КСДП: өздөн чыккан жат же "бийликтеги оппозиция"

КСДП учурда бийликтин да, оппозициянын да партиясы Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption КСДП учурда бийликтин да, оппозициянын да партиясы

Өтүп бара жаткан 2018-жыл Кыргызстан социал-демократтар партиясы үчүн чоң сыноолордун жылы болду. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиреши партия ичиндеги кризисти шарттап, жыл ичи саясий уюм кайым айтышуунун, саясий атаандаштыктын полигону болуп келди.

Таарыныч курултайы

КСДПнын 31-мартта өткөн төрага шайлоо боюнча курултайы президент Жээнбеков менен экс-президент Атамбаевдин ортосундагы мамиле салкындап калганын ачыкка чыгарды.

Курултайга КСДПнын бакандай эки өкүлүнүн атайылап чакырылбаганы көптөгөн күдүк ойлорго жем таштады.

"Партиялаштар өзүнчө бир сүйлөшүп алалы дегенбиз. Анан көп киши чакырылган жок дегениңерге мен кошулбайм. Болгону эки депутат чакырылбай калды. Асылбек Жээнбеков менен Искендер Матраимов. Анын да негиздери бар. Партияны тазалоону, албетте, эртең эле баштап кетпейм да. Жакшылап карашым керек, кандай болуп атат турмушу, эмне болуп атат. Бул чоң иш", - деген болчу Алмазбек Атамбаев анда.

Экс-президент ошондой эле ал курултайда Сооронбай Жээнбековдун иниси, КСДП фракциясынын өкүлү Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырбайт деп күнөөлөп өткөндөй болду:

"Сооронбай Шарипович президенттикке көрсөтүлгөндө эле айткам: Асылбек Шарипович мандатын өткөрүп бериши керек деп. Мен ушул позицияда азыр да турам. Асылбек Шарипович абдан жакшы иштеп берди мамлекетке, партияга. Эки жолу спикер болду, үч жолу депутат болду. Спикер болгондо да бир топ президент катары жардамын көрдүм. Бирок президенттин бир тууганы парламентте депутат болуп отурганынын эртели-кеч жаман таасири тиет".

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption 31-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП төрагасы болуп шайланды

КСДПнын түштүк облустары боюнча салмактуу өкүлдөрүнүн бири Искендер Матраимовдун иниси Райымбек Матраимов былтыр ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан четтетилген.

Аны иштен алуу боюнча чечимдин негиздемесинде "Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар алардын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда иштен бошотулат" деп жазылат.

Бирок саясий чөйрөдө Раим Матраимов Жээнбеков менен Атамбаевдин тирешинин "курмандыгы" болгондугу айтылып жатты.

"Раим Матраимовдун бир тууганы чакырылган жок. Искендер Матраимов. Ал дагы партия үчүн жакшы иштеген. Почетная грамота бергем. Таза бала деп атат, бирок азыр Раим Матраимов жана таможня боюнча жоруктар чыгып атканда...Албетте бир тууган бир тууган үчүн жооп бербейт, бирок айтып атпаймбы, өткөн жылы ушул таможнядагы махинациялардын айынан бюджетке 10 миллиард сомго жакын кирбей калган окшойт", -деген Атамбаев.

КСДПнын эң эле чулгандуу билдирүүсү бул - Алмазбек Атамбаевдин Бишкек ЖЭБдеги аварияга президент Сооронбай Жээнбековдун да жоопкерчилиги бар экенин кыйытканы болду:

"Мен Сапар Исаков өкмөт башчы катары өз милдеттерин жакшы эле аткарып атат деп ойлойм. Мен буга чейин унчукпай келгем, Сапар Исаковдон да сурангам: чыда, Сооронбай Шарипович уулу агаң катары сени бардык нерсе үчүн айыптайт деп. Бирок чындыкты айтыш үчүн убакыт келди окшойт. Бишкек ЖЭБди кышка даярдоо боюнча кыйкырык салгандар, андагы авария боюнча бакыргандар болуп атат. Бирок Сапар Исаков премьер-министр кызматына 28-августта эле отурбадыбы. Кайсы өлкө болбосун, биздин Кыргызстанда деле кышка даярдык сентябрга чейин эле бүтөт. 2016-жылы Бишкек ЖЭБин ремонттоого 280 миллион доллар кеткен, 2017-жылы Бишкек ЖЭБин кышка даярдоого 230 миллион доллар чыгымдалган. Тендер жана даярдыктын баары премьер-министр Жээнбековдун командасы тарабынан жүргүзүлгөн".

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Курултайда Бишкек ЖЭБ боюнча да билдирүүлөр жасалды

Каршы тараптын бул курултайда айтылгандарга жообу көпкө күттүргөн жок.

Партия менен фракция тиреши

19-апрелде КСДПнын сунуштамасы менен келген Сапар Исаков башындагы өкмөттү парламент көпчүлүк добуш менен отставкага кетирип, бул Атамбаевге каршы турган күчтөрдүн жеңиши катары бааланды.

КСДП башындагы турган парламенттик көпчүлүктүн Сапар Исаковго каршы добуш бериши, өзгөчө Иса Өмүркулов жетектеген Социал-демократтар фракциясынын жоон топ курамы бул чечимди колдошу, партия ичинде күч кайсы тарапка оогонун көрсөткөндөй болду.

Бул окуядан кийин Иса Өмүркулов башында турган Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы менен Кыргызстан социал-демократтар партиясынын ортосунда идеялык ажырым айдан ачык болуп калды.

Көпкө созулган ички талаш-тартыш, каршы айыптоолордон кийин 1-ноябрда Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП Иса Өмүркуловду партиядан чыгарганын жар салды.

Депутат өзү саясий уюмдун бул чечимин Сапар Исаковдун өкмөтүн отставкага кетирүүгө байланыштырды:

"Бул саясий проблема. Бул менимче Сапар Исаковдун отставкага кеткенинен башталды. Мына ошондон. Бул жерде саясат жатат".

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption КСДПнын шайлоо алдындагы курултайынан сүрөт

Бирок Би-Би-Сиге бул тууралуу кенен маек берип жатып, таарынычын да билдирген:

"Канча жыл партияда жүрсөк, анын программасы деп, багытын колдоп, бир топ кыйынчылыкка туш келгенбиз. 18 жыл болду, Акаевдин учурунан бери "Атамбаевдин досу", "КСДПнын мүчөсү" деп көрбөгөн кордукту көрүп келдик. Өзгөчө Бакиевдин учурунда менин өзүмө да, үй-бүлөмө да коркунуч туулган. Үйгө граната ыргытып жардырган күндөр болгон. Мына ошондой коркутуп-үркүткөн мезгилде дагы мен идея үчүн деп партия менен эриш-аркак келгем".

Партиядан чыгарылгандан кийин Иса Өмуркуловдун фракция жетекчи катары кала бериши жөнсүз экенин депутат Ирина Карамушкина фракция жыйындарында бир нече жолу көтөрүп, дале болсо кайталап келе жатат.

"Фракция жыйынын алып барып жатышыңар мыйзамдуу эмес. Себеби, сиз партиянын мүчөсү эмессиз. Биз фракциянын башка лидерин тандашыбыз керек. Ал КСДПнын мүчөсү болушу керек. Сиздин жыйынды алып барып жатканыңар мыйзамдуу эмес. Мен партия лидеринин төрага орун басары, саясий кеңештин мүчөсү катары ушуну айтканга укугум бар", - деген эле депутат Ирина Карамушкина 16-ноябрдагы фракция жыйынында.

20-декабрда КСДП фракциясы парламентке вице-спикерлик кызматтан ошол эле КСДПнын мүчөсү Асел Кодуранованы чакыртып алуу боюнча сунуш киргизип, 111 депутаттын 92си колдоду.

"Иса Шейшенкулович, мен сизди 23 жылдан бери билем. Карындаш катары "байкем" деп мамиле кылчумун. Бала кезимде таенем байкелериме «эстүү адам болсоң ачаар эшигиңди катуу жаппа, карындашыңды какпа" деп айтчу. Сиз бүгүн ачаар эшигиңизди абдан катуу жаптыңыз, карындашыңызды абдан катуу кактыңыз", -деген эле анда Асел Кодуранова.

Буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) билдирүү таратып, Асел Кодуранова вице-спикерликтен саясий негизде алынып жатканын жарыялаган. Себеби буга чейин депутат экс-президенттин кол тийбестигин алчу мыйзам долбооруна каршы добуш бергени маалым.

"Атамбаевсиз КСДП"

Жаздан тарта активдеше баштаган "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы КСДП ичиндеги кризиске катализатор болду. Президенттик шайлоодо КСДПнын саясий кеңеши талапкерлигин четке каккан, партиянын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахманов бул кыймылдын башында туруп, жер-жерлерде конференцияларды уюштуруп, партия ичинен бөлүнүп-жарыла баштады.

"Атамбаевсиз КСДП" кыймылы июлдан тарта аймактарда өз алдынча конференцияларды өткөрүп бүтүп, эми республикалык деңгээлдеги иш-чарасына даярданып турган убагы.

Кыймылдын башкы ураандарынын бири бул - "партиянын саясий кеңешиндеги татыксыз адамдардан арылуу".

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption "Атамбаевсиз КСДП" кыймылын партиянын мурунку мүчөсү Сагынбек Абдрахманов жетектейт

"Жакында "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынын Бишкектеги жыйынын өткөрөбүз. Ошол өтпөсүн деп, атайы тоскоолдук кылып жатышат. Айрымдардын бул акыркы агониясы да. Жер тепкилесе да өткөрөбүз",- деген эле буга чейин Сагынбек Абдрахманов.

Саясий уюмдун расмий катчылыгы болсо башынан эле Сагынбек Абдрахманов партия мүчөлүгүнөн эчак чыгарылгандыгын жана ал уюштуруп жаткан жыйындар легитимдүү эмес экенин кайталап келет.

"КСДП: тазалануунун учурдагы этабы оор болууда"

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев сентябрда аталган партиянын 25 жылдыгына карата кайрылуу жолдоп, анда саясий уюм ичиндеги кризиске токтолду.

"Тарых КСДПнын алдына далай ирет эң кыйын тандоолорду койгон. Биз дайыма туура чечимдерди таап келгенбиз. Ага карабай, тазалануунун жана жаңылануунун учурдагы этабы өзгөчө оор болуп жатат. Анткени бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр кайра партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманатты кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат"- деп айтылат кайрылууда.

Атамбаевдин кайрылуусу КСДПнын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу күчөп, анын команда мүчөлөрүнө карата чабуул күчөп турган учурда болду.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Тарых КСДПнын алдына далай ирет эң кыйын тандоолорду койгон"

"КСДП азыр өзүнө өзү оппозиция. Атамбаев менен Жээнбеков бүгүн бири-бирине оппозиция. Анткени буларда дагы деле бийликтин каймактуу жерлеринин таасирин талашуу бүтө элек. Кыргызстанда оппозиция так ошондон башталат. Бийлик талашкандан жана байлык талашкандан. Бүгүн аларды Атамбаев менен Жээнбековдун эки тобу талашып атат",-дейт мурунку баш прокурор Азимбек Бекназаров Кыргызстан социал-демократтар партиясындагы жааттаашуунунун себеби жөнүндө.

Ошентип быйыл Кыргызстанда бир эле партия бийликти да мыкчыган, оппозиция да болгон уникалдуу кырдаал түзүлдү.

"Бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп убада берген эмесмин"

19-декабрда Сооронбай Жээнбеков бир жылдык ишмердигинин жыйынтыгын чыгарып, Атамбаев менен мамилеси, КСДП партиясы тууралуу маселелерге да токтолуп өттү:

"Саткын" деген атка кондурушту мени, "Жээнбеков сатып кетти" дешип. Мен бир топтун же бир адамын кызыкчылыгын коргойм деп элге убада берген эмесмин. Мен элдин кызыкчылыгын коргойм деп убада бергем. Мени бир топтун же бир адамдын кызыкчылыгын коргобой атат, саткын дешсе дешсин. Кыргыз мамлекетинин, элинин кызыкчылыгын саткандан Кудай сактасын мени", -деди президент.

