Экс-президент Отунбаеванын Текебаевге ырайым берүү демилгесин бардык фракция лидерлери колдоду

Роза Отунбаева

Роза Отунбаева Ɵмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү сурап президент Жээнбековго өтүнүч менен кайрылды. Экс-президент мамлекет башчысы соттолгон адамдын өзүнүн өтүнүч арызы болбосо дагы анын инсандык сапатын, кылган эмгектерин эске алып жана башка жүйөөлүү себептерди негиз кылып ырайым бере алат, мунун укуктук жолу тийиштүү мыйзамда каралган деп жатат.

"Ɵмүрбек Чиркешович Текебаев Кыргызстандын жаңы тарыхында эң көрүнүктүү саясатчылардын бири, ал парламенттин дээрлик бардык каденцийинде эл депутаты болуп өлкөдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдү калыптандырууга жана өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошту",-деп айтылат кайрылууда.

Роза Отунбаева "мунапыс жана ырайым берүүнүн жалпы принциптери жөнүндөгү" мыйзамда ар кандай соттолгон адамдарга ырайым берүү каралганын белгилейт, анын ичинде мамлекеттик оор кылмыш кылып, өмүр бою эркинен ажыратылган жана өзгөчө коркунучтуу рецидивисттерге да ырайым берүүгө болот. Мамлекет башчысы соттолгон адамдын өзүнүн өтүнүч арызы болбосо дагы анын инсандык сапатын, эмгектерин жана башка жүйөөлүү себептерди негиз кылып ырайым бере алат.

Image caption "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери ырайым сурап эч качан президентке кайрылбай турганын билдирген.

Экс-президент аталган мыйзамдын 22-беренеси өзгөчө оор кылмыштарды жасап, оңолуу жолуна түшпөгөндөр да эгер көңүлгө ала турган себеп жагдайлар же Жогорку Кеңештин депутаттарынын өтүнүч каты болсо ырайым алууга укуктуу экенин аныктаганын баса белгилейт.

Ушуга байланыштуу Роза Отунбаева Жогорку Кеңештеги бардык фракциялардын лидерлерине кайрылып, Ɵмүрбек Текебаевге ырайым берүү демилгесин колдоп, кайрылууга кол коюуга чакырды.

Image caption Текебаевге ырайым берүү жөнүндө демилгени бардык фракция лидерлери колдоп кол койгон каттын көчүрмөсү Интернетке жарыяланды

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Текебаевдин соттук ишине кийлигишүүгө акысы жоктугун, бирок анын өзүнүн арызы болсо ырайым берүүгө даяр экенин билдирген эле.

Өмүрбек Текебаев өз кезегинде андан мурда ырайым сурап президентке эч качан кайрылбай турганын айткан.

Роза Отунбаеванын демилгесин Жогорку Кеңештеги бардык алты фракциянын лидерлери колдой турганы белгилүү болду, алар А. Шыкмаматов ("Ата Мекен"), А. Сулайманов ("Бир Бол"), Б. Төрөбаев ("Өнүгүү-прогресс"), А. Баатырбеков ("Кыргызстан"), И. Өмуркулов (КСДП), Ж. Турускулов ("Республика"-Ата-Журт"). (КС)

Тектеш темалар