Жээнбековдун бир жылы: Ой жетип, бирок кол жете элек иштер

"2018-жыл саясаты көбүрөөк жыл болду" Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "2018-жыл саясаты көбүрөөк жыл болду"

Жээнбековдун бийликке келиши менен ички саясаттын мүнөзү өзгөрүп, күрөш мурункудай бийлик-оппозиция форматында эле эмес, бийликтеги күчтөрдүн ич ара тиреши менен да коштолду.

Сооронбай Жээнбеков өтүп бараткан 2018-жылга өзү "саясатташкан жыл болду" деген баасын берди.

"2018-жыл жаман жыл болгон жок. Бирок саясаты абдан көбүрөөк жыл болду. Бирок ошого карабастан бийликтин үч бутагы бирге болуп, мен баш болуп, мамлекетибиздин келечегине өнүгүшүнө чоң иштерди баштадык", -деди өлкө башчысы 19-декабрда өткөн басма сөз жыйынында.

Тактеке ойнотуу саясаты ишке ашкан жок

Башында Жээнбеков шайлоодо президент Атамбаевдин колдоосу жана сүрөөнү менен келгени айтылып, эми анын өлкө башчысы катары дайым артка кылчактап иш кылары күтүлгөн.

Анын үстүнө шайлоодо жеңүүчү чыккан Сооронбай Жээнбеков анын талапкерлиги КСДП тарабынан бекиген күндөн тарта Алмазбек Атамбаевдин саясатын улантарын үгүт кампаниясында, андан кийин деле өзүнүн инагурациясына чейин айтып келди.

Бирок, ошондо эле, айрым саясат талдоочулар алты жылдык президенттик мөөнөттө Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин "таасири алдында" көпкө болбосун көрөгөчтүк кылышкан.

«Эми Атамбаев алты жыл көмүскөдө туруп, бардык чечимдерди кабыл алат деген реалдуу эмес. Жээнбеков бир убакыттан кийин кызмат ордуна көнүп, ыйгарым укуктарын аңдап, саясий контексти эске ала баштайт. Анын тегерегинде дагы чечим кабыл алуучу көмүскө адамдар да пайда болот да. Ошолор да чече башташат, кайсы тарапка бийликти консолидация кылып бийликти кеңейтсе болот. Адам фактору деген түшүнүктү да эске алыш керек» - деген эле Би-Би-Сиге былтыр өткөн шайлоонун эртеси күнү эле саясат тануучу Эмир Кулов.

Чындап эле бир жыл өтпөй Жээнбековду бийликке алып келген, кезинде КСДПнын өзөгүн түзүп жаткан айрым адамдар бийликтен четтетилмек тургай, кылмыш иштери козголуп, көбү азыр тергөө абагында жатышат.

Бирок ага чейин эмне окуялар болду? Артты бир кылчайып карасак.

Жээнбеков-Атамбаев тиреши

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосун кара мышык аралаганы февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин белгилүү болуп калды.

Жээнбеков президенттик ишине киришкенден кийин Коопсуздук кеңешинин биринчи жыйынын быйыл 8-февралда өткөрүп, сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүүдө чабалдык кылып, ал тургай өздөрү паракорчулукка малынганын айтты. Ошондой эле бул боюнча сандар да келтирди.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption 2018-жылы ички саясат Жээнбеков-Атамбаев тиреши менен коштолду

Бул экс-президенттин бул тармактагы жетишкендиктерин жокко чыгаргандай кабыл алынып, Атамбаевдин буга каршы жообу көпкө күттүргөн жок.

31-мартта өткөн КСДПнын төрага дайындоо боюнча курултайы өтүп, Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго Коргоо кеңеши адаштырган маалыматтарды берип жатканын айтты.

Атамбаев, ал тургай, 8-февралда С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде айткан коррупцияга байланыштуу маалыматтар чындыкка коошпойт деди:

"Жээнбековго Коопсуздук кеңеши адаштырган маалыматтарды берип жатат. Анткени менин убагымда коррупцияга каршы күрөш боюнча көптөгөн иштер жасалган. Коопсуздук кеңешинде маркум Темир Жумакадыров коррупцияга каршы стратегиялык иштерди жасаган".

Мына ушундан кийин Жээнбеков менен Атамбаев ортосундагы тымызын конфронтация ачык мүнөзгө өттү десек болчудай.

