Hello Ladies: Жылдын трагедиясы жана үмүтү

Жыл боюу ар аптанын шейшемби күнү радиобуздан такай чыгып келген Hello Ladies түрмөгүнүн жыл жыйынтыгын чыгарабыз. Бул жыл ичинде аялдарга байланышкан ден соолук темасынан тарта, дээрлик баардык тармактагы кыз-келиндердин көйгөйлөрүн жана жетишкендиктерин, укуктук маселелерин көтөрдүк.

Кыргызстандагы жыл ичинде болгон аялдарга байланышкан айрым урунттуу окуяларды кайрадан эске салабыз.

2019-жылдын 1-январынан тарта үй-бүлөлүк зомбулук административдик бузуудан кылмыштык укук бузууга которулат. Буга чейин ал административдик чара көрүү менен гана чектелип келген.

Ал эми үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгү аялдар.

БУУ тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ылайык, Кыргызстанда 15-49 жаштагы аялдардын 25 пайызы, тактап айтканда ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат. Ошондой эле ар бир бешинчи аял ала качуу жолу менен турмушка чыккан.

Эгемендик алган жылдардан тартып кыргыз өкмөтү аялдарга жана кыздарга болгон зомбулукту жоюуга өзгөчө көңүл буруп келет.

Өлкө Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп зомбулукту коркунучтуу жана жол бербей турган көрүнүш катары таап, ага каршы социалдык жана укуктук коргоо мыйзамын кабыл алган.

Бирок мындай терс көрүнүштөр бир канча жылдан бери тамырлап калгандыктан, аялдарга болгон зомбулук жоюлбай келет.

Кыз ала качууга каршы күрөштүн символу - Бурулай

2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын өлүмү эң трагедиялуу окуялардан болуп калды. Бурулай ала качып бара жаткан адамдын колунан Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн.

Бул ишке байланыштуу сот кыздын өлүмү боюнча айыпталган Марс Бөдөшевди "кыз ала качуу" жана "адам өлтүрүү" беренеси менен 20 жылга эркинен ажыратты. Айыпталуучулардын бири Акмат Сейитов "кылмыш кылууга көмөк көрсөткөн" деп, жети жылга кесилди. Бурулайдын өлүмү коомчулукта укук коргоо органдарынын шалаакылыгынан тарта, эркектердин жоопкерчилиги, адамдык баалуулуктардын бузулуп жатышына чейинки маселелерди козгоду.

"Кызымды биринчи жолу ала качып кеткенде, эгер көңүлү болсо ошол балага берейин дегем. Бирок кызым көңүлү жок экенин айтты. Биринчи эле жолу болгон окуяда милицияга арыз жазайын дегем, бирок баланын агасы кечирим сурагандан жазган эмесмин. Анан көп узабай эле бул иш кайталанып жатпайбы. Чынын айтсам, мурун ала качууга көп деле маани берчү эмесмин, атүгүл аны салт катары кабылдачумун. Көрсө бул таптакыр болбогон нерсе экен. Кыз киши мал эмес да. Зордоп алып кетип, кийин жашоосу болбой калса алып барып сатып жибергидей",- деген эле Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев Би-Би-Сиге берген маегинде.

Image caption Ала качуунун курмандыгына айланган Бурулай

Изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда никеге тургандардын 20 пайызы ала качуу жолу аркылуу же кыздын макулдугу жок баш кошот. Ысымын атагысы келбеген биздин каарман мындан бир нече жыл мурун ала качуунун курмандыгы болгон.

"Ала качканда өзүңдү койдой эле сезесиң. Эч ким сенин сезимиң менен эсептешпейт. Кыйнап, жулкулдатып отургузуп коюшат. Ар нерсени ойлоно берип психологиялык жактан абдан чоң стресске дуушар болосуң. Күйөө сөрөйүң ар кандай сөздөрдү сүйлөйт. Ошонун бардыгы өтө оор сокку болот. Мен эки ай араң чыдап, андан кийин кетип калгам. Күйөөңдү мурун көрбөсөң же сүйлөшпөсөң аны менен кантип жашайсың. Мындай абал түшүнгөн кишиге өтө оор".

Кыз-келиндерге болгон зомбулукту жоюу аракети

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Миграцияда жүргөн кыргызстандык кыз-келиндердин саны жыл сайын өсүүдө.

Ала качууга, үй- бүлөлүк зомбулукка жана эрте никеге каршы учурда Бишкектин Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Көлмө жаңы конуштарында жашаган түгөйлөр окуудан өтүшүүдө. Аялдарды колдоо уюмунун аткаруучу директору Бакен Досалинева айтымында, өлкөдө ички миграция күчтүү болгондуктан жаңы конуштарда үй-бүлө зомбулугуна кабылган кыз- келиндер арбын.

"Кризистик борборлорго жүз киши кайрылса анын токсон жетиси кыз-келиндер. 2017-жылы бизге кайрылгандардын саны жети миң үч жүздөн ашкан. Алардын төрт жарым миңден ашыгы физикалык зомбулукка кабылган. Эки жарым миңден ашыгы психологиялык зомбулукка туш болгон аялдар".

