жерлериңерди мыйзамдаштырып, үйлөрүңөргө документтерин чыгарып беребиз, адам өндөнтүп шарт түзүп беребиз" деп улам убада берип, тил эмизип келишкен. Анан ошол адамдарда кайдагы үмүт же ишеним калмак? Ошол чечилбеген сайын зарлаган элдин жонунан кайыш тилип, шылуундар жыргабадыбы. Эбак чечүү керек эле. Албетте, бул ары-бери эле чече салчу маселе эмес, бирок ошол эле учурда чечилбей турчу глобалдык көйгөй да эмес эле. Трансформация боло турган болду деп расмий кабар тараган соң ураалап, кубанып күтүп калышты. Бирок өкмөттүн план-программасы боюнча эки айда бүтөт десе, эл "ай, бул эки жылга барат го" деп күмөн санап турат.

Сүрөттүн автордук укугу Rufat Ergeshov
Image caption Б. Айталиев: Бул жарандар абдан туура, көйгөйлүү нерсени айтып жатышат. Коомдук реакция болушу керек.

Би-Би-Си: Жер сатып алгандар өз кезегинде ошол эле аймактан жер басып алып мыйзамдаштырып жаткандарга аябай каршы болбодубу. Алар ээн баштык менен басып алынган жерлердин мыйзамдашып жатканына тынчсызданып жатышат. Бул жагы кандай болот?

Б. Айталиев: Бул жарандар абдан туура, көйгөйлүү нерсени айтып жатышат. Булардын тынчсыздануусун ыраазылык менен кабыл алуубуз керек. Коомдук реакция болушу керек. Коомдук реакция, талкуу болбогон жерде коррупция эле гүлдөбөй, аң-сезим да өнүкпөй калат, туура эмес иштер тамырлайт дегендей. Эми эмне үчүн буга чейин жер басып алуулар массалык түрдө болду? Биринчиден, ал учурда жерге карата ушундай иш аракеттер Кылмыш-жаза кодексинин негизинде каралган эмес. Мурун Административдик кодекс менен тескелип келген. Мындайча айтканда, баягы арзыбаган тыйын менен эле штраф салып коюшчу. Учурда мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Анын негизинде ага кылмыш иши козголуп, канча бир жылга камалып кетүү коркунучу да бар. Мындан ары эми рейдерлик, басып алуу деген коркунуч болушу мүмкүн эмес.

Тема боюнча башка макалалар