Андан бери экөөнүн тиреши күчөгөндөн күчөп, учурда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам парламентте биринчи окууда кабыл алынып, кийинки жылга карата саясатта олуттуу жүрүштөр болорун каңкуулап тургансыйт.

Image caption Япониядагы Кобе университетинин бүтүрүүчүсү, саясий илимдеринин магистри Даниэль Кадырбеков реформалар жүрбөсө, убакыт өткөн сайын президенттин рейтинги түшө берет дейт.

"Бул тиреш президент Жээнбековдун күч консолидация процессин жакын арада толугу менен бүтүрүп, келе жаткан жаңы жылы парламент аркылуу президент "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иммунитетин алуу" сценарийи аркылуу экс-президенттин санаалаштарын жазага тартуу аркылуу өлкөгө кимде бийлик бар экенин ачык демонстрация кылат деп ойлойм. Бул маселени чечпесе, убакыт өткөн сайын экономикалык өнүгүү жана реформалар жок өлкөдө. Анан барган сайын президент Жээнбековдун рейтинги түшүп, күчү азая баштайт. Ошол эле мезгилде бул нерсе Атамбаевдин колдоочуларын көбөйтө баштайт",- дейт саясат талдоочу Даниэль Кадырбеков.

Ошондуктан Жээнбеков келе жаткан жылы чечкиндүү кадамдарга барууга мажбур.

КСДПдан башталган коррупцияга каршы күрөш

5-июнда Бишкек ЖЭБдеги коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экс-премьер-министр Сапар Исаков, энергетика министри Осмонбек Артыкбаев УКМКнын тергөө абагына камалды. Бишкектин мурдакы мэри Кубанычбек Кулматов дагы коррупция айыбы менен камакка алынды.

Социал-демократтар партиясынын бакандай үч өкүлүнүн бир күндө камакка алынышы коомдо кызуу талкууланып, Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү өзү чыккан КСДПдан баштаганы айтылды.

Жээнбеков баштаган коррупцияга каршы күрөштү жыл ичи мактагандар да, сындагандар да чыгып, айрымдар аны саясий күрөш катары баалап жатышат. Себеби, быйыл жыл ичи Атамбаевдин жакын санаалаштары деп таанылган бир нече адамдын колу кишенделди.

Мурунку Бишкек мэри Албек Ибраимов, Бажы кызматынын мурунку жетекчиси Адамкул Жунусов, экс-депутат Аскарбек Шадиев, Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго кылмыш иши козголду. Сыртка качып кетүүгө үлгүргөн Аскарбек Шадиевди эске албаганда, алардын баары учурда тергөө абагында.

"Коррупция менен күрөшүү боюнча чоң-чоң иштер жасалып келе жатып эле бир-эки айдан бери дымып калды. Бирок козголгон иштерди коомдо саясий күрөш деп баа берип жаткандар дагы бар. Жээнбеков катуу кирише турган болсо, дестабилизация болуп кетиши ыктымал. Анткени мурдагы мамлекет башчынын тарапташтарынын потенциалы дагы жогору. Ошондуктан акырындык менен күрөшүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Бишкек ЖЭБдеги техникалык кырсык тармактагы коррупциялык иштер боюнча иликтөөлөргө себепчи болду

Бирок эл президенттен абдан чоң жаңыланууларды үмүттөнгөн. Учурда коомчулуктун үмүтү акырындык менен өчүп бара жатат. Эгер президент динамика менен тобокелдик стратегияларга барбаса, жазында абал курчуп кетиши мүмкүн",- деген эле президенттин бир жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарган серепчи Марс Сариев.

Шайлоодо жеңилип калган "Республика Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Жээнбековдун негизги оппозициясы болот деп күтүлгөн.

Үгүт маалында Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү эң биринчи кезекте андан баштарын айткан, бирок президенттин коррупцияга каршы күрөшүнүн бутасы да, оппозициясы да күтүлгөн адамдар болгон жок.

Жээнбековдун оппозициясы кимдер?

Серепчилер Жээнбековдун оппозициясы азыр калыптанып жатат жана анын түрү жана туруму бир аз убакыт өткөндө дагы дааналана баштайт дешет. Азырынча Атамбаевден башка Жээнбековго дагы ким оппозиция болот, бир аз бүдөмүк.