Кыргыз коомун кызыл чеке кылган "Кыз" ыры

Кыргызстанда аялдардын укугун коргоп, ар кандай терс көрүнүштөрдү жоюуга умтулган кыз-келиндер дагы жок эмес. Бурулайдын кайгылуу өлүмүнөн кийин аны менен жашташ Зере өзүнүн "Кыз" деген ырын чыгарып, чыгарма Интернет айдыңында дароо эле топ жарды.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Учурда кыздар 13-14 жашында жыныстык катнашка барат экен

Клип жарык көргөндөн кийин коомдук сайттардын колдонуучулары кызыл-чеке болуп талашып, эки жээк болуп бөлүнүп кайым айтышып эле жатып калды.

Айрымдар Зеренин "Кыз" аттуу ырына тартылган клипти жактырып, коомдук сайттарга бөлүшүп жатса, аны сынга алып, жеткире тилдегендер четтен чыкты.

"Зеренин ырын мен терс кабыл алдым. Анын мындай кадамын жиндилик деп баалайм. Кыргызда "кызга кырк үйдөн тыюу" деген жакшы сөз бар. Биздин ата-бабалар кыздарын улуш макал аркылуу эле тарбиялап келген. Анан менин укугум деп эле жарым жылаңач чыгып алып ар нерсени сүйлөй берген туура эмес. Биз мындай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек",- деди эркин журналист Назира Бегим.

Сүрөттүн автордук укугу ZERE YOUTUBE
Image caption "Кыз" ырынын автору Зере

Зере "Кыз" ырына тартылган клипте ич кийимдин сыртынан эле күрмө кийип, кыска юбка менен ырдап чыккан. Ага улуттук кийим кийген, хиджаб менен жүргөн, ачык кийинген дагы кыздар тартылган. Бул аркылуу Зере: "кандай кийинет, кандай өзүн алып жүрөт кыздар өзү билет, эч ким сөөмөй кезеп үйрөтпөсүн" деген ойду бергиси келген.

Зерени жактагандар клиптегидей болуп сүрөткө түшүп, "Фейсбук" аркылуу флеш-моб дагы өткөрсө, аны жактырбагандар коркутуп-үркүтүп, "жок кылабыз" дегенге чейин барышты.

"Көптөгөн социалдык долбоорлорго катышкан социалдык жактан активдүү киши катары өлкөдө гендердик тең салмактуулуктун жоктугун байкадым. Ошол себептүү бул ыр жаралды. Мындай катуу реакциялар болорун албетте, күткөнбүз. Мен клипте дал ушундай образ аркылуу коомду бир силкинтүүгө мүмкүн болорун түшүнгөм",-деди Зере.

Психологдор аялдар башынан кечирген зомбулуктун психологиялык залакалары өтө оор болоорун айтышат. Зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндердин көпчүлүгү өзүн- өзү баалоо сезимдерин жоготуп коет дешет.

Бишкек шаардык ИИББнын маалыматына ылайык, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган 359 аялдан арыз келип түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын тогуз айында эле зомбулукка байланыштуу арыздарын саны 1047ге жеткен. Мындай көрсөткүч аялдар өз укугун өзү коргогонго үйрөнө баштаганынан кабар берет дейт укук коргоочулар.

Ноябрдын соңунда унаасында бара жаткан кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө аракет кылган таксисттин видеосу дагы быйылкы жылдагы коомдо кызуу талкуу жараткан чуулгандуу окуялардан болуп калды.

Бул окуядан кийин социалдык түйүндөргө таксисттер тарабынан кыз келиндерге жасалган мындай терс мамиле көп кездешээрин, атүгүл коркутуп-үркүтүүлөр дагы көп болоорун жазып чыгышты.

Саны азайып жаткан саясаттагы аялдар

Ала качууга, үй- бүлөлүк зомбукка жана эрте никеге туруудан башка дагы өлкөдө гендердик тең укуктуулук сакталбаган учурлар арбын деп келишет. Маселен, жогорку мамлекеттик кызматтарда аялдардын саны дагы, салмагы дагы жыл өткөн сайын азайып бара жатканын айтышууда.

Эң жогорку мамлекеттик кызмат саналган парламентти ала турган болсок, жүз жыйырма депутаттын он тогузун гана аялдар түзөт. Ал эми өкмөттөгү төрт вице-премьердин бирөө гана аял болсо, он эки министрдин ичинен эки гана министр аял киши. Калаа башчы, район акими сыяктуу кызматтарды ээлеген аялдар жокко эсе.

"Кыргыз аялдары өтө курч, тайманбас жана эр жүрөк. Биздин аялдардын жетекчилик жөндөмдүүлүгү жогору, патриоттуулук сезимдери күчтүү. Ачык эле айтыш керек, мырзалар эч убакта айымдарды алдыга чыгаргысы келбейт. Саясатта болобу же башка аткаруу бийлигинде болобу аялдарды пайдаланып туруп, өзү автор болуп чыга келген эркектер дагы жок эмес. Кайсыл гана тармак болбосун аялзаты өзүнүн ишин берилгендик менен аткарат",- деди мурдагы депутат Надира Нарматова.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Надира Нарматова Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты

Өлкөдө экономикалык туруксуздук, акыркы он жыл аралыгындагы коомдун патриархалдашуусунун өсүшү гендердик тең салмактуулуктун жоктугунун бирден бир себеби катары айтылып келет. БУУ өзүнүн буга чейинки аялдар укугуна байланыштуу декларациясында, мамлекеттин узак убакыт бою аялдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону жетиштүү деңгээлде камсыз кыла албай келе жаткандыгына тынчсыздануусун билдирген.