Создуккан ырайым, көшөргөн Текебаев

Өмүрбек Текебаев бүгүн кайрадан №47 абакка кайтарылды Сүрөттүн автордук укугу Photo by Nezir Aliyev/Anadolu Agency/Getty Images
Image caption Өмүрбек Текебаев бүгүн кайрадан №47 абакка кайтарылды

Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин боштондукка чыгуу маселеси укуктук жактан чиеленишип барат.

Талдоочулар президенттен жеке өзү ырайым сурап, абактан чыгуу Текебаев үчүн ылайыксыз экенин айтышууда. Себеби, андай шартта ал күнөөсүн мойнуна алган болот.

Бирок бийлик дагы өтө чоң саясий жүрүштөргө чебер деп саналган Текебаевди саясий туткун катары толук актап, парламенттик шайлоо алдында тобокелчиликке баргысы келбеген өңдүү.

Ооруканадагы бир ай

Улуттук кардиология борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев бүгүн кайрадан №47 абакка кайтарылды.

Өмүрбек Текебаев ооруканага 13-декабрда түшүп, дээрлик бир ай даарыланды. Бул убакыт аралыгында ал 60 жылдыгын тосуп, аны куттуктап келген саясатчылар алдына чыгып сүйлөп, жатак абакка чыгуу мөөнөтү тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Ал арада экс-президент Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин алты фракциянын жетекчилери Текебаевге ырайым берүүнү сурап президентке кайрылышты.

Мындан улам коомчулукта Текебаев жакында бошотулат деген ишеним пайда болуп, бирок жаңы жылдан тарта саясатчыга ырайым кылуу жана аны жатак абакка чыгаруу мөөнөтү боюнча талаштуу жагдайлар пайда болду.

"Азыр Текебаевди колунун келишинче 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоого кое бербөө аракеттерин көрүп жатышат. Себеби ал парламенттик шайлоого барса, алданеме болуп кетет дешет. Учурда Өмүрбек Чиркешовичтин рейтинги өтө жогору болуп турат",- дейт Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджанов.

8-январда ооруканада жаткан Өмурбек Текебаевге Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү келип, президенттик аппарат экс-президент Роза Отунбаева менен алты фракция лидери Текебаевге ырайым берүү тууралуу кайрылуусун аталган кызматка жолдошконун, алар өз кезегинде "сиздин ырайым суроо укугуңуз бар экенин айтып коелу дегенбиз" деп "эскертип" кетишкенин "Ата Мекен" партиясы жар салды.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Президенттик аппарат ЖАМКга жолдогон кат

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова ЖАМК атынан келген жетекчилик өкүлүнүн аты-жөнүн Би-Би-Сиге тактап бере алган жок, бирок президенттик аппараттын бул тууралуу ЖАМКга жолдогон катынын көчүрмөсү делген кагаз менен бөлүштү.

"Президентти кокологон болбойт"

Текебаевдин жактоочулары мыйзам боюнча президент соттолгон адамдын макулдугу жок эле ырайым берүүгө укуктуу экенин айтышып, маселени президенттин саясий эркине барып такап жатышат.

Бирок бул президентке кысым көрсөткөнгө барабар, дейт укук коргоочу, мурдагы Омбудсмен Турсунбек Акун:

Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption "Отунбаева баш болуп, жетөө биригип алып президентти коколоп: "Текебаевге ырайым бересиң" деп атышат"

"Ырайымды Отунбаева сураса да кечиримдүү, ал бийликтен кеткен адам. Бирок бийликтин, мыйзам чыгаруунун чок ортосунда турган алты фракциянын жетекчилерине мен таң калып атам. Алар мыйзамды билип туруп анан саясатка ойноп атат. Мыйзам ага жол бербесе да, Отунбаева баш болуп, жетөө биригип алып президентти коколоп: "Текебаевге ырайым бересиң" деп атышат. Бул президентке кысым көрсөтүү болуп атпайбы".

Турсунбек Акун учурдагы бийлик Текебаев маселесин мыйзам чегинде чечкени жаткандыгын жана аны саясатташтыруунун кажети жок экендигин айтты. Ошондой эле мурдагы Омбудсмен "Ата Мекен" лидери боштондукка чыкса, ал бийликтин эмес, ириде, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин гана "баш оорусуна" айланат деп кошумчалай кетти.

Шайлоо-2020

Ошентсе да талдоочулар өлкөдөгү саясий күчтөр кийинки жылы өтө турган президенттик шайлоого камылга жасап, чечимдерин жана аракеттерин ага ылайыкташтыра баштаганын айтышууда.

"Шайлоого чейин жана шайлоого катышуу боюнча Текебаевдин укуктук жактан алганда мүмкүнчүлүгү чектелүү. Бирок ал эркиндикке чыккан болсо, өзү партиялык тизмеге кирбесе дагы жол башчы катары партияны уюштуруп, алдыга алып чыкканга чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Текебаев камакта болсо да, анын партиясы чачырап кеткен жок. Саясий талааны карай турган болсок, "Республиканын" жагдайы татаал, КСДП ич ара бөлүнүп-жарылып жатканда "Ата Мекендин" шансы бир топ жогору тургандай болуп турат ", - дейт саясат талдоочу Айданбек Акмат уулу.

Бирок чынында Текебаевдин саясаттагы азыркы аброю жана ал жетектеген "Ата Мекен" партиясынын бедели менен дымагы канчалык? Жакынкы эле парламенттик шайлоолорго саресеп салалы:

Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO
Image caption "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев

2010-жылы өткөн парламенттик шайлоодо БШКнын эсептөөсу боюнча "Ата Мекен"жеңишке жеткен беш партиянын эң акыркыларынан болуп, жалпы добуштардын 5,06% гана ээ болгон.

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо дагы партия парламентке өткөн алты партиянын акыркылары болуп илинип, 7,91% алган.

"Текебаевдин ресурстары чектелүү экенин буга чейинки шайлоолор көрсөтпөдүбү. Бирок бул өтө чоң саясий маневрларды жүргүзгөн, элди мобилдештирүүгө дарамети бар. Ал көп компроматтарды чукуп чыгып, ошол бийликтин жанында жүргөн эң жакын кишилердин бири эле да. Көп нерсени билчү, анан ал саясатта эркин оппозиция болуп кете турган болсо, өзү барбаса да бийликке оппонент болгон бирөөгө жан тартып, күчтөндүрүп бийликке чоң коркунуч келтирет эле да", - деген эле саясат талдоочу Сейтек Качкынбай президенттик шайлоонун алдында айткан сөзүндө.

Эске алуучу дагы бир маанилүү жагдай, президент Сооронбай Жээнбеков былтыр демилгелеген, бирок парламент тарабынан кабыл алына элек "Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясында" президенттик жана депутататтык талапкерлерге талаптар жаңыртылган. Алалы, оор кылмыштар боюнча соттолгон адамдар, соттолгондугу жоюлгандан 10 жыл өткөндөн кийин гана саясатка кайтып келүү укугу бар.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар