Референдум урааны оппозициялык блок курабы?

Кыргызстандагы коомдук-саясий айрым күчтөр конституциялык реформаны демилгелеп, 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоого чейин өлкөнүн башкаруу формасын так аныктап алууну сунуштап жатышат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "2010-жылы өткөн референдумда "Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн" чечими кабыл алынган

Конституциялык реформа идеясы өлкөдөгү саясий күчтөрдүн башын бириктирип, жакында саясатта динамика өзгөрөт деген жоромолдор айтылууда.

Де-юро - парламенттик, де-факто - президенттик

Кыргызстандагы коомдук-саясий жана мекенчил күчтөр Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгечи топ түзүп, "Референдум дайындоо жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Аны ишке ашыруу үчүн демилгечи топ түзүлүп, аны жарандык активист Айбек Бусурманкулов жетектеди.

"2020-жылга чейин реформаларга барбасак, баягы эле туңгуюкка кептелебиз. Ошол эле партиялык тизме менен шайлоо өтөт. Президент менен премьер-министрдин жоопкерчиликтери ошондой эле чаржайыт кала берет. Президент азыр кайсыл бийликте турат: аткаруубу же кайсынысы? Азыркы Баш мыйзамда жоопкерчиликтер так аныкталган эмес. Парламенттик башкаруу деп атабыз, иш жүзүндө президенттик эле болуп калып жатпайбы. Ошонун баарын жөнгө сала турган бул Конституциялык реформа. Баягы эле боткого кептелип калбайбы деп, шайлоого чейин кескин реформага баралы деп атабыз",- деди ал Би-Би-Сиге.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Эгемендүү Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынышына быйыл 26 жашка толот

Айбек Бусурманкулов референдумга "конституциялык реформа керекпи, мамлекеттик башкаруунун кайсы түрүн колдойсуң, парламенттикпи же президенттикпи" , "Элдик курултай институтун элдик бийлик катары киргизүү" жана "Жогорку Кеңештин депутаттарын кандай шайлоо системасы менен шайланышын колдойсуң" деген үч суроону коюу ниеттелип жатканын билдирди.

Жаңы иштелип чыккан мыйзам долбоорунда референдумду ушул жылдын 24-ноябрына белгилөө сунуш кылынган. Жогорку Кеңешке бул тууралуу сунуш киргизүү үчүн учурда долбоорго кол топтоо жүрүп жатат.

"Конституция өзгөрбөйт"

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси былтыртан тарта козголо баштады.

Соңку жолу мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн кыргыз парламентинин 80 жылдыгына карата мааракеде, Жогорку Кеңештин "легендарлуу парламент" аттуу чакырылышынын төрагасы Медеткан Шеримкулов Конституциялык реформанын зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүп, парламенттин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев да аны кубаттаган.

Бирок президент ал иш-чарада Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы позицияда экенин деп так айткан:

"2010-жылы референдум аркылуу "Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн" деп элибиз добуш берген. Элдин ошол чечимине карабай, 2016-жылы Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүүгө жол берилди. Ошондуктан, 2010-жылдагы окуяларды эстеп, элдин эркин сыйлап, Баш мыйзамыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм".

Сүрөттүн автордук укугу Anadolu Agency
Image caption Баш мыйзам соңку жолу 2016-жылы өткөн референдумда өзгөртүлгөн

Ошол эле убакта президент Сооронбай Жээнбеков, өлкө парламенттик башкаруу менен кетерин да дайым кайталап келет. Бул сөзүн президент Европага болгон алгачкы сапарында, Жогорку Кеңеште, 2040 Өнүгүү стратегиясын талкуулоо учурунда да айткан.

"Мен үч жолку чакырылышта депутат болуп, көп мамлекеттерди көрдүм. Түркия, Германия мамлекеттери парламенттик жол менен туруктуу өнүгүп, туруктуу кармалып калган. Мен президенттик мамлекет болгондорду да анализдеп көргөм. Алар бир өнүгүп, бир артка кетип, ар кандай жолду издеп жүрүшөт. Биздин келечегибиз - парламенттик мамлекет. Мен президентиктик, авторитардык-үйбүлөлүк башкарууга жол бербейм".

Президент мөөнөтү бүткүчөктү парламенттик башкарууну бекемдеп, ушул системаны иштетүү убадасын байма-бай берип келгени менен, талдоочулар өлкө лидери бул жатта конкреттүү иш кыла элек экенин белгилешүүдө.

"Өзүм билемдик саясат жүрүп жатат"

Ал арада байкоочулар бийлик сыртын салып келген өлкөдөгү айрым саясий күчтөр конституциялык реформа идеясынын тегерегинде топтолуп, чоң оппозициялык күч пайда болуп кетиш мүмкүндүгүн айтышууда.

Алалы, жаңы жылдан кийин Текебаевге ырайым берүү маселеси "Ата Мекен" ойлогондой чыкпай, эми партия лидеринин качан жатак абактан чыгышы да суроо жаратып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Өмүрбек Текебаев өзү быйыл мартта жатак абакка чыгарын айтса, Жаза аткаруу кызматы ал 2020-жылы февралда жатак абакка чыгат деген

Мындан тышкары "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бийликтин тилин таба албай, ал эми Адахан Мадумаров камактагы Өмүрбек Текебаев менен саясий биригүүгө барары айтылып жатат.

Бийлик саясий күчтөрдү өзүнө тартпай, өзүм билемдик саясат жүрүп жатат, дейт саясатчы Айбек Бусурманкулов:

"Ушундай шартта "төрт-беш фронт менен күрөшөм" дегендей болуп атат. Атамбаевдин, Текебаевдин, Мадумаровдун, Бабановдун фронту менен күрөшөбү? Курултайды өткөргөн саясий күчтөргө деле көңүлкош мамилеси - бийликтин кемчилиги жана ал жакшылыкка алып келбейт. Кооптуу жагы - жогоруда аты аталган төрт-бешке бөлүнгөн саясий топтордун биригип кетүүсү бийликке чоң коркунучтарды алып келүүсү мүмкүн".

"Саясатта динамика өзгөрүшү мүмкүн"

Бийликке келгенине бир жылдан ашкан Жээнбековдун командасы КСДП ичиндеги айрым саясий күчтөрдөн тышкары ким менен ымалалаш болуп жатканы бүдөмүк.

Атамбаев-Жээнбеков тирешин эске алганда, келерки парламенттик шайлоого бийликтеги партия КСДП кимдин жетегинде бараары дагы белгисиз болуп жатат.

"Буга чейин Атамбаев бийликте турганда оппозиция делген кишилердин баары азыр Жээнбековдун көңүлүн издегенсип, досчул мамиле кылып жатышат деген ойдо окшойт. Текебаев түрмөдө болсо, Бабанов сыртта болсо, парламенттеги кичинекей "Ата Мекен" фракциясынын колунан эч нерсе келбесе. Мадумаров бир жалгыз өзү, парламентте да күчү жок, жалгыз баатыр деген түшүнүктөр болуп жатат болуш керек. Менимче, бул адашкандык. Эгер мындай жүрө бере турган болсо, Кыргызстанда динамика өтө бат өзгөрөт. Мунун биз ошол эле Текебаевдин 60 жылдыгына саясатчылар барышкан үлпөттөн байкап койсок болот",- дейт серепчи Эмилбек Жураев.

Ошентип бийликке оппозиция болчу күчтөр акырындап дааналана баштаганы менен, бийлик өзү таянчу күчтөр белгисиз болуп жатат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар