2018: Кыргыз экономикасындагы орчундуу он факты

  • Кубатбек Чекиров
  • Би-Би-Си кыргыз кызматынын редактору, Бишкек
Манастын эстелиги

Кыргызстандын кийим тигүү тармагы өлкөнүн экономикасында алтын менен айыл чарбасынан кийинки үчүнчү орунга чыкты. Айыл чарба продукциясынын экспортунун көлөмү быйылкы жылы 600 миң тоннага жетти, бул мурдакы жылга салыштырганда кеминде 100 миң тоннага көп.

Үчтүн бири

Кыргызстандын кийим тигүү тармагы бул жылы өлкөнүн экономикасында алтын менен айыл чарбасынан кийинки үчүнчү орунга чыкты. Бул жөнүндө экономика министринин орун басары Элдар Абакиров "Кабар" агенттигинде болгон басма сөз жыйында билдирди. Анын айтымында, тигүүчүлөрдүн экспорт болгон продукциясы 8 млрд сомдон ашты. Негизги рынок 80-90 % Россия, андан кийин Казакстан болуп жатат. Кийим тигүү тармагында 200 миңден ашык жумушчу орун түзүлдү.

"Жеңилдик шарттары он жыл мурун эле түзүлгөн. Бул тармак мамлекеттин башкаруусунан кеткени чынында эле бул тармактын өнүгүшүнө чоң дем болду. Жеңилдиктер негизинен жеке ишкерлердин деңгээлинде болгон, эми юридикалык жактарга да ушундай жеңилдик түзөлү деп жатабыз",-деди Элдар Абакиров.

Айыл чарбасы: Экспорт 100 миң тоннага көбөйдү

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкө боюнча 1 жарым млн тонна картөшкө жыйналды.

Узап бараткан жылы айыл чарбасында да өсүш болду. Жыл аягына чейин Кыргызстан 600 миң тоннага айыл чарба продукциясын экспорттой турганын Айыл жана суу чарба министрлиги билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылы 500 миң тонна болгон. Экспорт негизинен ЕАЭС жана үчүнчү өлкөлөргө болуп жатат.

Бул жылы экспорттун көлөмү фасол менен пахтанын эсебинен 600 миң тоннага чыгууда. Ошол эле учурда капуста менен сабиздин экспорту 122 миң тоннадан ашты, жашылча-жемиш, жер-жемиштер дагы 60 миң тоннадан, жаңгак жана фисташка 11 миң тоннадан ашты.

Кыргыз өкмөтүнүн 2020-жылга карата айыл чарба продукциясынын экспорттук көлөмүн бир млн тоннага чыгаруу планы бар.

Тогуз айда беш миллион турист

Сүрөттүн булагы, OLIVIA HARRIS/GETTY IMAGES

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатты.

Экономикадагы жакшы тенденция байкалган дагы бир тармак туризм болду. 2018-жылдын соңку тогуз айында 5 миллион 200 миңдей турист кирди. Бул өткөн жылга салыштырганда бир миллионго көп. Бул жөнүндө Би-Би-Сиге Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди:

"Эң чоң көлөмдө келген туристтердин саны бул Өзбекстандан болуп жатат да. Мурун Казакстан, Россия болуп турчу эле. Мурун Өзбекстандан келген туристтердин саны кыйла эле аз болчу. Азыр биздин эсебибиз боюнча, ал жактан кеминде бир миллион турист келиптир. Бул абдан эле жакшы көрсөткүч".

Эксперттердин айтымында, жол каттамдарындагы ыңгайлуу шарт Өзбекстандан келген агымдын көбөйүүсүнө негизги фактор болду. Бир жылдай убакыттан бери Ташкент менен Балыкчы шаарын темир жол жана автобус каттамдары түз байланыштыра баштады.

"Русгидронун" доосу

Көйгөйлүү экономикалык долбоорлорго келсек, Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруп баштап, кийин таштап кеткен россиялык "РусГидро" компаниясы Кыргызстанга каршы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылып, ишти кароочу сот курамы бекигенин билдирди.

"РусГидро" Жогорку Нарын ГЭСин куруу боюнча макулдашуудан бир тараптуу чыгып кеткени үчүн Кыргызстанды айыптап, долбоорго салган инвестициясын соңку эки жылдан бери доолап келди.

Компаниянын башчысы Николай Шульгинов "РусГидро" Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Кыргызстанды Гаага сотуна бергенин "Ведомости" басылмасына интервью берип жатып билдирген.

"РусГидро" Кыргызстандан баш-аягы 37 миллион долларды талап кылып, карыздын үстөк пайызына көз жумууга даяр деп жатышат.

Шульгинов кыргыз өкмөтү менен конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин, бирок Кыргызстандан "конкреттүү, түшүнүктүү ишараа" болбой жатканын белгилеген.

Түгөнүп бараткан "Кумтөр", түңүлбөгөн сүйлөшүүлөр

Кыргызстандын өкмөтү "Центерра" компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча стратегиялык келишимди кайра карап чыгуу үчүн кезектеги сүйлөшүүлөрду быйыл дагы жүргүзүп, бирок тыянактуу чечимдерге дагы эле жетише албады. Соңкусу ноябрдын экинчи жарымында болду.

Сүйлөшүүлөрдүн максаты "Центеррадан" ала турган каражатты максималдуу көбөйтүү экенин Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү билдирди.

«Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 2017-жылы 11-сентябрда мурдакы өкмөт стратегиялык келишимге кол койгон. Анын шарттары биздин өкмөттү канааттандырбайт. Биз финансы каражаттарын алуу боюнча өзүбүздүн позицияны күчтөндүрүшүбүз керек. Азыркы учурда биздин талаптарды "Центерра" карап жатат»,-деди премьер-министр.

Би-Би-Си расмий эмес түрдө алган маалыматтарга караганда, Канада тарап бир эле жолку сүйлөшүүдө Сапар Исаковдун өкмөтү түзгөн келишимдеги сумманы эки эсе көбөйтүүгө көнүп бергени айтылууда. Ошондуктан өкмөт мүмкүн болушунча жогору натыйжага жетишүү аракетин көрүүдө.

Кыргыз өкмөтү «Центеррага» кандай сунуштарды бергенин премьер-министр конкреттүү айткан жок, депутаттар да сурашпады. Кыргыз тараптын позициясын күчөтүү үчүн чынында кыргыз өкмөтү сурай турган маселе көп.

Анткени башынан бери эле «Кумтөрдөгү» ишти «Центерра» өзү башкарат, кыргыз өкмөтү кенди башкаруудан четтетилген. 2011-12-жылдары парламенттик комиссия "Кумтөр" долбоорун текшерип чыгып, келишим кыргыз тараптын кызыкчылыгында эмес, кен иштеген учурдан бери өлкөгө экологиялык жана экономикалык чоң зыян келди деп бүтүм кылган. Ошондо өкмөткө «Кумтөр» долбоорун кайра карап чыгып, эки жакка тең иштеген паритеттик негиздеги биргелешкен ишкана түзүү тапшырмасы берилген. Сүйлөшүүлөр эки жыл катары менен жүрүп, токтоп калган.

Чаткалдагы чатак

Сүрөттүн булагы, facebook

Тоо-кен тармагында жергиликтүү деңгээлдеги каршылыктар быйыл күч алганы байкалат. Ноябрда Чаткал районунда кенди кайтарган милиция кызматкерлерине кол салды деген шек менен жергиликтүү он беш тургун кармалып, бир-эки айдан камакка алынды. Ошол эле убакта Терек-Сай айылында кармалган адамдарды бошотууну талап кылган митингдер өттү.

Терек-Сай айылынын тургундары "Эти-Бакыр-Терексай" ишканасы цианид колдонуучу фабрикаларды куруп, экологияга коркунуч келтирип жатканы жөнүндө бийлик органдарына арызданып келатышканы белгилүү.

"Жашыл экономика" талкуусу

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Дүйнөдө жаратылышка зыяндуу экономика боюнча Кыргызстан 136-орунда турат

Кыргызстанда быйлы жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча талаш-талкуулар жанданды. Бул темадагы негизги сөз жашыл экономика жумалыгынын учурунда жана форумдун жүрүшүндө болду.

Бул багытта бирдиктүү саясат керек деп жатышкан менен азырынча өкмөт өзүнчө, Жогорку Кеңеш өзүнчө жана ишкерлер өзүнчө программа менен чыгып жатышат.

Кыргызстандын "ачык асманы"

Сүрөттүн булагы, AIRBUS

Кардиналдуу өзгөрүүлөр бул жылы граждандык авиация тармагында болду. Жогорку Кеңеш "Ачык асман" долбоорун колдоп кабыл алды. Жаңы долбоор боюнча бардык учактарга Кыргызстандын асманында эркин каттоого жол ачылды.

"Ачык асман" долбоорунан боло турган эң биринчи өзгөрүү - билет баалары арзандайт жана учуулар коопсуз болот.

"Дүйнөдөгү чоң-чоң компаниялар бизге келет жана кире алат. Азыр сыртка биздин өзүбүздүн эле компаниялар учуп жатпайбы. Алар болсо келе элек. Чоң компаниялар өз репутациясын аябай карайт, эскилиги жеткен учактарды колдонбойт. Ошентип жүргүнчүлөрдүн учуусу коопсуз болот",-- деди Би-Би-Сиге мыйзам долбоордун автору депутат Абдувахап Нурбаев.

Алыскы туугандан - жакынкы коңшу

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

18-декабрда Ош шаарында болгон жолугушуу

Декабрдын ортосунда Ош шаарында Кыргызстан менен Ɵзбекстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда эки өлкөнүн чек аралаш аймактарынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошол жыйында эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 250 млн долларга чыкканы айтылды. Эмки максат сооданы 500 млн долларга жеткирүү экени жарыяланды.

Соңку эки жылдан бери Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы мамилелерди жакшыртуу чыңдоо аракеттери байкалууда. Он жылдан ашык убакыт бири-бирине сыртын салып келген өлкөлөр тышкы саясатында жаңы мамилени куруп башташты. Фергана өрөөнүн бөлө жайгашкан Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара маселесине байланыштуу жыл сайын ондогон чыр-чатактар катталып келген. Айрым учурда кырдаал курчуп, ок атууга чейин жеткен жаңжалдар болгон эле.

Ишкерлерди коргогон мораторий

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бизнес Кыргызстанда биринчи жолу текшерүүдөн эки жылга эс алат

Ишкерлерди текшерүүгө эки жылдык мораторийдин киргизилиши аяктап бараткан жылдагы экономикалык эң ири чечимдердин бири болуп калды. Өкмөт чечимине ылайык, ишкерликтин субъектилерин эми эки жылга чейин мамлекеттик он көзөмөл органы текшере албайт, анын ичинде Соцфонд, Мамэкотехинспекция, Мамантимонополия сыяктуу мамлекеттик көзөмөл органдары бар.