Жээнбеков ошондой эле "Атамбаевсиз КСДП" кыймылына бийликтин тиешеси жоктугун баса белгиледи:

"Менин "Атамбаевсиз КСДП" кыймылына эч кандай тиешем жок. Мына мен катардагы мүчө эмес, ошол КСДПнын башында турган, ысык-сууга бышкан, эң оор мезгилдерде башында турган мүчөлөрүнүн, жетекчилеринин биримин. 2007, 2009, 2010-жылдары башында мына биз турганбыз. Мисалы, мен бир кездеги абдан күчтүү, чоң, ийгиликтүү партиянын азыркы ахыбалын көрүп, менин да ичим күйүп атат. Жүрөгү ооруп атат. Ал мага жөн партия эмес, ал партияда биздин жаштыгыбыз, өмүрүбүз өттү десек болот. Анан эми мындай ахыбалга келгенинин себебин башка жактан издеш керек. Жээнбековдон эмес. Президент болгондон кийин партиядан убактылуу бошоттум мүчөлүгүмдү. Эмне үчүн дегенде мен бардыгына бирдей болушум керек. Бардык партияга бирдей шарт түзүшүм керек. Баарына бирдей атаандаштык болушу керек. Ошондо анан мыктылардын мыктысы чыгат".

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Президент 19-декабрдагы басма сөз жыйынында "Атамбаевсиз КСДП" кыймылынан эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Президент ошондой эле бул жыйында КСДП мүчөсү, өз иниси Асылбек Жээнбеков тууралуу айыптоолорду да четке какты.

"КСДП электоратка да тийиштүү"

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын тегерегинде түзүлгөн кырдаалга талдоочулар ар кандай бааларын берип атышат.

"КСДП ичинде болуп жаткан окуялар өлкөдө партиялык системаны өнүктүрүү колубуздан келбей жатканынан кабар берет. Албетте, бул жерде мурдагы жана азыркы бийликтин күнөөсү чоң. Бүгүнкү чыр чыгарган эки тарап мамлекет же партиялык система үчүн күрөшүп жатышат деген ойдон алысмын. Азыр бир эле бул партиянын келечеги эмес, бүт партиялардын саясий келечеги коркунучта турат",- дейт саясат талдоочу Нурсултан Акылбек.

Анын пикиринде, партия ичинде тирешкен тараптар КСДП ага добуш берген электоратка да тийиштүү экенин эске албай жатат:

"Партия тигил же бул тараптын жеке менчиги эмес, ал партияны колдогон электоратка да тиешелүү. КСДП кийинки шайлоого эки-үч партия болуп бөлүнүп барат деген ойдомун. Эгер мындай жапайы көрүнүштөр уланса, Кыргызстан партиялык система менен өнүгө албай калышы мүмкүн. Биздин шайлоочулар терең ойлонушу керек. Партияны жеке кызыкчылык үчүн бөлгөн, өз позициясын ачык айткандан корккон, кайсыл бийлик келсе, ошол бийликтин тарабын алган принциби жок саясатчылар мамлекетке керекпи?".

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption КСДП быйыл 25 жылдыгын белгиледи

Эки жылдан кийин өтө турган кезектеги парламенттик шайлоого КСДП кимдин жетегинде барат, кимдин саясатын жана программасын колдойт суроосу ачык бойдон калууда.

"Социал-демократтар толугу менен Атамбаевдин жетегинен чыгып, президент Жээнбековду колдой баштайт. Же экиге бөлүнүп, бир партиядан эки канат чыгышы толук ыктымал. Себеби партиянын бири-бирине атаандашып, кас карап турган президент менен жетекчиси менен шайлоого барып жеңип чыгуу өтө кыйын болот",-дейт серепчи Эмил Жороев.

Ошентип чейрек кылымды карыткан, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы өз орду бар социал-демократтар партиясы үчүн өтүп бара жаткан 2018-жылы катуу кармаштын, тирештин жылы болду.

КСДП сыноолордон сынбадыбы, кубаты калдыбы, аны 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоо көрсөтөөр.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар