Аял болуу бактысы: феминисткадан жети кеңеш

"Аял болуу бактысы" китебинин автору Кейтлин Моран
Image caption "Аял болуу бактысы" китебинин автору Кейтлин Моран

Аял болуу деген өзү эмне, эң башкысы кантип бактылуу аял болуш керек? Зордук-зомбулукту тыюу жана эмгек акыдагы теңсиздикти жоюу боюнча аялдардын күрөшү жүрүп жаткан биздин коомдо бул тема өзгөчө актуалдуу болуп жатат.

2011-жылы жарык көргөн "Аял болуу бактысы" китебинин автору, аталган тема боюнча британ журналистикасындагы белгилүү адис Кейтлин Моран Би-Би-Си менен өзүнүн тажрыйбасын бөлүштү.

1. Көйгөйдү өзүң түшүн, өзүң чеч

Кейтлин 15 жашында эле феминист болуп баштаган. Ал "Аял-евнух" китеби тууралуу укканда аны өтө бир одоно адепсиз нерсе деп ойлоп, бирок баары бир аны китепканадан таап, казып окуп чыккан.

"Жермен Грир эң башкысы сен феминист катары бардык нерсени өзүң түшүн дегенди айтып жатат",- деди Кейтлин.

"Феминизм- эрежелердин тизмеси эмес, ыкмалардын топтому. Бул сенин жашооңдо жаралган көйгөйлөрдүн себебин аныктоо жана аны чечүү үчүн логикалык ой жүгүртүү", - дейт азыр жашоодон кагылып согулган Кейтлин.

Image caption Феминизм- эрежелердин тизмеси эмес, ыкмалардын топтому

2. Жакшы өбүшкөн эмес, жакшы баарлашкан жигит тап

Кейтлин Вулверхэмптондо жашап жүргөндө жигиттерден жолу болгон эмес. Өспүрүм курагында Лондонго көчүп келип, жигиттер менен мамиле курууну үйрөнүүнү чечкен.

"Ошол убактагы мен үчүн болгон чоң тажрыйба, сен аны өп дейсиң, ал аткарат", - дейт жазуучу.

Бирок бара-бара баарынан жакшы өбүшкөндөр сүйлөшкөндөн да жадабай турганын түшүндү: "Алар сага кулак салып, чер жазып сүйлөшөт".

Сүрөттүн автордук укугу Science Photo Library
Image caption Кейтлин музыкалык журналда башталгыч журналист болуп жүргөндө жетекчиси андан тизесине отурууну суранган

3. Сексизмди аныктоочу жөнөкөй суроо

Кейтлин музыкалык журналда жаңыдан журналист болуп жүргөндө жетекчиси андан тизесине отурууну суранган. Мындай жорукка ал катуу нааразы болгон.

"Кимдир бирөө сексуалдык максатта жабышып же тийишип баштаганда оюң бөлүнүп, эмне болуп жатканын түшүнбөй каласың. Ар кандай ой кетет. Мындай учурда өзүңө эркектерде дагы ушундай болобу деген суроону узат . Эгер "жок" десең, анда сексизм болуп жатат дей бер ",- дейт журналист.

Сүрөттүн автордук укугу SPL
Image caption Кейтлин кыздар жигити менен бактылуу болгон учурда мамилесин көп ачыктабай калаарын байкаган

4. Жигитиң жөнүндө кечке айта бербе

Кейтлиндин айтымында, анын биринчи жигити жалкоо жана мүнөзү оор болгон. Ал рок-группада ойночу, ал эми мындан Кейтлин дайыма кыйналчу.

Өзүн өтө бактысыз сезген Кейтлин күн-түн дебей эле жигити тууралуу сүйлөшүп калган. Ал бул маселени эжеси менен телефон аркылуу бир нече саатка чейин талкуулачу.

Кейтлин кыздар бактылуу болгон учурда жигити жөнүндө сөз түгөнөрүн байкаган.

"Жарым жылдай дайыны билинбей калат. Анын жайнаган көздөрү менен бир-эки килограммга толуп чыга келет. Сен бактысыз болгондо гана мамилең тууралуу көп-көп айтып турасың",- дейт ал.

Сүрөттүн автордук укугу MELODIE JENG/GETTY
Image caption Мода- эң жөнөкөй эрежелерди колдонуңуз

5. Мода: эң жөнөкөй эрежелерди кармаңыз

а) Леопард принти - бул нейтралдуу принт.

б) Кара калың колготки жана ботильон менен кийгенге ылайыктуу кийимдердин баарын кийсеңиз болот.

в) Канцелярдык чаптагыч лента (скотч) колготкинин жыртыгын жакшы бүтөй албайт.

г) Бул эреже өзүнчө автордук түшүндүрмөгө муктаж. Химиялык тазалоону талап кылган эч нерсе сатып алба.

"Эгер сиз жууса болбой турган кооз кийимди көрүп калсаңыз, анда акчаңызды коротпой эле кете бериңиз", - дейт Кейтлин.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Британияда үйлөнүү үлпөтүн өткөрүү үчүн орто эсеп менен 31 миң фунт кетет

6. Үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө акча жокпу? Тойду качан болбосун өткөрсө болот

Үйлөнүү үлпөтүндөгү башкы маселе-каражат. Аны башкача жол менен чечүүгө эмнеге болбосун.

"Британияда үйлөнүү үлпөтүн өткөрүү үчүн орто эсеп менен 31 миң фунт кетет. Бул 20 миң доллардан ашык каражат. Үлпөт үчүн алынган ипотеканы 60 же 70 жашка келгенде араң төлөп бүтүшүбүз ыктымал. Андыктан муну кийинкиге жылдырып туруу маанилүү", - деди Кейтлин.

Сүрөттүн автордук укугу Правообладатель иллюстрации FRANK S. BAUER / BARCR
Image caption Жашоонун ырахатын көрүү үчүн өзүңдүн укуктарыңды пайдалан бил

7. Көр оокатка кейибе, ырахаттанып жаша

"Толуп кетүү, көп түктүүлүк, эски мода, бетке ысык чыгуу, жагымсыз жыт, чарчоо - мунун бардыгын чечсе болот", - дейт автор.

Аялдар жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн көп убакыт жана акча керек деп ойлошот.

Бирок Кейтлин өзүнүн тажрыйбасына карап, аялдарды турмуштун быкы-чыкы түйшүгүнүн басындысында калбай, чечкиндүү болууга чакырат.

Феминизмдин азыркы толкунунда аялдар укуктарына элдин көңүлүн буруш үчүн Эмили Девисон сыяктуу королдук аргымактын алдына жыгылыштын кереги жок, дейт Кейтлин. Андан көрө өзүңдүн бактылуу жашоого укугуңдан пайдалан. Ал үчүн майда-чүйдө маселеге күн сайын кейип-кепчибей, каткырып, куунак жаша. (VA)

Тектеш темалар