Себеби оппозициянын ана башы делген камактагы Өмүрбек Текебаевдин парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы баш болуп президенттин азыркы саясий стратегиясын колдоого алып жатканы байкалат.

"Сооронбай Жээнбековго карата азыр ишеним кредити берилип жатат. Үмүт чоң болуп атат. Ошол эле "Ата Мекен" партиясын алалы. Алардын Жээнбековду ишенип, саясатын туура көруп колдоп жаткандыр, бирок аларда президент менен жакшы мүнөздө коммуникация кура алсак, мүмкүн, партия лидери Текебаевди жана анын үзөңгүлөшү Дүйшөнкул Чотоновду бошотууга барат деген үмүт бар", - деди саясат талдоочу Эмил Жороев.

Анын пикиринде саясатташкан сот чечимдерин жокко чыгарып, аларды жаңыдан кароого шарт түзүлбөсө, ошол эле "Ата Мекен" партиясынын Жээнбековду колдоосу жокко чыгат.

Жээнбеков бир жылдык ишмердигинин жыйынтыгын чыгарып берген басма жыйынында журналисттер тарабынан Текебаев маселеси көтөрүлүп, президент эгер саясатчы тарабынан ырайым суралса, аны боштондукка чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

"Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сурабай турганын, жаза мөөнөтүнүн беш жылдан ашуун бөлүгүн өтөгөнүн айтты.

Мыйзам боюнча жакын арада жатак абакка жана мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин да кошумчалады.

"Бул маселе жөн гана атаандашын боштондукка чыгарбоо маселеси деп ойлойм. Себеби сот жана укук коргоо системасындагы тартипсиздикти, ошол иштин жасалма болгонун билип туруп, эч нерсе өзгөртөй, ушул системага таянып иш кылганы - бул ал эчтеке өзгөртпөйт дегендин белгиси", -деген эле басма соз жыйынына кийин саясат талдоочу Даниэль Кадырбеков.

Ал арада экс-президент Роза Отунбаева "Ата Мекен" лидерине ырайымдык кылуу тууралуу өтүнүчүн президентке жолдоп, Текебаевдин абактан чыгары бышык болуп калды.

Бийлик кийинки жылга карата Атамбаевге каршы күч топтоп жатканы байкалат, бирок Текебаевдин ал "миссиясы" ишке ашкандан кийин, саясий талаада эмне өзгөрөрү жана азыркы бийликке анын андан аркы туруму кандай болот алдын ала божомолдош кыйын.

Серепчилер жакынкы жылдары Жээнбековго оппозиция болчу күчтөрдүн катарына былтыр өткөн президенттик шайлоодо марага үчүнчү болуп келген Адахан Мадумаровду да белгилеп жатышат:

Image caption Эмилбек Жороев, саясат талдоочу

"Салмактуу саясатчылардан Адахан Мадумаров бар. Анын парламентте партиясы жок болгондуктан көп этибарга албай калабыз, бирок өткөн президенттик шайлоодо анын маанилүү саясатчы экени байкалды. Анын көз карашы так айтыла элек. Бирок анда жарым сын-пикир жарымы колдоо ирээт болууда. Бирок убакыт менен анын дагы бир жакка позициясы ооп, оппозицияга өтүп кетиши толук ыктымал", - дейт саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Шайлоодон кийин сыртка чыгып кетип, учурдагы бийликтин тилин табууга аракет кылып келе жаткан Өмүрбек Бабановго карата учурдагы бийликтин мамилеси быйыл "ийиген" жок.

Үмүтү үзүлгөндө "Республика Ата-Журт" партиясынын лидери кайсы саясий күч тарапка оошу да кызык болуп турат.

Жээнбеков жана тышкы саясат

Өлкө башчысы катары Сооронбай Жээнбековдун тышкы саясаттагы иштерине бир катар эксперттер оң баа берип жатышат. Саясат таануучу Эдил Осмонбетовдун айтымында, Жээнбеков президент болуп келиши менен коңшу мамлекеттер менен солгундап кеткен мамилени жөнгө салганга жетишти.

Жээнбековго адегенде эле Атамбаевдин тушунда шайлоо шарапатынан улам солгундап кеткен Кыргызстан-Казакстан мамилесин чыңдоо милдети турду.

