Көк бөрү: тайказан талашы кандай чечилет?

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Сүрөттүн автордук укугу SPORT.GOV.KG
Image caption Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Улак тартыш дүйнөлүк масштабга чыга турган болсо, анда тайказан колдонулабы же жокпу деген талаш күчөдү. Эл аралык Көк бөрү федерациясынын эрежеси боюнча оюн тай казан менен ойнолот. Ал эми Көкпар федерациясы тай казансыз оюн эрежесин сунуштап жатат.

9-10-январь күндөрү Эл аралык көкбөрү федерациясынын кезектеги конгресси өтүп, анда ушул жылы Өзбекстанда өтө турган Дүйнө чемпионатынын регламенти бекитилип, бирдиктүү эреже, жол жобого токтолушу керек эле. Бирок кайчы пикир, талаштан улам андай бүтүмгө келишпегени айтылууда. Бул маселе эми Астанада өтчү жыйында каралышы күтүлдүүдө.

Буларды да угуп же окусаңыз болот:

Тай казан талашынын күңгөй-тескейин "Көкбөрү" федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов жана аталган федерациянын мурдагы президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин катышуусунда талкуулайбыз.

Талкууда бул чуулу маселенин чоо-жайы жана ал тууралуу блог жазган журналист Самат Жумакадыровдун аргументтери да айтылды. Бир канча элдерге данакер, улуттардын ынтымагына көпүрө болот деген ат оюну маал-маалы менен ар кандай талаштарга жем таштап келе жатканы да кеп болот.

Талкуунуну толугу менен бул жерден көрүңүз:

Тектеш темалар