2018: Жылдызы жанган кыргызстандык спортчулар

Узап бараткан жылда Кыргызстандын спорт тармагында дагы байге менен жеңиш алып келген окуялар көп болду. Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында кыргыз спортчулары жыйырма медаль жеңип алышты. Ысык-Көлдө Үчүнчү көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өттү.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Сүрөттүн автордук укугу Sport.gov.kg
Image caption Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Жыл башында Бишкекте күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионаты болуп, анда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы командалык эсепте тарыхта алгачкы жолу биринчиликти багындырды. Грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов, эркин күрөш боюнча Муслим Евлоев алтын медал алышты. Ал эми Жоламан Шаршенбеков, Урматбек Аматов, Атабек Азисбековдор күмүш байгеге ээ болушту. Бул көрсөткүч Азия чөлкөмүндө Кыргызстандын грек-рим күрөшү жакшы нукта өнүгүп жаткандыгынан кабар берет.

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Арпачиев Сүрөттүн автордук укугу Sport.gov.kg
Image caption Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Арпачиев

"Биринчиден быйылкы жыл спорт коомчулугу үчүн, биздин спортсмендер үчүн, спортту сүйүүчүлөр үчүн, кыргыз эли үчүн жакшы жылдардан болду деп айтсак болот. Анткени быйыл жылды жыйынтыктап жатып башка жылдарга салыштырмалуу бул жыл абдан жемиштүү, байгелүү аябай жакшы жыл болду деп эсептеп жатабыз. Февраль айында чоңдор арасында күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпионатын өткөргөнбүз. Грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү. Ошол Азиянын өткөрүлүшү, даярдалышы эксперттердин айтуусу боюнча абдан жакшы деңгээлде өттү деп баа беришкен",- дейт Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канат Арпачиев.

Көзгө басар эки алтын

Жай айларында Индонезиянын Жакарта шаарында төрт жылда бир боло турган Азия оюндарында Кыргызстандын атынан 140 спортчу катышып, 20 медалга ээ болуп кайтышты. Бул көрсөткүч Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик, анткени буга чейин эң көп дегенде 12 медалга чейин гана утуп келген. Жайкы Азия оюндарында Дарья Маслова жана Төрөкан Багынбай уулу алтын байге утуп, кыргыз элин кубанычка бөлөдү.

Жеңил атлетчи Дарья Маслова Сүрөттүн автордук укугу Sport.gov.kg
Image caption Жеңил атлетчи Дарья Маслова

"Биринчи кезекте мени тарбиялаган, машыктырган агайларыма рахмат айтам. Алар болбосо биз медалга ээ болбойт элек. Ошондуктан агайларыма биринчиден ден-соолук каалайм. Албетте мен өзүмдүн жеңишимди мени колдогон, сүрөгөн кыргызстандыктарга жана ата-энеме арнайм",-дейт жеңил атлетчи Дарья Маслова.

Жайкы Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн финалдык беттеште Ирандык балбанга жеңилип калган Акжол Махмудов каталарынын үстүнөн иштеп, эмки беттеште кезиксе ута турганын айткан.

"Бүгүнкү күндө Жайкы Азия оюндарында эң эле кыйын атаандаш ирандык балбан менен финалдык беттеш болду. Күрөш мен ойлогондой жүрбөй койду эмнегедир",-деди балбан Акжол Махмудов.

Грек-рим күрөшүнүн балбандары Акжол Махмудов менен Эрбол Бакиров Сүрөттүн автордук укугу Sport.gov.kg
Image caption Грек-рим күрөшүнүн балбандары Акжол Махмудов менен Эрбол Бакиров

"Мурда бир мелдеште чогуу болгонбуз, бирок биринчи жолу килем үстүндө бир салмакка дал келип беттештик. Башка салмакка өткөндө 1-2 килограмм болсо да мааниге ээ экен. Ошондуктан физикалык, техникалык жагынан даяр болуп бираз салмакты сактап күрөшкөн жакшы экен. Менин салмагым бираз жетпей калды бул жакта".

