Абакта тоскон алтымыш: "Ата Мекен" Текебаевдин туулган күнүн белгиледи

Кыргызстандагы белгилүү саясатчы, "Ата Мекен" саясий партиясынын лидери, "Конституциянын атасы" деп аталып жүргөн Өмүрбек Текебаев 60 жашка чыкты.

Сүрөттүн автордук укугу facebook

Партиялаштары бул мааракелүү датага байланыштуу сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп, жыйын өткөрүүдө. Сүрөт көргөзмөдө саясатчынын басып өткөн өмүр жолундагы урунттуу учурлары, үй-бүлөсү, жакындары менен түшкөн сүрөттөрү коюлган.

Бүгүн саясатчынын өзү абакта экенине карабай, жоон топ саясатчылар чогулуп 60 жаш мааракесин белгилеп жатышат. Андан кийин ооруканага барып, Текебаевди куттуктап келишти.

Учурда Өмүрбек Текебаев абакта жатат. Жакында эле ден соолугуна байланыштуу Улуттук кардиология борборуна которулганы кабарланган.

Өмүрбек Текебаев 1990-жылдан тарта саясатка аралашып, Жогорку Кеңештин алты чакырылышына тең депутат болду.

Анын эмгек жолу мектептен башталган эле. 1981-жылдан Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылынын мектебинде физика боюнча мугалим болуп иштеген. 1986-1991-жылдары азыркы ОшМУнун физика факультетинде улук лаборант болгон.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Сүрөт көргөзмөдө саясатчынын басып өткөн өмүр жолундагы урунттуу учурлары, үй-бүлөсү, жакындары менен түшкөн сүрөттөрү коюлган.

Кыязы, окуу жайдан борборду көздөй аттанган учурунда окшойт, бир катар кишинин курчоосунда Текебаевге атактуу обончу Рыспай Абдыкадыров каалоо тилек айткан экен: "Кайсыл жерде болбосун ак ниетчилик. Өмүрүң таштан болсун!". Чынында Текебаевдин саясаттагы тагдыры оңой болбоду.

1991-жылы «Эркин Кыргызстан» улуттук-демократиялык партиясын негиздегендердин бири болгон. 1992-жылы «Ата-Мекен» социалисттик партиясын негиздеп, ошондон бери карай ушул партиянын лидери.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардагы алгачкы демократиялык саамалыктардын башында туруп, "легендарлуу" аталып жүргөн парламенттин эң жаш депутаты болгон.

Бийликке айткан курч сындары, чечендиги жана тайманбастыгы менен элге бат эле алынып, 1995-2000-жылдагы президенттик шайлоодо Аскар Акаевдин негизги атаандашы болуп чыккан.

Кайсыл бийлик болбосун кемчилигин ачык айтып, конституциялык реформаларды талап кылып келген Өмүрбек Текебаев 2005-2010-жылдагы элдик толкундоолордун башында тургандардын бири. Бирок 2005-жылдагы март окуяларынан кийин да, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин дагы бийликке оппозиция болуп кала берди.

Анын саясаттагы чоң жетишкендиктеринин бири катары парламентаризмди өнүктүрүүдөгү салымын айтышат.

2010-жылдагы Апрель окуяларынан кийин Баш мыйзам өзгөртүлүп, Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алды. Бирок үзөңгүлөштөрдүн жолу дал ушул Конституция маселесинен улам ажырады дейт саясат талдоочулар.

Өмүрбек Текебаев 2017-жылдан февраль айынын аягында "Мегаком" компаниясынын тегерегиндеги чырга байланыштуу камакка алынып, ага "коррупция" боюнча айып тагылган. Тагыраагы орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталып, Маевскийдин көрсөтмөсү менен камалган. Кийин Бишкектин 1-Май райондук соту бир миллион доллар пара алуу иши боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылдан эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган. Аны менен чогуу партиялашы Дүйшөнкул Чотонов дагы айыпталып, сот жообуна тартылды.

Сотук жараяндын жүрүшүндө белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, аны жалган жалаа жана саясий куугунтук деп билдирген.Текебаевдин сот процессинде аны жактап экс-президент Роза Отунбаева баш болгон көп саясатчылар көрсөтмө беришкен.

Текебаевдин иши кийинчерээк Бишкек шаардык сотунда, андан соң Жогорку сотто да каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган.

Өткөн айда "Ата Мекен" партиясы Ɵмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароо жөнүндө президент С. Жээнбеков менен башкы прокурор Ɵ. Жамшитовко кайрылуу жолдоду. Анда Текебаевди айыптап көрсөтмө берген жалгыз күбө Л.Маевскийдин Орусияда камалышы жаӊы ачылган жагдайларга негиз болот деп айтылат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда өзүнүн "Апрель" телеканалына берген маегинде Текебаевдин ишинде баары мыйзамдуу, далилденген деп белгилеп, бирок анын соттолуп кеткенине өкүнүч билдирген.

Image caption "Ата Мекен" партиясы Текебаевдин соттолушун саясий буюртма катары айыптап, көп жолу каршылык акциясын өткөрдү

Угул жагдайлар "Ата-Мекен" лидеринин ишин кайра кароо жөнүндө чакырыктарды күчөттү. Апта башында президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктаган басма сөз жыйынында:

"Өмүрбек Текебаев боюнча бардык соттук чечимдер чыгып калган. Мен эми аны буза албайм. Мыйзам боюнча бир укугум бар, эгерде ырайым сурап жазса, берейин. Башка менин укугум жок. Соттун чечими мага чейин эле чыгып калган",-деп айтты. (AbA)

Тектеш темалар