"Жээнбеков мамлекеттин башына келгенден кийин кыргыз-казак чек ара маселеси чечилди. Түркия, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттер менен мамилесин жакшырта алды. Кечээ жакында эле БУУнун жыйынына катышып, өлкөнүн көз карашын билдирди. Кыргызстандын бардык эле президенттери БУУнун жыйынына катышып, өлкөнүн атынан сөз сүйлөй бербейт.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жээнбеков президент катары коңшу өлкөлөр менен мамилени жандантканы да анын жетишкендиктеринин бири аталууда

Кыскасы, Кыргызстан бир тараптуу эмес, көп тараптуу тышкы саясат жүргүзгөнгө аракет кылып жатат. Учурда эң башкысы, 2014-жылы солгундап кеткен АКШ менен болгон мамилени жөнгө салыш керек. Өлкө эгемендикти алгандан тартып Америка эки миллиард доллардын тегерегинде жардам көрсөткөн. Андыктан буга окшогон кубаттуу державалар менен мамилени жакшыртуу зарыл", - деди Эдил Осмонбетов.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашуу боюнча иш жүрүп жатканын 19-декабрда өткөн маалымат жыйынында ачыктады.

"Иш жүрүп жатат. Убакыт керек. Улуттук кызыкчылык эске алынышы керек", - деди президент.

Кыргызстан АКШ ортосундагы кызматташтык тууралуу эки тараптуу макулдашуу 2015-жылы бир тараптуу токтотулган. Буга өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаменти барктуу сыйлыкты ыйгарышы себеп болгон.

"Олуттуу бурулуштар али алдыда"

Быйыл Сооронбай Жээнбеков 27-июнда парламент трибунасынан коомчулукка жана депутаттарга кайрылуу жасаган эле.

Өлкө башчысы анда бир катар тармактарда чечкиндүү реформа жүрүп жатканын белгилеп, негизги өзгөрүүлөр кийинки жылдан тарта сезиле баштаарын айткан:

"Биз үчүн 2019-жыл өзгөчө жыл болот. Коомдун жана мамлекеттин турмушундагы жаӊы этап башталат. Сот реформасы — коомду позитивдүү өзгөрүүлөргө алып келет. Бул жаӊы өзгөрүүлөр дегенибиз — соттук-укуктук чөйрөнү тескей турган жаӊы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө кирет. Өлкөбүз ошол жаӊы нормалар менен жашоону баштайт. Баарыбыз ушул олуттуу бурулушка даяр бололу",- деген эле президент.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Олуттуу бурулуштар али алдыда"

Президент бул сөзүн бир жылдык ишмердигинин жыйынтыгын чыгарып жатып дагы кайталады.

Коррупцияга каршы күрөш, сот реформасы жаатында дагы маанилүү нерсе, жаңы жылдан тарта президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен укук коргоо органдары тарабынан жасалган кылмыштардын реестри иштей баштайт.

"2019-жылдын 1-январынан тартып укук коргоо органдары тарабынан жасалган кылмыштардын реестери иштей баштайт. Учурда бардык керектүү техникалык документтер даярдалып жатат. Коомчулук укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн үстүнөн жазылган арыз-даттануулар кандай каралып жатканын онлайн режиминде көрө алышат. Муну менен бардык тергөөчү, прокурор жана башка кызматкерлер кайсы бир ишти жаап-жашыруудан мурун "кылмышкерди калкалоо керекпи же жокпу" деп он жолу ойлонот деген ишеним бар", -деген эле буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.

Президент баштаган дагы бир жакшы саамалык бул - административдик-аймактык реформаны баштоо ниети болууда. Жээнбековдун бул дымагын да Кыргызстанда эчак эле бышып жетилген иш катары колдоого алып жатышат.

Аймактык-административдик реформанын алкагында областтарды жоюп, райондорду ирилештирүү жөнүндө сөз болуп келген. Эми анын кандай варианты экономикалык жана саясий жагынан туура болорун атайы жумушчу топ карап жатат.

Ошентип, былтыр 15-октябрда шайлоодо жеңип чыккан КСДП талапкери Сооронбай Жээнбековдун алты жылдык кызматынын бир жылынын сапары карыды. Жээнбековдун азырынча ою эле жетип, бирок кол жете элек иштер аягына чыгат деген ишеним кредити эл арасында, жарандык коом ичи, саясий чөйрөдө деле чоң.

Тектеш темалар