Акжол аны ушул даражага, деңгээлге жеткирген машыктыруучу Майрамбек Ахмедов экенин, анын окуучусу болгонуна сыймыктанарын белгилейт:

"Башка машыктыруучуда болсом мындай жетишкендике жетет белем же жетпейт белем кудай билет. Мен өзүмдүн каталарымды көрдүм, эми ошолордун үстүнөн иштеп буюрса, эмки мелдештерге мындан да күчтүү болуп келем деген чоң максаттар бар".

Дүйнөгө дүңгүрөгөн көчмөндөр оюндары

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Сүрөттүн автордук укугу Sport.gov.kg
Image caption Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Дүйнөнүн сексен алты мамлекетинин башын бириктирген "Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" Ысык-Көлдө жогорку деңгээлде болуп өттү. Ага дүйнөнүн туш тарабынан спортчулар жана туристтер келип, Кыргызстан дүйнөгө дагы бир ирет даңазаланды. "Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" спорттун 37 түрү боюнча өттү.

"Ɵзгөчөлүгү жеке эле спортту эмес, ал жерде маданиятты дагы, искусствонун дагы көп нерсесин көрсөттүк. Бул дүйнөдөгү жаңы формат болуп, Кыргызстандын даңкын чыгарды. Кыргызстан ушундай оюндун автору болду деген сыяктуу жакшы маанайда өткөрдүк десек болот",-деди Канат Арпачиев.

Көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар 40 алтын, 32 күмүш, 31 коло байге утуу менен командалык эсепте биринчиликти багындырды.

Океандын ары жагында желбиреген кыргыз желеги

Кыргызстандын желегин океандын ары жагында желбиретип жүргөн, жеңилгенди билбеген жана "кыргызская пуля" (кыргыз огу) деген атка конгон Валентина Шевченкону да айта кетпесек болбос. Шевченко учурда Перуда жашайт. Жакында эле жеңил салмактагы мушкерлер арасында UFC эң мыкты мушкери аталды. Ал наамга польшалык спортчу Жоанна Енджейжик менен беттешип жеңип алгандан кийин татыктуу болду.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Сүрөттүн автордук укугу Youtube.com, screenshot
Image caption Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко

"Мен кыргызстандык жердештериме ысык салам айтам. Ошондой эле Орусия жана КМШ өлкөлөрдөгү күйөрмандарыма колдогонуңуздар үчүн ыраазылыгымды билдирем",-дейт Валентина Шевченко.

Азия кубогуна талпынган алатоолук футболчулар

Быйыл Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Тарыхта биринчи жолу Азия кубогунун финалдык беттештерине жолдомо алды.

футбол Сүрөттүн автордук укугу facebook

Курама команда буга чейин бир нече машыгуулардан өтүп, бир нече командалар менен чет өлкөлөрдө ойноп келгенин коомчулук жакшы билет. Спортчулар азыркы тапта Катар мамлекетинде акыркы машыгууларын өткөрүп жатышат. Январдын башында Бириккен Араб Эмираттарына барышат. Спорт сүйүүчүлөр Кыргызстан курама командасы Азия биринчилигинде жакшы жыйынтык көрсөтөт деген үмүт менен оюндарды чыдамсыздык менен күтүүдө.

Биринчи оюн жетинчи январда Кытай командасы менен болмокчу, андан кийин 11-январда Түштүк Корея командасы менен беттешет. Акыркы оюн Филлипин командасы менен 16-январда өтөт.

"Биз бул Азия кубогуна жолдомо алаарыбыз менен эле биздин курама командабыздын алдына бийик максаттар коюлган болчу. Муну машыктыруучуларыбыз дагы, футбол федерациянын жетекчиликтери дагы айтып келе жатышат. Мындай маанилүү мелдештерге чыккандан кийин бийик максаттарды коюп колубуздан келишинче утканга аракет көрүүдөбүз. Мунун баарын эми оюн көрсөтөт, ошентсе да оюнчуларыбыздын астында ар бир оюнда жеңишке жетип, топтон чыгуу максатын коюп жатабыз",-дейт футбол федерациясынын башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуев.

Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча 2018-жылы кыргызстандык спортчулар эл аралык спорттук, массалык иш-чараларда 415 медал жеңип алышты. Алардын ичинен 103 алтын, 114 күмүш жана 198 коло байге. (KJ)

*

Тектеш темалар