Текебаевдин абактан чыгарына канча калды?

"Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев коррупция үчүн айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев коррупция үчүн айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган

"Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев качан жатак абакка которулары талаш жаратууда. Анын жактоочулары саясатчынын тергөө абагында өткөргөн күндөрүн эске алып, Текебаев быйыл 20-мартта жатак абакка чыгышы керектигин айтып жатышат.

Бирок, ошол эле маалда, алар "жогорку жактан" мындай эсеп туура эместиги айтылганын, Текебаев быйыл эмес, араң 2020-жылга барып жатак абакка чыгарылат деген сөздөр болуп жатканына тынчсызданышууда.

"Бизге келип түшкөн маалыматтар боюнча бийликтин бийик сересинде отурган айрым адамдар Өмүрбек Чиркешовичтин абактан мартта чыгары тууралуу айтканына "туура эмес эсептеп жатышат" деп реакция жасашыптыр. 20-мартка жакын биз Текебаевдин жатак-абакка чыгышын талап кылабыз",- деди Би-Би-Сиге Текебаевдин адвокаты Искен Афиджанов.

"Ата Мекен" партиясы бул боюнча ким сөз кылганын ачыктабай, маалыматын "бейрасмий" деп атоодо.

Саясий уюмдун өкүлдөрү Жаза аткаруу кызматынан Текебаевге байланыштуу маалымат күтүп, эгер эсептөөлөрү дал келбей калса, өз эсептөөлөрүн юридикалык жактан негиздеп берүүгө даяр экенин белгилешүүдө.

Бирок ага чейин "Ата Мекен" "көзүрлөрүн" ачыктабайт.

"Эртеби-кечпи чыгам"

Абактагы "Ата Мекен" партиясынын лидеринин жатак-абакка которулушу боюнча сөздөр декабрдан тарта көтөрүлө баштады.

Өмүрбек Текебаев, анын 60 жашка толгонун куттуктаганы келген саясатчылар алдына чыгып сүйлөп, эки айдан кийин жатак абакка чыгарын айткан:

"Мен беш жыл, эки ай отурдум. Ал жерде эсептөөнүн өзгөчө ыкмасы бар. Ошону менен эсептеп отурабыз. Мен эки айдан кийин жатак абакка чыгам. Дагы бир жылдан кийин шарттуу түрдө абактан чыгам. Мен кармалгандан баштап убактылуу кармоочу жайда болдум, бардык баскычты өтүп келатам. Эртеби-кечпи чыгам".

Өмүрбек Текебаев ага карата экинчи инстанциядагы сот чечими чыкканга чейинки тергөө абагындагы күндөрүнүн ар бирин эки күнгө теңеп, жаза өтөө мөөнөтүнүн 1/3 өтөдүм деп эсептеп жатканы айтылып жатат.

Image caption Өмүрбек Текебаевдин соттук иши каршылык акциялары менен коштолуп келди.

2019-жылга чейин иштеп келген Кылмыш жаза-аткаруу кодексинин 50-беренесине ылайык, абактагы жаран жаза мөөнөтүнүн үчтөн бирин өтөгөн болсо, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланса, сот чечими менен жатак абакка которуу каралган.

"Бизде соттолгондордун ай-күнүнөн бери санай турган атайы бөлүм бар. Ар бир берененин өзүнүн убактысы бар. Мисалы, жаза өтөө мөөнөтүнүн 1/3 же 1/4 деп эсептелет. Ошол боюнча "жүрүш-турушу жакшы", "күнөөсүн мойнуна алды", "оңолуу жолунда келе жатат" деп мекеме жетекчиси атайы кагазды Атайын прокуратурага берет. Прокуратура Жаза аткаруу кызматы күндөрдү туура эсептегенин тактап, анан аны сотко жолдойт. Сот жаранды жатак абакка кое берүү керекпи же жокпу чечет",-деди Би-Би-Сиге Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматкери Элеонора Сабатарова.

ЖАМК: Текебаев 2020-жылдын февралында жатак абагына чыгат

"Ата Мекен" партиясы "Өмүрбек Текебаев 2020-жылы жатак абакка чыгат деген сөздөр" эми гана пайда болду дегени менен, былтыр Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев 2020-жылдын февраль айында жатак абагына чыгарыларын айткан:

Image caption Жаза аткаруу кызматынын башчысы Таалайбек Жапаров

"Текебаев абакта тартипти бузбаса, 2020-жылы жатак абагына чыкканга мүмкүнчүлүгү бар. Кайсы айда чыгарын өзүнчө эсептеп чыгуу керек. Мен сизге болжол менен айтайын, февраль айында жатак абагына чыгат. Жатак абагындагы шартка ылайык, ал келишимдин негизинде эмгектенсе болот. Атап айтканда, абакка жатпай эле үйүнө түнөп же юридикалык фирма менен келишим түзсө, алар берген жайга жата алат. Ал эми жатак абагына болсо жумасына бир жолу келип, каттоодон өтүп турса болот".

Жаңы кодекс, жаңы эреже

Тактоочу дагы бир жагдай, Текебаевдин жактоочулары ал эсептөөлөрүн эски же 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы Кылмыш жаза-аткаруу кодексинин негизинде эсептедиби?

Себеби, соттук реформа алкагында Кыргызстанда 2019-жылдан тарта Кылмыш кодекси, Кылмыш-процессуалдык кодекси, Кылмыш-аткаруу кодекси, Жазык тууралуу кодекстеринин жаңы редакциялары күчүнө кирди.

"Өмүрбек Чиркешовичтики "коррупция" деген берене. Жаңы кодексте ал берене боюнча да эркинен ажыратуу мөөнөтү кыскарды. Буга чейин 12ден 20 жылга чейин делсе, азыркысы жаңылбасам 12ден 15 жылга чейин делди. Эми ошол мөөнөттүн баары кайрадан эсептелинет. Беренелердин санкциялары кыскарганда, жаза өтөө мөөнөтү сөзсүз кайра эсептелинип чыгат. Себеби жаңы редакцияга ылайык, соттолгон адамдын акыбалы жеңилдеп жатса, мыйзамдын артка кетүүчү күчү бар. Ошондой болгондо абактагы бир топ адамдардын мөөнөттөрү кыскарат", - деди Би-Би-Сиге Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.

Image caption Архив сүрөт: мурдагы сот отурумдары.

"Ата-Мекен" партиясынын лидери Текебаев "Мегаком" компаниясынын жетекчилигине кошуп берүү убадасы менен орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталып, Маевскийдин көрсөтмөсү менен 2017-жылдын февраль айынын аягында камакка алынган. Кийин Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир миллион доллар пара алуу иши боюнча Текебаевди күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган.

Соттук жараяндын жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, аны жалган жалаа жана саясий куугунтук деп билдирген.

Текебаевдин иши кийинчерээк Бишкек шаардык сотунда, андан соң Жогорку сотто да каралып, райондук соттун чечими күчүндө калтырылган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар